КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-июлу № 336
Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2024-жылдын 27-августундагы № 519, 2025-жылдын 12-мартындагы № 128, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286, 2026-жылдын 30-июлундагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү уюмдарынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттары ушул токтомдун 1, 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
2. Каржылоонун ченемдик принцибине өткөрүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын административдик-чарбалык кызматкерлеринин штаттык санын түзүү окуучулардын санына, мектептердин тиби, окутуунун баскычтары, уюмдун жайгашкан жери боюнча ар бир окуучуга бюджеттик каржылоонун ченемдерине жараша эсептелип, бекитилген бюджеттин чектеринде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
2.1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 514 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлеринин тийиштүү окуу жылына карата штаттык расписаниеси жана тарифтик тизмеси билим берүү жана финансы башкармалыктарынын аймактык органдары менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча бекитилет деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 582 "Жалпы билим берүү уюмдарынын башталгыч класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу чаралары жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-октябрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 842 "Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4 (башталгыч) класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу чаралары жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
1-тиркеме
Жалпы билим берүү уюмдарынын БОЛЖОЛДУУ ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519, 2025-жылдын 12-мартындагы № 128, 2026-жылдын 30-июлундагы № 514 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кызмат орундарынын аталыштары | Окуучулардын санына жараша штаттык бирдиктердин (ставкасынын) саны |
| |||||||||
| 100гө чейин | 101-225 | 226-275 | 276-450 | 451-550 | 551-775 | 776-990 | 991-1999 | 2000-2500 | 2500 ашык |
|
Директор | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|
Директордун окутуу, окуу-тарбия иштери боюнча орун басары | - | 0,5 | 0,5 | 0,75 | 1 | 1 | 1,5 | 2 | 2,5 | 3 |
|
Директордун чарба иштери боюнча орун басары (чарба башчысы) | - | - | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|
Башкы бухгалтер (борборлоштурулган бухгалтерия тарабынан тейленбеген мектептерде) | - | - | 0,5 | 0,5 | 0,75 | 1,0 | 1,25 | 1,5 | 1,5 | 1,5 |
|
Балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу | - | 0,25 | 0,25 | 0,5 | 0,75 | 1,0 | 1,25 | 1,25 | 1,25 | 1,25 |
|
Лаборант | - | - | 0,25 | 0,25 | 0,5 | 1,0 | 1,5 | 1,5 | 2,0 | 2,0 |
|
Китепканачы | - | - | 0,5 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 |
|
Социалдык педагог | - | 0,25 | 0,25 | 0,5 | 0,75 | 1,0 | 1,25 | 1,25 | 1,5 | 1,5 |
|
Катчы | - | - | - | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|
Имаратты, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана учурдагы ондоо иштери боюнча кызматкер (электрик, сантехник ж.б.) | - | - | - | 0,5 | 0,5 | 1,0 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 1,5 |
|
Психолог | 0,25 | 0,25 | 0,25 | 0,5 | 0,5 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | |
Эскертүү:
1. Директордун чарба иштери боюнча орун басарынын кызмат орду өзүнүн буу казаны же мектеп-интернат болгон учурда киргизилет, калган бардык учурларда чарба башчысынын кызмат орду киргизилет.
2. Башкы бухгалтердин кызмат орду өз алдынча эсеп жүргүзгөн жалпы билим берүү мектептеринде киргизилет. Эгерде, мектепте коммерциялык иштерден жана акы төлөмө билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн киреше болсо, анда мектептин башкы бухгалтеринин кызмат орду ушул иштин эсебинен киргизилиши мүмкүн.
3. Лаборанттын кызмат орду 7-9, 10-11-класстардагы жабдылган лабораториялар болгон учурда киргизилет.
4. Катуу отундун негизинде иштеген өзүнүн буу казаны бар мектептерде жылытуу мезгилине нөөмөт менен 1 жумушчу-от жаккычтын кызмат орду киргизилет, газ менен иштеген буу казанда автоматикасы болсо нөөмөт менен бир жумушчу-оператордун кызмат орду, ал эми автоматикасы болбосо - нөөмөт менен эки штаттык бирдик киргизилет.
Электрдин негизинде иштеген буу казандарда жылытуу мезгилине нөөмөт менен бир штаттык бирдик эсебинде жумушчу-оператордун кызмат орду киргизилет. Жылытуусу борборлоштурулган болсо (туруктуу кезмет талап кылган бойлер түзүлүштөрү, жылытуу пункттары болгон учурда) жылытуу мезгилине нөөмөт менен бир штаттык бирдик эсебинде кезметчи жумушчунун кызмат орду киргизилет. Буу казандардагы жумушчулардын жалпы санынан бир штаттык бирдик жыл бою киргизилет. Меш менен жылытылган мектептерде 10 мешке бир штаттык бирдик, бирок мектепке 0,5 ставкадан кем эмес эсебинде от жаккычтын кызмат орду киргизилет.
5. Кызматтык жайларды тазалоо үчүн жумушчунун, короо тазалагычтын кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 "Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык киргизилет.
6. Мектептеги кароолчунун кызмат орду окутуу процессинин убактысын кемитүү менен нөөмөтүнө 1 бирдик эсебинде дем алыш жана майрам күндөрү ишке чыгууну көңүлгө алуу менен киргизилет.
7. Мектептердин сметаларында төмөнкүлөр каралат:
- мектепте 300 окуучуга чейин болсо - класстан тышкары дене тарбия боюнча жетекчинин 0,25 ставкасы, 301ден 400 окуучуга чейин - 0,5 ставкасы, 401ден 500 окуучуга чейин - 0,75 ставкасы, 501ден 600 окуучуга чейин - 1,0 штаттык бирдик, 601 жана андан ашык окуучуга чейин - 1,25 ставкасы, 1001ден 2000 окуучуга чейин - 2 штаттык бирдик; 2001ден 2500 окуучуга чейин - 2,5 ставкасы; 2501 жана андан ашык окуучуга - класстан тышкары дене тарбия боюнча жетекчинин 3 штаттык бирдиги;
- мектепте 300 окуучуга чейин болсо - ийримдин жетекчисинин 0,25 ставкасы, 301ден 400 окуучуга чейин - 0,5 ставкасы, 401ден 500 окуучуга чейин - 0,75 ставкасы, 501ден 600 окуучуга чейин - 1 штаттык бирдик, 601 жана андан ашык окуучуга - 1,25 ставкасы, 1001 жана андан ашык окуучуга - 2 штаттык бирдик; 2001 жана андан ашык окуучуга - 2,5 ставкасы; 2501 жана андан ашык окуучуга - ийримдин жетекчисинин 3 штаттык бирдиги.
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Күндүзгү мамлекеттик мектептердин алдындагы айрым кечки класстардын же кечки (нөөмөттүк) билим берүү мектептеринин штаттары акы төлөмө негизде бюджеттик эмес каражаттардын эсебинен камсыздалат.
10. Ыктыярдуу негизде билим берүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү берген жалпы билим берүү мектептериндеги педагогикалык кызматкерлердин, окутуу-көмөкчү, чарба жана тейлөө персоналынын кошумча штаттары болгон бюджеттик эмес каражаттардын чектеринде белгиленет.
11. Жалпы билим берүү мектептеринин алдындагы интернаттарда кошумча төмөнкү кызмат орундары каралат:
- ашпозчу:
50 окуучу болгон учурда - 1 штаттык бирдик;
100 жана андан ашык окуучу болгон учурда - 2 штаттык бирдик;
- кызматтык жайларды тазалоо үчүн жумушчу - 1 штаттык бирдик.
Жардамчы тарбиячынын кызмат орду дем алыш жана майрам күндөрү ишке чыгууну эске алуу менен 1,5 ставка эсебинде киргизилет; тарбиячылардын кызмат орундары ар бир 30 окуучуга карата 1,8 ставка эсебинде, интернатка дем алыш жана майрам күндөрү ишке чыгууну эске алуу менен 2,4 ставкадан кем эмес эсебинде киргизилет.
Интернаттын башчысы болбогон учурда интернатты башкаруу үчүн 1500 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөө каралат.
12. Жалпы билим берүү мектептериндеги ашкана жумушчусунун кызмат орду 1-4-класстардагы окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн 100 окуучуга чейин - ашкана жумушчусунун 0,5 ставкасы, кийинки ар бир 50 окуучуга - ашкана жумушчусунун 0,25 ставкасы киргизилет.
13. 1-4 (башталгыч) класстарынын окуучулары үчүн ысык тамак берүү жана нан-булочкаларын бышыруу уюштурулган жалпы билим берүү уюмдарында ашпозчунун кызмат орду төмөнкүдөй эсептөө боюнча каралган: 1-4 (башталгыч) класстарынын 100гө чейинки окуучуну тейлесе - 0,5 ставка, 1-4 (башталгыч) класстарынын кийинки ар бир 50 окуучусу үчүн - 0,25 ставка, бирок жалпы билим берүү уюмуна 3төн ашпаган штаттык бирдик.
Ашпозчулардын ставкаларын эсептөөдө 0,25ке чейин тегеректөө эрежеси колдонулат (0,13 ставкага чейин = 0 ставка, 0,13төн 0,25ке чейин = 0,25 ставка).
1-мисал. Жалпы билим берүү уюмунда ысык тамак менен 1-4 (башталгыч) классынын 125 окуучусу камсыздалган.
Бул учурда, ашпозчунун ставкасы (0,5 ставка + 0,125 ставка = 0,5 ставка) болот.
2-мисал. Жалпы билим берүү уюмдарында ысык тамак менен 1-4 (башталгыч классында) 126 окуучу камсыздалат.
Мындай учурда, ашпозчулардын ставкасы (0,5 ставка + 0,13 ставка = 0,5 ставка + 0,25 ставка = 0,75 ставка) болот.
14. Бишкек шаарында төмөнкүдөй кошумча штаттык бирдиктер каралат:
1) жалпы билим берүү уюмдарында:
- 1200ге чейин окуучу болсо - директордун тарбия иштери боюнча орун басарынын 0,5 штаттык бирдиги, 1201 жана андан ашык окуучу болсо - 1 штаттык бирдиги;
- 600гө чейин окуучу болсо - орус тилинде окутулуучу жалпы билим берүү уюмдары үчүн директордун мамлекеттик тил боюнча орун басарынын 0,5 штаттык бирдиги, 601 жана андан ашык окуучу болсо - 1 штаттык бирдиги;
- 1200ге чейин окуучу болсо - китепканачынын 0,5 штаттык бирдиги, 1201 жана андан ашык окуучу болсо - 1 штаттык бирдиги;
- 600гө чейин окуучу болсо - психологдун 0,5 штаттык бирдиги, 601 же андан ашык окуучу болсо - 1 штаттык бирдиги;
- бассейн болсо:
бассейн инструкторунун (сууда сүзүү боюнча) 2 штаттык бирдиги;
сууну химиялык жол менен тазалоочу лаборанттын 1 штаттык бирдиги;
2) адистештирилген көмөкчү мектептерде:
- директордун окуу, окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынын 0,5 штаттык бирдиги;
- ийримдин жетекчисинин 0,75 штаттык бирдиги;
- китепканачынын, психологдун, катчынын, директордун чарба иштери боюнча орун басарынын, имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчунун 1ден штаттык бирдиги;
3) окутуунун кечки формасындагы жалпы билим берүү уюмдарында:
- директордун чарба иштери боюнча орун басарынын, катчынын, имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчунун 1ден штаттык бирдиги;
4) башталгыч жана негизги жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюмунда:
- имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчунун 0,5 штаттык бирдиги;
- катчынын 0,5 штаттык бирдиги.
2-тиркеме
Мектеп-интернаттардын, жетим балдар үчүн мектеп-интернаттардын, акыл-эси жана дене боюнун өнүгүшүндө кемтиги бар балдар үчүн мектеп-интернаттардын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
Кызмат орундарынын аталыштары | Штаттык бирдиктердин (ставкасынын) саны |
Директор | 1 |
Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары | 1 |
Башкы тарбиячы | 1 |
Китепканачы | 0,5 |
Директордун башкаруу-чарбачылык иши боюнча орун басары | 1 |
Психолог | 1 |
Музыкалык жетекчи | 1 |
Лаборант | 0,5 |
Врач-педиатр | 1 |
Башкы бухгалтер | 1 |
Бухгалтер | 1 |
Секретарь-машинист | 1 |
Шеф-ашпозчу | 1 |
Ашпозчу | 2 |
Көмөкчү жумушчу | 2 |
Кампачы | 1 |
Өтүкчү | 0,5 |
Кирди жууш боюнча машинист | 1,5 |
Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчу | 1,5 |
Эскертүү:
1. Мектеп-интернаттарда класс-комплекттердин жана тарбиялануучу топтордун толушу: 1-9 класстарда - 30, 10-11-класстарда - 25 окуучу.
Интернаттык типтеги башка мекемелердин класстары жана топтору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык толукталат.
2. Тарбиячылардын саны дем алыш жана майрам күндөрү ишке чыгууну эске алуу менен бир топко: мектеп бөлүмүндө - 2,34 ставка, мектепке чейинки бөлүмүндө - 3,28 ставка белгиленет.
Бир топко тарбиячыны эсептөөдө 1 тарбиячы = жумасына 30 саат ченеми боюнча колдонулат.
3. Сүйлөө кемтиги бар 30 бала болсо логопед-мугалимдин штаттык бирдиги киргизилет.
4. Дүлөй жана угуусу начар балдар үчүн мекемелерде дефектолог-мугалимдин жана үн жабдуусун тейлөө үчүн техник-инструктордун кызмат орундары киргизилет.
Полиомиелит жана мээ шалдыгы бар балдар үчүн мекемелерде ортопеддик аппараттарды оңдоо боюнча техниктин кызмат орду каралат.
Азис балдар, полиомиелит жана мээ шалдыгы бар балдар үчүн мекемелерде кошумча - 1 көмөкчү (ашкана) жумушчу бирдиги, 10 жана андан ашык топ барда - 2 бирдиги бөлүнөт.
Атайын мектеп-интернаттарда (эси кем балдар үчүн жатак-мектептерден тышкары) 23 класс-комплекттен ашык болсо, кошумча директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынын 0,5 ставкасы киргизилет.
Интернат мекемелеринде короо тазалагычтын кызмат орду 1 гектар тазалоо аймагына 1 бирдик эсебинде белгиленет, бирок мекемеге 1 бирдиктен кем эмес.
Сүйлөөсү начар балдар үчүн атайын мекемелерде логопед-мугалимдин кызмат орду мектеп жашындагы 25 балага жана мектепке чейинки 20 балага - 1 штаттык бирдик эсебинде киргизилет.
Мектепке чейинки топтору бар интернат мекемелеринде музыкалык жетекчинин кызмат орду ар бир 1 топко 0,2 ставка эсебинде киргизилет.
5. Врач-стоматологдун жана дене-тарбия боюнча инструктордун кызмат орундары бир мекемеге 0,5 ставкадан белгиленет.
Медайымдын кызмат орду дем алыш жана майрам күндөрү ишке чыгууну эске алуу менен 2 бирдик эсебинде киргизилет, мектепке чейинки топтор жок болгон учурда - 1 бирдик. Мекемеде өзүнчө сырткы эшиги менен бөлмөсү бар изолятор болсо кошумча 3,3 медайымдын жардамчысынын бирдиги белгиленет.
6. Кызматтык жайларды тазалоо үчүн жумушчунун кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 "Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык киргизилет, ал эми азиздер (көрүүсү начар), полиомиелит жана мээ шалдыгы бар балдар үчүн мекемелерде тазалоо аймактын стандарты 20%га төмөндөшү менен короо тазалагычтын кызмат оруну каралат.
7. Түнкү кезметке тарбиячынын жардамчысынын кызмат орду 4 мектеп окуучуларынын тобуна - 1 ставка жана мектепке чейинки топко - 1,8 ставка эсебинде белгиленет, эгерде мекемеде 100дөн ашык бала болсо ар бир кабатка 2 ставкадан кем эмес.
8. Үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө тарбиячылардын саны 2,5 ставка өлчөмүндө белгиленет.
9. Интернат-мектебинде мектепке чейинки топтор болсо кошумча 0,5 ашпозчунун, көмөкчү жумушчунун жана кир жуу боюнча машинисттин ставкалары белгиленет.
10. Эки жана андан ашык мектепке чейинки топтор болсо башкы тарбиячынын 0,5 ставкасы белгиленет
11. Автотранспорт каражаттары (автобус, жүк ташуучу автомобиль, мотороллер) болгон учурда айдоочунун кызмат орду киргизилет. Көлүк болгон учурда кошчунун кызмат орду киргизилет.
12. Мекемелердин сметасында кошумча каражаттар караштырылган:
- жумуш өргүүсүндө болгон кызматкерлердин жана тарбиячылардын ордуна иштегендерге;
- ийримдердин жетекчилеринин эмгек акысын төлөөгө - 1,5 ставкасы;
- музыкалык жетекчинин ар бир мектепке чейинки топторго 0,25 ставкадан эмгек акысын төлөөгө;
- класстан тышкары дене-тарбия ишине - жетекчинин 0,5 ставкасы.
Бассейн бар болсо дене-тарбия (сүзүү) боюнча инструктордун ставкасы киргизилет; окутуу-сынамык бөлүмү, теплицасы бар болсо, алардын иш мезгилинде ийримдин жетекчисинин 0,5 ставкасы төлөнүүсү каралат.
Чеберчиликтин милдеттерин аткаруу үчүн 0,15 өлчөмүндө ар бир устаканага ийримдин жетекчисинин ставкасы кошумча каралат, ал эми, айкалыштырылган устакана болсо - 0,25 ийрим жетекчисинин ставкасы каралат.
13. Жылытуу мезгилине от жаккычтын (оператордун) кызмат орду төмөнкү эсеп менен каралат:
- отун жана газ менен иштеген казандары болсо бир нөөмөткө - 1 кызмат орун; ал эми казандын аянты 75 чарчы метр жана андан көп болсо же газ башкаруу техникасы жок болсо - нөөмөткө 2 кызмат орун;
- меш менен жылытылса 10 мешке 1 от жаккычтын ставкасы, бирок 0,5 ставкадан кем эмес; үзгүлтүксүз байкоону талап кыла турган казан курулуштар, жел үйлөгүчтөр бар болсо - нөөмөтүнө оператордун 1 ставкасы киргизилет.
14. Сордургуч бекеттери, тазалоо курулуштары, электрстанциялары бар болсо байкоочу жумушчунун нөөмөтүнө 1 ставка эсебинде белгиленет.
15. Кароолчунун кызмат орду нөөмөтүнө 1 ставка эсебинде киргизилет.
16. Бишкек шаарынын А.Каниметов атындагы № 1 лицей-интернат жалпы орто билим берүү мектебинде төмөнкүлөр каралат:
- методисттин жана сантехниктин 1ден штаттык бирдиги;
- электриктин 1,5 штаттык бирдиги.
3-тиркеме
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 128, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Бала-бакчалар, ясли-бакчалар
Кызмат орундарынын аталыштары | Группалардын санына жараша штаттык бирдиктердин (ставкасынын) саны | ||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | |
Директор | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Чарба башчысы | - | - | - | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бухгалтер | - | - | - |
| 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 |
Ашпозчу | 1 | 1,5 | 1,5 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 |
Көмөкчү жумушчу | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,75 | 1 | 1 | 1 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 1,5 |
Тейлөө жана учурдагы оңдоо иштери боюнча кызматкер | - | - | - | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 |
Адистик кийимди жууш боюнча машинист | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 2 |
Короо тазалагыч | - | - | - | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 |
II. Бир топко эсептелген штаттар (ставкалар)
Кызмат ордунун аталышы | 6 күндүк иш жумалыгында | 5 күндүк иш жумалыгында | ||
Иштин узактыгы сааттар менен | 24 саат | 3 саат | 10 саат | 24 саат |
Ясли топтору: |
|
|
|
|
Тарбиячы | 3,6 | - | 1,55 | 3,0 |
Тарбиячынын жардамчысы (ясли) | 3,33 | - | 1,3 | 2,75 |
Мектепке чейинки топтор: |
|
|
|
|
Тарбиячы | 2,2 | 0,75 | 1,55 | 2,0 |
Тарбиячынын жардамчысы | 1,5 | 0,5 | 1,15 | 1.5 |
Эскертүү:
1. Бир топко бала багуучуну эсептөөдө 1 бала багуучу = жумасына 36 саат ченеми колдонулат.
2. 1-2 тарбиялык тобу бар мектепке чейинки билим берүү уюмдарында директор жумасына 18 саат кошумча акысыз топко тарбиялык ишти жүргүзүүгө милдеттүү.
3. Кыска мөөнөткө баруучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорунун кызмат орду уюмда 5 жана андан көп топ болгондо киргизилет. 5тен кем эмес топ болгон мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорунун милдеттерин аткаруу тарбиячыга жүктөлөт, ага жетекчилик үчүн кошумча төлөм 1 топ болсо - директордун кызматтык маянасынын 20 пайызы өлчөмүндө, 2 топ болсо - директордун кызматтык маянасынын 30 пайызы өлчөмүндө, 3 топ болсо - директордун кызматтык маянасынын 40 пайызы өлчөмүндө, 4 топ болсо - директордун кызматтык маянасынын 50 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
4. Директорго жана директордун милдеттерин аткаруучу тарбиячыга мектепке чейинки билим берүү уюмунун методикалык жана чарбалык камсыздоо боюнча иш милдети жүктөлөт.
5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 6 топтон баштап тарбиячы-методисттин (улуу тарбиячынын) милдеттерин аткаргандыгы үчүн тарбиячынын ставкасынан 0,1 өлчөмүндөгү кошумча акы каралат, ал эми 8 же андан ашык топто - 0,2 тарбиячынын ставкасы.
6. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында топторду толтуруу боюнча чектөө:
- 1 жашка чейин балдар ясли топторунда жана санаториялык ясли топторунда - 20 адам;
- 1 жаштан 3 жашка чейин балдар ясли топторунда, аралашкан ясли топторунда жана санаториялык мектепке чейинки топтордо - 25 адам;
- 3 жаш жана андан улуу мектепке чейинки топтордо - 30 адамга чейин;
- фонетикалык сүйлөөсү өспөгөн топтордо - 20 адам;
- сүйлөөсү начар жана кекеч балдар бар топтордо - 16 адам;
- угуусу начар болгон балдар бар топтордо - 10 адам.
7. Вариативдүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын топтору ар түрдүү курактагы балдардан комплекттелиши мүмкүн. Мында түрдүү курактагы топтун толумдуулугу 25 баладан ашпоого тийиш.
8. Күнү-түнү жашаган балдар бар мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жумасына беш күнгө ар бир күн-түндүк топко санитарка-бала багуучунун 2 штаттык бирдик эсебинде белгиленет. Балдардын ар кандай имаратта бир топтон жайгашуусунда бул норматив ар бир имаратка каралат.
9. Кыска мөөнөткө баруучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысынын жардамчысына мектепке чейинки билим берүү уюмунун жайларын тазалоо боюнча иштер жүктөлөт.
10. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында башкы медайымдын 0,5 ставкасы белгиленет, ал эми 8 жана андан ашык группа болсо - 1 ставка.
11. Кыска мөөнөткө баруучу мектепке чейинки билим берүү уюмуна барган балдарды медициналык тейлөө мектепке чейинки билим берүү уюму жайгашкан калктуу пунктту тейлеген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жүктөлөт.
12. Борборлоштурулган бухгалтериясы болсо бухгалтер кызматтык орун каралбайт.
13. Көз карандысыз борбордук (суу, буу, газ) менен жылууланса жылытуу мезгилине нөөмөт менен бир ставка эсебинде жумушчунун кызмат орду киргизилет, ал эми казандын аянты 75 чарчы метр же газ башкаруу техникасы жок болсо - нөөмөткө 2 ставка.
Жумушчу кызматкерлердин жалпы санынан жыл бою 1 ставка киргизилет.
Көз каранды борбордук жылуулук болсо жумушчунун 1 ставка кызматтык орду киргизилет.
Меш менен жылытылса жылытуу мезгилине 0,1 ставка ар бир мешке, бирок мектепке чейинки билим берүү уюмуна 0,5 ставкадан кем эмес эсебинде от жаккычтын кызмат орду киргизилет.
14. Муздаткыч, электр меши жана башка жылытуучу жабдуулары бар мекемелерде 4 топко чейин тейлөө жана учурдагы оңдоо иштери боюнча кызматкердин 0,5 ставкасы белгиленет.
15. Ушул же бир нече мектепке чейинки билим берүү уюмдарын тейлеген транспорт каражаты же көлүк болгон учурда айдоочунун, арабакечтин ставкасы киргизилет.
16. Көз карандысыз имарат жана тазалай турган территориясы болгон мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, 1 гектар жерге короо тазалагычтын 1 штаттык бирдиги киргизилет.
17. Кароолчунун кызмат орду балдардын калуу убактысын кемитүү менен мектепке чейин билим берүү уюмдарына нөөмөтүнө 1 штаттык бирдик киргизилет, бирок дем алыш жана майрам күндөрү ишке чыгууну көңүлгө алуу менен 2,6 ставкадан кем эмес киргизилет.
18. Угуусу начар балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, же угуусу начар балдары менен өзүнчө топтору бар жалпы типтүү мекемелерге ар бир топко 1 сурдопедагогдун кызматтык орду киргизилет.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы (топтордогу) сүйлөөсү начар балдар үчүн ар бир топко кошумча логопеддин кызмат орду киргизилет.
19. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына ар бир ясли жана мектепке чейинки топ үчүн 0,25 ставкада музыкалык жетекчи каралат.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, орус тилдүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тил мугалиминин кызмат орду, кыргыз тилдүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орус тил мугалиминин кызмат орду каралат.
21. Б ишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында төмөнкүлөр каралат:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:
- 4 топ болгон учурда чарба башчысынын 0,5 штаттык бирдиги кошумча киргизилет;
- 4төн 7ге чейинки топ болсо - методисттин 0,5 штаттык бирдиги, 8 жана андан ашык топ болсо - 1 штаттык бирдиги;
- 13кө чейинки топ болсо - медициналык айымдын 0,5 штаттык бирдиги;
- электр менен жылытуу болгон учурда тейлөө жана күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчунун (электриктин) 0,5 штаттык бирдиги кошумча киргизилет;
2) адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:
- дарылоо дене тарбиясынын инструкторунун 0,5 штаттык бирдиги;
- методисттин, педиатр-врачтын, медициналык айымдын, укалоочунун жана адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмунун профилине жараша ортоптист-медициналык айымдын жана психиатр-врачтын 1ден штаттык бирдиги;
3) балдардын күнү-түнү болуусу менен адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:
- балдардын күнү-түнү болуусу менен 5ке чейинки топ болсо - түнкү медициналык айымдын 1 штаттык бирдиги; түнкү тарбиячынын 1 штаттык бирдиги;
- балдардын күнү-түнү болуусу менен 6 же андан ашык топ болсо - түнкү тарбиячынын 3 штаттык бирдиги.
4-тиркеме
Мектептен тышкары бардык түрдөгү жана аталыштагы мекемелердин (борборлордун) ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
Кызмат орундарынын аталыштары | Райондук | Шаардык | Облустук жана Бишкек шаардык |
Директор | 1 | 1 | 1 |
Директордун окуу-тарбия берүү иштери боюнча орун басары | 0,5 | 1 | 1 |
Методикалык бөлүмдүн башчысы | - | - | 1 |
Массалык уюштуруу бөлүмүнүн башчысы | - | - | 1 |
Чарба башчысы | 0,5 | 0,5 | 1 |
Машинист-секретарь | - | - | 0,5 |
Бухгалтер | - | - | 1 |
Сүрөтчү | - | - | 0,5 |
Кампачы | - | - | 1 |
Баары | 2 | 2,5 | 8,0 |
Эскертүү:
1. Республикалык мектептен тышкаркы мекемелердин штаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленет.
2. Типтик штаттардан тышкары ченем боюнча кошумча штат бекитилет. Ийримдерде толук 30 бала болушу керек. Республикалык мелдештерге катышып, топтор менен иштеген, ошондой эле чеберчилик наамы боюнча программалар менен иштеген, биринчи разряддагы талапкерлер менен иштеген ийримдерде 5 адамга чейин кыскартканга болот.
3. Методикалык ийримдерди башкаруу боюнча бөлүмдүн башчысынын кызматтык орду бир профилдик 30 ийримден кем эмес болгондо белгиленет.
4. Ыр жана бий ансамблинде катышуучулардын саны 300дөн ашык болсо ансамблдын көркөм жетекчисинин кызмат орду киргизилет.
5. Хормейстердин, балетмейстердин, дирижердун кызмат орду ушул кесиптик ийримдерде 150дөн кем эмес адам болгондо киргизилет.
6. Хордук, бийчилик, театр жана драм коллективдери болсо костюмердин кызматтык орду киргизилет.
7. Өзүн-өзү камсыз кылган колдонуудагы орнотуу жана көрүүчү залы бар болсо киномеханиктин кызматтык орду киргизилет.
8. Колдонуудагы көрүүчү залы болсо, сцена боюнча кызматкердин 0,5 ставкасы киргизилет
9. 3000 нускадан кем эмес китеп болсо китепканачынын кызматтык орду киргизилет.
10. Кызматтык жайларды тазалоо үчүн жумушчунун, короо тазалагычтын кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 "Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык киргизилет.
11. Жабдылган гардероб болсо, гардеробчунун кызматтык орду (кыш мезгилине) 30 номерге 1 бирдик эсебинде киргизилет.
12. Автотранспорт каражаттары болсо айдоочунун кызматтык орду киргизилет, бирок ар бир мекемеге 1 штаттык бирдиктен ашык эмес.
13. 2 жана андан ашык имараты болсо чарба башчы кызмат ордуна чарба иштери боюнча директордун орун басарынын кызматтык орду киргизилет.
14. Көз карандысыз борбордук жылуулук (отун, газ, электр) менен жылууланса, жылытуу мезгилине нөөмөт менен бир ставка эсебинде жумушчунун (от жаккыч, байкоочу-оператор) кызмат орду киргизилет жана казандын аянты 75 чарчы метрден көп болсо же газ башкаруу техникасы жок болсо -нөөмөткө 2 ставка.
Жылытуу кызматкерлеринин жалпы санынан 1 ставка жыл бою киргизилет.
15. Үзгүлтүксүз кезметти талап кылган буу казан түзүлүштөрү, насостук жабдуулар болгон учурда - нөөмөтүнө жумушчунун 1 штаттык бирдик эсебинде киргизилет.
Меш менен жылытылса, жылытуу мезгилине 10 мешке 1 от жаккычтын ставкасы киргизилет, бирок билим берүү уюмуна 0,5 ставкадан кем эмес болушу керек.
16. Мекеменин өз имараты болсо кароолчунун кызмат орду нөөмөтүнө 2,8 бирдик эсебинде дем алыш жана майрам күндөрү ишке чыгууну көңүлгө алуу менен киргизилет.
Зарылчылык болсо кароолчунун кызмат ордун короо тазалоочунун кызмат орду менен бириктирилет.
17. Борборлоштурулган бухгалтериясы жок болсо, жогорку уюмдун чечими менен бухгалтердин кызмат орду киргизилет.
18. Бассейндер, спорттук жабдуулар, жатаканалар жана татаал жабдуулар бар болсо, кызматкерлердин кошумча штаттары бюджеттин чегинде мамлекеттик башкаруунун башкы органы менен макулдашуу боюнча аныкталат.
19. Бишкек шаарынын кошумча билим берүү уюмдарында төмөнкүлөр каралат:
- бөлүмдүн башчысынын, уюштуруучу-педагогдун, костюмердик бөлмө башчысынын 1ден штаттык бирдиги;
- методисттин, үн режиссерунун 2ден штаттык бирдиги;
- катчынын 0,5 штаттык бирдиги;
- вахтердун 2 штаттык бирдиги;
- имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана күнүмдүк ондоо боюнча жумушчунун 2 штаттык бирдиги.