Загрузка документа…
4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы№ 49 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Жобо турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) системасында тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу тартибин белгилейт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу милдеттүү камсыздандыруу системасында тартылган төмөнкү мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга жайылтылат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууга лицензиясы бар мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна (мындан ары - камсыздандыруучу);
- камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Мамфинкөзөмөл);
- жарандык коргонуу, өрт жана радиациялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ӨКМ);
- "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн Жарандык коргонуу боюнча комиссияга (мындан ары - Жарандык коргонуу боюнча комиссия);
- шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Мамкурулуш);
- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Мамкаттоо);
- көз карандысыз экспертке (мындан ары - баалоочу).
3. Мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын негизги милдети милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу үчүн өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу болуп саналат.
4. Мамфинкөзөмөл:
- милдеттүү камсыздандыруу системасында тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону ишке ашырат;
- милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чектерде берет;
- камсыздандыруучунун маалымат базасын милдеттүү камсыздандыруу системасында аракеттенген бардык кызыкдар органдарынын маалымат базалары менен интеграциялоону уюштурат;
- өз компетенциясынын чегинде милдеттүү камсыздандыруу боюнча керектүү маалыматтарды сурап алат.
5. ӨКМ:
- камсыздандыруучунун суроо-талабы (арызы) берилген учурдан 10 иш күндүн ичинде өрт болгон фактысы боюнча атайын корутунду берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген компетенциясынын чегинде камсыздандыруу окуясы болгон жерде камсыздандыруучунун өкүлдөрү (же алардын ыйгарым укуктуу адамдары) менен биргеликте камсыздандыруу окуясынын себептерин жана анын кесепеттерин териштирүү боюнча өз ара аракеттерди жүргүзөт.
6. Жарандык коргоо боюнча комиссия:
- камсыздандыруу окуясынын себептерин жана кесепеттерин териштирүү боюнча ишти уюштурат;
- камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) тиешелүү суроо-талабы боюнча камсыздандыруу окуясынын себептерин жана кесепеттерин текшерүү актысын берет.
7. Мамкурулуш:
- камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун), Мамфинкөзөмөлдүн суроо-талабы боюнча авариялардын жана турак жай кулагандыгынын себептерин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча корутундуну жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка маалыматты берет.
8. МКК:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген өз компетенциясынын чегинде тиешелүү суроо-талап боюнча камсыздандыруучуга, Мамфинкөзөмөлгө мамлекеттик каттоодон өткөн турак жайлар жөнүндө маалыматты берет;
- камсыздандыруучунун суроо-талабы боюнча маалымат берүү окуясындагы анык укуктары жана турак жайга болгон чектөөлөр (түйшүк тартуулар) тууралуу маалыматтарды берет.
9. Баалоочу берилген ыйгарым укуктардын чегинде тиешелүү суроо-талап боюнча камсыздандыруучуга төмөнкү маалыматты берет:
- турак жайлардын бузулушунун өлчөмүн жана даражасын баалоо боюнча;
- турак жайлардын техникалык абалы боюнча;
- камсыздандыруу окуясынын иш жүзүндөгү жагдайларын баалоо боюнча.
10. Камсыздандыруучу:
- ӨКМдин, Жарандык коргоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү менен бирге, турак жайлардын бузулуу жана кыйроо фактысын фиксациялоого катышат;
- милдеттүү камсыздандыруу системасында аракеттенген уюмдардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтарды сурап алат;
- тиешелүү суроо-талаптар боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген компетенциясынын чегинде милдеттүү камсыздандыруу системасында аракеттенген мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматты берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген компетенциясынын чегинде, камсыздандыруу окуясы болгон жерде аракеттенип жаткан Жарандык коргоо боюнча комиссиянын, ӨКМдин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
11. Ушул Жободо көрсөтүлгөн тиешелүү маалыматты алуу жана тариздөө үчүн милдеттүү камсыздандыруу системасында аракеттенген мамлекеттик органдар жана башка уюмдар, бул Жободо түз көрсөтүлбөгөн учурларда тиешелүү уюмга суроо-талап менен жазуу жүзүндө же/жана электрондук арыз же суроо талап берүү аркылуу кайрылат.
12. Милдеттүү камсыздандыруу системасында аракеттенген мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын жооптуу кызматкерлери сураган маалыматты өздөрүнүн компетенциясынын чегинде берет.
13. Сураган маалыматты кагаз түрүндө берүү, милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар регламенттебеген учурларда, суроо-талап түшкөн учурдан беш жумушчу күнгө чейин жүзөгө ашырылат.
14. Сураган маалыматты электрондук түрдө берүү, милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар регламенттебеген учурларда, суроо-талап түшкөн учурдан эки жумушчу күнгө чейин жүзөгө ашырылат.
15. Ушул Жобону регламенттеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу аракети жасалган учурда милдеттүү камсыздандыруу системасында аракеттенген мамлекеттик органдын жана башка уюмдардын жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарты