Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 59
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 10-июлу, № 63) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана репродуктивдик ден соолукту коргоого карата жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын кызыктар болгон жана жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталган.";
3) 2-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-10-пункттар менен толукталсын:
"5) ведомстволор аралык координацияны ишке ашырат, жыныстык жана жаш өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жана сактоо маселелери боюнча стандарттарды иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү камсыз кылат;
6) жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жана сактоо системасын өнүктүрүү жана үй-бүлөнү пландоо боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча чараларды аныктайт;
7) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук жаатындагы маалыматтык жана агартуу ишин камсыз кылат;
8) саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө контроль жүргүзөт;
9) хирургиялык стерилдештирүү, кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу, жыныстык клеткалардын донору болуу жана аларды сактоо, көмөкчү репродуктивдик методдор менен технологияларды колдонуу тартибин жана шарттарын аныктайт;
10) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук чөйрөсүндө иштеген адистердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат.";
5) 7-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 22-берененин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.