Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 73
"Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кабыл алынган 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кабыл алынган 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кабыл алынган 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенциянын түзөтүүсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Долбоор
1-берене.
Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кабыл алынган 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга түзөтүү ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кабыл алынган 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу грамотаны депозитарий болуп саналган Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) катчылыгына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-февралындагы № 73 токтому менен жактырылган |
1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга түзөтүү (мындан ары - Түзөтүү) Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда болуп өткөн Конвенцияга сунушталган Түзөтүүнү кароо жана кабыл алуу боюнча конференцияда консенсус менен кабыл алынган, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
Түзөтүүнүн максаттары:
- ядролук материалды физикалык коргоону камсыздоо, бул материалды уурдоонун жана ядролук орнотмолорго каршы диверсиялардын алдын алуу жана бөгөт коюу үчүн Конвенцияга катышкан мамлекеттердин кызматташуу механизмин өркүндөтүү;
- ядролук материалдын контрабандасы, ядролук орнотмого каршы диверсия, ошондой эле мындай кылмыштарды жасоону уюштуруу жана жардам берүү сыяктуу аракеттер үчүн күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин караган мыйзам бузуулардын тизмегин кеңейтүү;
- Конвенцияга катышкан мамлекеттер берген жашыруун маалыматтарды анын макулдугусуз үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салууну белгилөө;
- Конвенцияга катышкан мамлекеттердин милдеттенмеси - ядролук материалдарды жана анын юрисдикциясында турган орнотмолорду физикалык коргоонун талаптагыдай режимин түзүү жана күтүү.
Түзөтүүнү ратификациялоо республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле социалдык-экономикалык жактан терс таасирин тийгизбейт.
"Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кабыл алынган 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенциянын түзөтүүсүн Кыргыз Республикасы ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенциянын түзөтүүсү Австриянын Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда өткөн Конвенцияга сунушталган түзөтүүлөрдү кароо жана кабыл алуу боюнча конференцияда кабыл алынган. Аталган түзөтүүлөр ядролук материалдын физикалык коргоосун камсыздоо, бул материалдарды уурдоону жана ядролук орнотмолорго каршы диверсияларды алдын алуу жана бөгөт коюу, мындай аракеттердин кесепеттерин азайтуу үчүн Конвенцияга катышкан мамлекеттердин кызматташуу механизмин өркүндөтөт, ошондой эле ядролук коопсуздукка коркунуч жаралган кырдаалда бирдиктүү координациялоочу борбор катары Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ролун жогорулатат.
Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенциянын түзөтүүсү мааниси жана масштабдуулугу боюнча уникалдуу эл аралык келишим болуп эсептелет. Ал террорчулукка каршы конвенциялар менен бир катарда турат. Бул көп тараптуу документ ядролук коопсуздуктун эл аралык-укуктук режимин чыңдоого багытталган.
Аталган эл аралык документ 1979-жылкы Ядролук материалды физикалык коргоо тууралуу конвенциянын колдонуу чөйрөсүн кеңейтип, ал күчүнө киргенден кийин ядролук материалды эл аралык ташуу учурунда аны коргоо боюнча, ошондой эле Конвенцияга катышкан мамлекеттин юрисдикциясына кирген ядролук объекттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттенмелерди камтыйт.
Бул документтин маанилүү бөлүгү болуп ядролук материалды коргоо режимин сактабоого байланышкан укук бузуулардын тизмесин кеңейтүү саналат. 1979-жылкы Конвенцияга салыштырмалуу бул түзөтүү ядролук материалдын контрабандасы, ядролук орнотмого каршы диверсия жасоо, ошондой эле мындай кылмыштарды жасоого жардам берүү жана уюштуруу сыяктуу ченемдер менен толукталган.
Мындан тышкары, Конвенцияда бул Конвенцияны бузган адамдарды берүү маселесине байланышкан жоболор олуттуу түрдө күчөтүлгөн. Түзөтүүдө аталган Конвенцияда каралган бир дагы укук бузуу саясий укук бузуу катары берүү максатында каралбайт деп бекитилген. Ядролук материалды физикалык коргоо тууралуу Конвенцияга атайын жобо киргизилип, ага ылайык ядролук материалдын жана орнотмолордун физикалык коргоосун камсыздоо боюнча чаралар тынчтык максаттар үчүн ядролук технологияларды берүүгө тоскоолдук жарата албайт.
Башка сунуштар менен катар Конвенциянын тексти жаңы ченем менен толукталууда. Ал ар бир катышуучу мамлекеттин ядролук материалдарды жана орнотмолорду физикалык коргоонун тийиштүү режимин түзүү жана күтүү милдеттенмесин аныктайт. Бул милдеттенме ядролук материалдарды жана орнотмолорду колдонууда, сактоодо жана ташууда, аларды уурдоодон жана башка мыйзамсыз басып алуудан сактоо максатында, ошондой эле аларды табуу жана кайтаруу боюнча оперативдүү жана башка чараларды өткөрүүнү камсыздоо үчүн каралат.
Мындай кызматташууну жүзөгө ашыруу ыкмаларын кызыктар катышуучу мамлекеттер аныкташат жана тийиштүү мамлекеттер аралык келишимдерди, макулдашууларды түзүшөт.
Коопсуздуктун тийиштүү деңгээлин камсыз кылуу максатында катышуучу мамлекеттер тиешелүү маалымат менен алмашышат, ошол эле мезгилде жашыруун түрдө башка катышуучу мамлекеттен же ушул Конвенциянын алкагында жүргүзүлчү ишке катышуунун жыйынтыгында алган ар түрдүү маалыматтын жашыруундугун сактоо үчүн өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык келген зарыл чараларды көрүшөт.
Бул максаттар үчүн катышуучу мамлекеттер маалыматты криптографиялык жол менен берүү каражаттарын, байланыштын дипломатиялык жана башка жашыруун ыкмаларын колдонушат.
Катышуучу мамлекеттердин алынган жашыруун маалыматты таратууга укугу жок.
Түзөтүүнү ратификациялоо Кыргыз Республикасына эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, ошондой эле ядролук материалды мыйзамсыз жүгүртүүнүн, мыйзамсыз басып алуунун жана колдонуунун жыйынтыгында болжолдуу коркунучту жокко чыгаруу жана ядролук материалдар менен ядролук орнотмолорго карата саботажды жок кылуу максатында катышуучу мамлекеттер ортосунда максималдуу кызматташтыкты берет.
Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө Конвенциясынын 20-беренесинин 2-пунктуна ылайык Түзөтүү ратификацияланууга, кабыл алынууга же жактырылууга тийиш. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети "Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кабыл алынган 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенциянын түзөтүүсүн Кыргыз Республикасы ратификациялоо тууралуу" Мыйзам долбоорун иштеп чыккан.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн расмий web-сайтына жайгаштырылып, сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.
Аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу өлкөдөгү социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык абалга терс таасирин тийгизбейт, ошондой эле ишкердик кылуу ишине таасирин тийгизбегендиктен жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт.
Ушул Конвенциянын Түзөтүүсүн кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каражаттарды талап кылбайт.
Кыргыз Республикасынын МУКК төрагасы | А.Сегизбаев |
|