Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-ноябры № 772
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2015-жылдын 23-июнундагы № 396 токтому менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо боюнча чаралар планын өз убагында сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда токтом менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо боюнча чаралардын планында:
- 4-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын июнь-июлу, 2016-жылдын февраль-марты" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын ноябры, 2016-жылдын майы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын июнь-декабры" деген цифралар жана сөздөр "2015-2016-жылдар" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пунктунда:
"Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын февраль-март айлары" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын октябрь-ноябры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
"Чаралар" графасындагы "Сатыкка чыгарылган баалардын дүң жана чекене кошумчаларын аныктоону контролдоо" деген сөздөр алып салынсын;
- 21-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ, МСК, Монополияга каршы агенттик" деген аббревиатуралар жана сөздөр "Монополияга каршы агенттик, МСК, ЭМ" деген сөздөр жана аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
- 24-пунктунда:
"Милдеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Агроөнөр жай секторунда инвесторлор үчүн атайын преференциялардын реестрин иштеп чыгуу жана бекитүү";
"Күтүлүүчү натыйжалар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жүргүзүлгөн талдоолордун натыйжасы жана инвестициялык стимулдардын бекитилген тизмеги (реестри)";
- 26-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын августу" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын ноябры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-пунктунда:
"Милдеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвестицияларды тартуу үчүн сапаттуу бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу";
"Чаралар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бизнес-долбоорлордун жана инвестициялык сунуштардын стандарттык формасын иштеп чыгуу";
"Күтүлүүчү натыйжалар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Артыкчылыктуу тармактардагы сапаттуу инвестициялык долбоорлорду топтоо процессин оптималдаштыруу";
- 28-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2016-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын ноябры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын октябры" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 39-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 43-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ТИМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 48-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ" деген аббревиатура алып салынсын;
- 49-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 50-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 51-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 53-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 54-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасында:
"2015-жылдын 1-августуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 15-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- "2015-жылдын 25-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 15-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 55-пунктунун "Күтүлүүчү натыйжалар" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу" деген сөздөр "Иш жүзүндөгү аракеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 57-пунктунда:
"Милдеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"КНС боюнча каттоо босогосун жогорулатуу";
"Чаралар" графасындагы "8,0" цифралары "6,0" цифралары менен алмаштырылсын;
"Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 58-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасындагы "2015-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 10-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 60-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ, МБК" деген аббревиатуралар "ТжКМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |