Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июну № 396
Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 772 токтомунун редакциясына ылайык)
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишимдин күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасы үчүн пайда болгон жаңы шарттарды көңүлгө алып, Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөр менен интеграциялоо шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо процессин коштоо зарылдыгын жана Евразия экономикалык союзунун шарттарында ишке байланыштуу маселелерди ыкчам чечүүнү эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб (мындан ары - Штаб) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Бекитилсин:
- Штаб жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык союзунун шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо боюнча чаралар планы (мындан ары - Чаралар планы) 3-тиркемеге ылайык.
3. Штабдын курамына кирген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери:
- ушул токтомду аткаруу үчүн жооптуу жетекчилердин орун басарларын жана түзүмдүк бөлүмдөрдү аныкташсын;
- Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөргө интеграциялоо шарттарына адаптациялоо менен байланышкан маселелер боюнча "шыр байланыш" телефондорун уюштурушсун.
4. Чаралар планына тартылган министрликтер жана ведомстволор:
- Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча милдеттерди тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жүктөсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жетекчилиги менен үч айлык мөөнөттө Евразия экономикалык союзунун шарттарында жаңы эрежелерге жана жоболорго тиешелүү маселелерди коомчулукка түшүндүрүү үчүн маалыматтык-маалымдама портал түзүшсүн.
5. Министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттө Чаралар планын аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- ай сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ай сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзундагы өкүлүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 7-июлунда N 62 жарыяланды
Премьер-министри | Т.Сариев |
1-тиркеме
Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара керүү боюнча штабдын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Штабдын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Штабдын жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Штабдын жумушчу органынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзундагы өкүлү, Штабдын катчылыгынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы.
3-тиркеме
Евразия экономикалык союзунун шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо боюнча ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 772 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар |
Уюштуруу, логистика жана маалымдоо | |||||
1 | Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөрүүлөр жөнүндө тышкы экономикалык иштин субъекттерин маалымдоо жана аларга консультациялык жардам көрсөтүү боюнча кеңири өнөктүктү өткөрүү | 1. Евразия экономикалык союзунун алкагында сооданын шарттарынын өзгөрүшү боюнча 2015-2016-жылдарга маалыматтык- коммуникациялык планды иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга киришүү. | Тышкы соода ишинин агенттеринин маалымдалышы | 2015-жылдын августу | ЭМ, Штабдын мүчөлөрү |
2. Ыкчам тартипте: - бекитилген графикке ылайык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусу менен телеберүүлөрдүн циклин өткөрүү; | 2015-жылдын июну |
| |||
- региондордо таркатуу үчүн маалыматтык буклеттерди чоң тиражда чыгаруу; | 2015-жылдын июну |
| |||
- бекитилген графикке ылайык бардык региондордо семинар-кеңешмелерди өткөрүү; | 2015-жылдын июну |
| |||
- министрликтердин жана ведомстволордун сайттарында Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтык баракчаны ачуу. | 2015-жылдын июну |
| |||
3. Министрликтердин жана ведомстволордун коомдук кабылдамаларынын базасында Евразия экономикалык союзунун алкагында тийиштүү өзгөрүүлөр боюнча туруктуу иштеген консультациялык кызматтарды түзүү | 2015-жылдын июну |
| |||
2 | Евразия экономикалык союзунун шарттарында бажылык жана салыктык башкаруунун жаңы эрежелерин мамлекеттик органдарга, тышкы экономикалык иштин катышуучуларына жана ишкерлерге түшүндүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында туруктуу иштеген консультациялык кызматтын (Штабдын жумушчу органын) ишин ишке киргизүү | 1. Евразия экономикалык союзунун маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун өкүлдөрүнөн турган консультациялык топтун курамын түзүү жана бекитүү (улуттук консультанттарды тартуу менен). 2. Консультациялык кызматтын (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин коомдук кабылдамасынын базасында) ишинин тематикалык тизмесин жана иш графигин макулдашуу жана бекитүү. 3. Консультациялык кызматтын иш графигинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жетекчилеринин кабыл алуу сааттарын белгилөө. 4. Консультациялык кызматтын ишин ишке киргизилгендиги жөнүндө маалыматты ЖМКда жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сайтында жарыялоо | Мамлекеттик органдардын, бизнестин кызыкдар топторун маалымдоо | 2015-жылдын июлу | ЭМ, Штабдын мүчөлөрү |
3 | Евразия экономикалык комиссиясынын базасында, ошондой эле Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттердин окутуу борборунун базасында техникалык жөнгө салуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлеринин, лабораториялардын адистеринин квалификациясын жогорулатуунун туруктуу иштеген системасын түзүү | 1. Евразия экономикалык комиссиясынын, Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөрдүн окутуу борборлорунун тажрыйбасын изилдөө. 2. Евразия экономикалык союзунун жаңы шарттарында иштөө үчүн лаборатория адистерин даярдоо жана техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын адистерин Евразия экономикалык союзунун бир же бир нече мүчө-мамлекеттери менен (мыкты тажрыйбасы менен) стажировкадан өткөрүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо. 3. Алган билимди берүү жана улантуучулукту сактоо бөлүгүндө окутуудан өткөн адистерге карата талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү | Талаптарды аткаруу үчүн техникалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, лаборатория адистеринин квалификациясын жогорулатуу | Дайыма | ЭМ, АЧММ, ССМ, Ветинспекция, Экотехинспекция, МБК |
4 | Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын интеграциялоо шарттарында экономиканын, бюджеттин, жашоо сапатынын абалынын өзгөрүшү жөнүндө жарандык сектордун кызыкдар топторун маалымдоонун туруктуу иштеген механизмин киргизүү | 1. Бардык региондордо экономиканын абалына, жергиликтүү бюджетке, жашоонун сапатына жана элдин кирешесине тандалма изилдөөлөрдү жүргүзүү: - чек араны ачуу учурунда; - Евразия экономикалык союзунун шарттарынын иш жүзүндөгү ишинен кийин жарым жыл/бир жыл өткөндөн кийин. | Жарандык сектордун кызыкдар топтору үчүн ЕАЭС шарттарында өзгөрүүлөр боюнча маалыматтык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо | 2015-жылдын ноябры, 2016-жылдын майы | ЭМ, Штабдын мүчөлөрү |
2. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын ЖМКда жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сайтында жарыялоо, ошондой эле маалыматтык буклеттер түрүндө Кыргыз Республикасынын региондорунда таркатуу. | 2016-жылдын апрели | ||||
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин консультациялык кызматынын иш графигине туруктуу маалыматтык иш-чараларды киргизүү жана аларды жарандык сектордун кызыкдар топтору (ӨЭУ, КЭУ) менен кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүү | 2016-жылдын июнунан тартып квартал сайын | ||||
5 | Евразия экономикалык союзунун документтеринин талаптарына шайкештигине продукцияларды сыноолорду жана изилдөөлөрдү толук көлөмдө жүргүзүү (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин контролундагы тамак-аш продукциясын жүгүртүү тармагында) | 1. Евразия экономикалык союзунун талаптарына техникалык жөнгө салуунун объекттерин шайкеш келтирүү үчүн (этаптуу негизде, каржылоо менен) жаңы жабдууну өз убагында орнотууну камсыздоо. | ЕАЭС өлкөлөрүндө таанылган сыноо натыйжаларын берүүнү камсыздоо. | 2015-жылдын июнь-декабры | ССМ |
2. Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын аткаруу үчүн методикаларды ишке киргизүү боюнча максаттуу маалыматтык-билим берүү иш-чараларын өткөрүү | ЕАЭС шарттарында техникалык жөнгө салуу жаатында адистердин потенциалын жогорулатуу | 2015-жылдын июнь-августу |
| ||
6 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эки лабораториясын реконструкциялоону кошкондо сыноо лабораторияларын Евразия экономикалык союзунун талаптарына шайкеш келтирүү | 1. Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан лаборатория базасын инвентаризациялоонун натыйжасы боюнча: - лабораториялардын көпчүлүк бөлүгүн тездетилген реконструкциялоону жана жаңы жабдуулар менен жабдуу; - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин консультациялык кызматынын Кыргыз Республикасында аккредитацияланган лабораториялардын реестри жөнүндө тышкы экономикалык иштин катышуучуларына маалымдоосу. 2. Эки лабораторияны реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүргүзүү (ОАМСЭКД, Кара-Суу ОАМСЭКБ) | Сыноо лабораторияларын ЕАЭСтин талаптарына шайкеш келтирүү | 2015-2016-жылдар | ССМ, ЭМ |
7 | Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасында Кыргыз Республикасынын өткөрүү пункттарынын бажы инфратүзүмүн Евразия экономикалык союзунун талаптарына шайкеш келтирүү | Жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жабдуу: "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кайрагач", "Кызыл-Бел" автомобиль өткөрүү пункттарын | Өткөрүү пункттарындагы бажылык инфратүзүмдүн ЕАЭС талаптарына шайкештиги | Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогу аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык контролдоону жокко чыгаруу күнүнөн тартып 6 айдын ичинде | МБК, МЧК, Ветинспекция, ССМ, ТКМ, ФМ |
Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасында Кыргыз Республикасынын бардык өткөрүу пункттарын жайгаштыруу | КРнын ЕАЭСга кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып 24 айдан кечиктирбестен | ||||
Экономикалык өсүш жана инфляция |
| ||||
8 | Рынокко адаптацияланган, Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо процессин баштоо | 2015-2020-жылдар мезгилине Евразия экономикалык союзунун рыногуна адаптацияланган, Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоонун этаптуу планын иштеп чыгуу жана бекитүү | ЕАЭС шарттарында экономиканын өсүшүнүн туруктуулугу | 2016-жылдын II кварталы | ЭМ, министрликтер жана ведомстволор |
9 | (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 772 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
10 | Социалдык маанилүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын кескин жана негизсиз өсүшүнө жол бербөө | Социалдык-маанилүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүүсүнө ыкчам чара көрүү боюнча ведомстволор аралык координациялык топ түзүү | Социалдык-маанилүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын кескин жана негизсиз өсүшүнө жооп берүүнүн механизмин түзүү | 2015-жылдын октябрь-ноябры | ЭМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), ФМ, АЧММ, МСК, МБК, УСК, Монополияга каршы агенттик, УСК (макулдашуу боюнча), СӨМ, ММРФ |
Социалдык маанилүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө дүң жана чекене баалардын үзгүлтүксүз мониторингин жүргүзүү. | Жооп берүүнүн ыкчам чараларын кабыл алуу үчүн керектөө бааларынын өзгөрмөлүүлүгүн баалоо | 2015-жылдын ичинде | ЭМ, УСК (макулдашуу боюнча), АЧММ | ||
Социалдык маанилүү товарларга бааларды кармап туруу боюнча алдын алуу чараларын кабыл алуу: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.04.09-ж. № 242 токтомуна ылайык жармаңкелерде түздөн-түз ташуучулар жана өндүрүүчүлөр үчүн соода орундарын берүү ж.б.; - нан азыктары рыногун кошкондо азык-түлүк коопсуздугунун товарларынын тобуна баалар кескин өскөн учурда монополияга каршы жөнгө салуунун катуу чараларын киргизүү | Керектөө бааларынын кескин өзгөрүүлөрүн жылмалоо | Инфляциялык жагдай учурунда | КРӨОЫУӨ аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) : | ||
Реалдуу экономика | |||||
Өнөр жай | |||||
11 | Тигүү тармагынын ишкерлери үчүн патенттик системаны сактоо | Тигүү тармагынын ишкерлери үчүн патентти сактап калууга жана анын базалык ставкасын жогорулатууга мораторийди киргизүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | Тигүү буюмдарынын экспортун жогорулатуу | 2015-жылдын августу | ЭМ |
Айыл чарбасы | |||||
12 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ортосундагы функцияларды бөлүштүрүүнү жаңы "Ветеринария жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү | Мамлекеттик органдардын арасында саясат жана контролдоо-көзөмөлдөө функциясын бөлүштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизүү | "Ветеринария жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык өзгөртүүлөргө шайкеш келтирүү | 2015-жылдын августу | АЧММ, Ветинспекция |
13 | Айыл чарба продукциясынын экспортунун көлөмүн жогорулатуу үчүн өсүмдүк өстүрүүчү айыл чарба продукциясынын дүңүнөн жыйналышын жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн алдыңкы технологияларын киргизүү | 1. Айдоо аянттарын кеңейтүү: а) томатты, пиязды, сарымсакты жана калемпирди - 2014-жылдын деңгээлинен 5%дан кем эмес, б) картошканы 81,0 миң га жеткирүү, в) тоют өсүмдүктөрүн 10,0 миң га көбөйтүү | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясын дүңүнөн жыйноо жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу. Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү | 2015-жылдын июлу | АЧММ |
2. Ош облусунун Араван районунда алчаны жана эрте бышуучу жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн прогрессивдүү ыкмасы боюнча фермерлердин республикалык семинарын өткөрүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча ыкмаларды алуу | 2015-жылдын июлу | АЧММ | ||
3. Кышкы-жазгы мезгилде жашылча продукциясы менен республиканын тургундарын камсыздоо максатында көлөмү 0,5 га чоң жаңы 10 күнөскананы кошкондо республикадагы күнөсканалардын санын 150дөн кем эмес бирдикке көбөйтүү | 2015-жылы күнөсканалардын санын 350дөн 500 бирдикке чейин көбөйтүү | 2015-жылдын октябры | АЧММ | ||
14 | Евразия экономикалык союзунун шарттарында продукциянын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн сугат суусун үнөмдөө жана өз убагында жана сапаттуу сугаттарды камсыздоо максатында айыл чарба өсүмдүктөрүн тамчылатып сугарууну кеңири жайылтуу | Тамчылатып сугаруу боюнча маалыматтык материалдарды даярдоо | Буклеттерди, брошюраларды, баракчаларды, макал ал арды басып чыгаруу жана ЖМКда берүүлөрдү уюштуруу | 2015-жылдын октябры | АЧММ |
Дыйкандар жана фермерлер үчүн тамчылатып сугаруу боюнча республиканын бардык облустарында окутуу тренингдерин өткөрүү | АЧММ | ||||
Тамчылатып сугарууну жайылтуу боюнча көргөзмө участокторун түзүү жана Талаа күндөрүн өткөрүү: - Баткен облусунда -бакчалар жана күнөсканалар үчүн; - Жалал-Абад облусунда -күнөсканалар жана жашылча жемиштери, пахта үчүн; - Ош облусунда бакчалар, жер-жемиштер жана пахта үчүн; - Ысык-Көл облусунда - бакчалар жана мөмө-жемиштер үчүн; - Нарын облусунда - күнөсканалар жана көмөк чарбалар үчүн; - Талас облусунда - төө буурчак жана бакча үчүн; - Чүй облусунда - бакча, жүгөрү, кант кызылчасы, күн карама жана болгар калемпири үчүн | Конкреттүү айыл чарба өсүмдүктөрүндө тамчылатып сугаруу системасынын иштеши менен дыйкандарды жана фермерлерди иш жүзүндө тааныштыруу | АЧММ | |||
15 | Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн ата-мекендик өндүрүштөгү минералдык жер семирткичтер жана зыянкечтерден түшүмдү коргоо каражаттары менен камсыздоо | Органикалык-минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ар бир региондо мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн бирден кем эмес долбоорун ишке киргизүү | 100 миң литр органикалык-минералдык жер семирткичтерди чыгаруу. Айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2015-жылдын декабры | АЧММ |
16 | Евразия экономикалык союзунун шарттарында мал чарбачылыктын продукциясынын негизги түрлөрүнүн өнүмдүүлүгүнүн өсүшүн камсыздоо | Айыл чарбасындагы малдын 1,6%дан кем эмес өнүмдүүлүгүн жана санын жогорулатуу (1 уйдан орточо саан, 1 койдо орточо жүн алуу, 1 тооктун орточо жумурткалоосу) | Мал чарбасынын продукциясынын өнүмдүүлүгүн 1,6%га жогорулатуу | 2015-жылдын октябры | АЧММ |
Кыргыз Республикасында уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу | ЕАЭС шарттарында КРда уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү саясаты боюнча алкактык документти кабыл алуу | 2015-жылдын октябры | АЧММ | ||
17 | Евразия экономикалык союзунун аймагында колдонуудагы стандарттарга шайкештик сертификаттарын берүүнү камсыздоо | Ветеринардык дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо лабораторияларын аккредитациялоо жүргүзүү | ИСО МЭК 17025 жана 17065 эл аралык стандарты боюнча документтерди даярдоо | 2015-жылдын октябры | АЧММ |
Ветеринардык дары-дармек каражаттарын сертификатташтыруу боюнча органды аккредитациялоо | |||||
18 | Евразия экономикалык союзунун шарттарында айыл чарба малынын асыл тукум сапаттарын жакшыртууну камсыздоо | Жасалма уруктандыруу боюнча 470 пункт түзүү жана жылына 90,0 миң ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу | Жасалма уруктандырууну бардык айыл аймактарына жайылтуу жана ар түрдүү тукумдун сапаттуу уруктары менен камсыздоо | 2015-жылдын декабры | АЧММ |
Техник-уруктандыруучуларды айыл чарба малдарын жасалма уруктандырууда прогрессивдүү технологияларга окутууну жүргүзүү | Малдарды жасалма уруктандыруу жаатында жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу | 2015-жылдын декабры | АЧММ | ||
2017-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында ветеринардык кызматты өнүктүрүү планынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү | Планды ишке ашыруу | 2015-жылдын октябры | АЧММ | ||
19 | "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо | Жаныбарларды идентификациялоо боюнча планды иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашырууга киришүү | Мал чарбасынын эпизоотиялык тазалыгын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү | 2015-жылдын октябры | АЧММ |
Эл аралык стандарттарга шайкеш келген техникалык шарттарды киргизүү | |||||
Бардык мал чарба объекттерин каттоо жана жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү системасын ишке ашыруу | |||||
20 | Айыл чарбасында өндүрүүнүн, кайра иштетүүнүн жана экспорттун көрсөткүчтөрүн жакшыртууну камсыздоо | Кыргыз Республикасында соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизүү | Соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү саясаты боюнча алкактык документти бекитүү | 2015-жылдын августу | АЧММ |
Натыйжасыз айыл чарба кооперативдерин кайра уюштуруунун негизинде "пилоттук" эки заманбап айыл чарба кооперативдерин түзүү | ЕАЭС шарттарында агрардык сектордо өндүрүштүн жана сооданын рыноктук принциптерин илгерилетүү | 2015-жылдын декабры | АЧММ | ||
Бизнес жана ишкердик | |||||
21 | Ишкерлерди атаандаштыкка каршы аракеттерден коргоо | Атаандаштыкка каршы көрүнүштөрдү жоюу боюнча рекомендацияларын иштеп чыгуу менен транс чек аралык рыноктук катышуучуларынын аракеттерин туруктуу мониторингдөөнү жана баалоону жүргүзүү (зарыл болгон учурда, Келишимге ылайык) | Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү рыноктон сүрүп чыгарууга жол бербөө, жагымдуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү | Дайыма | Монополияга каршы агенттик, МСК, ЭМ |
Транс чек аралык рыноктордо Евразия экономикалык комиссиянын иликтөөлөрүнө катышуу | Зарыл учурда | Монополияга каршы агенттик | |||
22 | Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттерин колдонууга киргизүү планына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында этап менен Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттерин колдонууга киргизүү | Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттерин колдонууга киргизүү боюнча планды өз убагында ишке ашырууну камсыздоо | ЕАЭСке мүчө-мамлекеттер менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды алуу | 2015-жылдын декабры | ЭМ |
23 | Жеңил өнөр жай продукциясынын жана тамак-аш продуктуларынын техникалык регламенттеринин колдонулушу тууралуу, ошондой эле ХАССП системасын киргизүү маселеси боюнча бизнес-коомчулук үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 1. Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттерин колдонуу маселесин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин консультациялык кызматынын ишинин тематикалык тизмегине киргизүү. 2. Республиканын региондорунда жана техрегламенттеринин маселелери боюнча максаттуу семинар-кеңешмелерди өткөрүү. 3. Штабдын мүчөлөрү-министрликтердин жана ведомстволордун сайттарында Евразия экономикалык союзунун техрегламенттеринин маселелери боюнча маалыматты жайгаштыруу жана аны туруктуу негизде жаңыртуу | Бизнес-коомчулукту маалымдоо | Дайыма | ЭМ, АЧММ, ССМ,ЭӨМ, Ветинспекция, Экотехинспекция, МБК |
Инвестициялык климат | |||||
24 | Агроөнөр жай секторунда инвесторлор үчүн атайын преференциялардын реестрин иштеп чыгуу жана бекитүү | 1. Агроөнөр жай секторунун инвестициялык ресурстарга муктаждыгын талдоо жүргүзүү жана баалоо. | Жүргүзүлгөн талдоолордун натыйжасы жана инвестициялык стимулдардын бекитилген тизмеги (реестри) | 2015-жылдын III кварталы | ЭМ, ЭМнын ИИА |
2. Агроөнөр жай комплексинин потенциалдуу инвесторлору үчүн инвестициялык стимулдардын тизмегин иштеп чыгуу жана бекитүү |
|
| |||
25 | Кыргызстанда инвестициялык долбоорлордун маалыматтар базасын түзүү жана кеңейтүү (инвестициялоо булактары, көлөмү, багыттары жана учурдагы статусу боюнча) | Инвестициялык сунуштарды жолугушууларда жана форумдарда потенциалдуу инвесторлорго, эл аралык уюмдарга, анын ичинде IFC, ADB, ошондой эле Кыргыз-Россия өнүгүү фондуна сунуштоонун туруктуу иштеген системасын чыңдоону камсыздоо | Маалыматтар базасын кеңейтүү | Дайыма | ЭМнын ИИА |
26 | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин базасында инвесторлордун даттанууларын ыкчам чара көрүү жана конфликттерди чечүү боюнча ыкчам чара көрүү механизмдерин киргизүү | Инвесторлордун даттанууларына ыкчам чара көрүү жана конфликттерди чечүү боюнча жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | Инвесторлордун даттанууларына жооп берүүнүн механизмин киргизүү. Инвесторлорго туруктуу негизде колдоо көрсөтүү | 2015-жылдын ноябры | ЭМнын ИИА |
27 | Инвестицияларды тартуу үчүн сапаттуу бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу | Бизнес-долбоорлордун жана инвестициялык сунуштардын стандарттык формасын иштеп чыгуу | Артыкчылыктуу тармактардагы сапаттуу инвестициялык долбоорлорду топтоо процессин оптималдаштыруу | Дайыма | ЭМнын ИИА |
28 | Инвесторлордун ишинин алкагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү сатып алуу механизмин киргизүү | Алардын сапатына талаптарды кошкондо жергиликтүү товарларды жана кызматтарды сатып алуу шарттары тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | Инвесторлордун ишинин практикасына жергиликтүү товарларды жана кызматтарды сатып алуу жол-жобосун киргизүү | 2016-жылдын ноябры | ЭМнын ИИА |
Тышкы соода | |||||
29 | Евразия экономикалык союзунун шарттарында импорттоодо салык органдары тарабынан кыйыр салыктарды башкарууну жакшыртуу | Евразия экономикалык союзунун шарттарында окутууну, техникалык жабдууну, башкаруунун жаңы жол-жоболорун киргизүүнү кошкондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилери жана адистери үчүн атайын чаралардын комплексин ыкчам тартипте жүргүзүү | Салык төлөмдөрүн чогултууну жогорулатуу | 2015-жылдын августу | МСК |
30 | Тышкы соода боюнча статистикалык маалыматтар базасын түзүүнү камсыздоо | Евразия экономикалык союзунун шарттарында тышкы соода боюнча жаңыртылган маалыматтар базасын түзүү боюнча АӨБнын техникалык жардамынын ресурстарын тартуу маселесин иштеп чыгуу | Тышкы сооданын көлөмүн статистикалык эсепке алууну жакшыртуу | 2015-жылдын августу | УСК (макулдашуу боюнча), МБК |
31 | 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу тууралуу келишимдин № 16 тиркемесинин 15-17, 23, 26, 28, 31, 33 жана 35-пункттарында каралган чектөөлөрдүн, алып коюулардын, кошумча талаптардын жана шарттардын жеке улуттук тизмегин түзүү боюнча сунушту даярдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү | 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу тууралуу келишимдин № 16 тиркемесинин 15-17, 23, 26, 28, 31, 33 жана 35-пункттарында каралган чектөөлөрдүн, алып коюулардын, кошумча талаптардын жана шарттардын жеке улуттук тизмегин түзүү. Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | ЖЕЭКтин чечими | 2015-жылдын декабры | ЭМ |
32 | 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу тууралуу келишимдин № 16 тиркемесинин 40-пунктунда каралган кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун эрежелери иштеген, кызмат көрсөтүү секторлорунун тизмеги боюнча сунушту даярдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү | Министрликтердин жана ведомстволордун эксперттери менен консультацияларды жүргүзүү жана алардын жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык союзу тууралуу келишимдин № 16 тиркемесинин 40-пунктунда каралган кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун эрежелери иштеген, кызмат көрсөтүү секторлорунун тизмегин аныктоо | ЖЕЭКтин чечими | 2015-жылдын декабры | ЭМ |
33 | Кызмат көрсөтүү секторлорунун (майда секторлордун) тизмеги боюнча сунуштарды даярдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү, ал сунуштар боюнча өткөөл мезгилдин ичинде бирдиктүү кызмат көрсөтүү рынокторун түзүү жүргүзүлөт | Кызмат көрсөтүү секторлорунун (майда секторлордун) тизмеги боюнча сунуштарды даярдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү, ал сунуштар боюнча өткөөл мезгилдин ичинде бирдиктүү кызмат көрсөтүү рынокторун түзүү жүргүзүлөт | ЖЕЭКти чечими | 2015-жылдын декабры | ЭМ |
34 | ДСУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын тарифтик милдеттенмелерин өзгөртүү боюнча ДСУга мүчө-мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | Суроо-талаптын түшүүсүнө жараша Кыргыз Республикасынын тарифтик милдеттенмелерин өзгөртүү жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өз ара канааттандыраарлык алымдардын ставкаларына жетишүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы укуктарына ээ болгон ДСУга мүчө-мамлекеттер жана ДСУнун кызыкдар башка мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | ЕАЭСтин алкагында милдеттерди эске алуу менен ДСУнун алдындагы КРнын милдеттерин шайкеш келтирүү | 2015-2017-жылдар, ДСУга мүчө-мамлекеттерден түшкөн суроо-талапка жараша | ЭМ |
Ички соода | |||||
35 | Соода тармактарында, ири дүкөндөрдө, соода түйүндөрүндө ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн товарларын сатып алуунун артыкчылыгы жөнүндө коомдук пикирди түзүүгө көмөктөшүү | Жалпыга маалымдоо каражаттарында "Made in KG" пиар-өнөктүктөрүн уюштуруу | Ата-мекендик товарлардын сатылышын жогорулатуу | 2015-2016-жылдар | ЭМ |
36 | Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча чараларды көрүү | Этикеткаларда, маркаларда мамлекеттик тилдеги маалыматтын милдеттүүлүгү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин ченемдерин сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Ата-мекендик товарлардын сатылышын жогорулатуу | 2015-жылдын ноябры | ЭМ, Монополияга каршы агенттик |
Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын экспорттоо | |||||
37 | Экологиялык продукцияны өндүрүү жөнүндө маалымдоо механизмин киргизүү | Евразия экономикалык союзунун мүчө-мамлекеттеринин рынокторунда агрардык сектордун кыргыз продуктуларынын брендинги боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу |
| 2015-жылдын октябры | АЧММ, ММТМ |
Евразия экономикалык союзунун мүчө-мамлекеттеринин рынокторунда тигүү өнөр жайынын кыргыз продуктуларынын брендинги боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу |
| 2015-жылдын октябры | ЭӨМ, ММТМ | ||
Өнөр жай товарларынын экспорту жана реэкспорттук иш | |||||
38 | Бюджеттин киреше бөлүгүнүн альтернативдүү булактарын аныктоо менен Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерге продукцияны экспорттоого багытталган өнөр жай ишканалары үчүн салыктык стимулдарды берүү мүмкүндүгүн караштыруу | Евразия экономикалык союзунун мүчө-мамлекеттеринин рыногуна продукцияны ташууну жүзөгө ашырган өнөр жай ишканаларынын тизмегин түзүү | ЕАЭСке мүчө-мамлекеттердин рыногуна өнөр жай продукциясын чыгаруу, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | 2015-жылдын 10-декабрына чейин | ЭӨМ, ЭМ, МСК, МБК |
39 | (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 772 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
40 | 2015-2017-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планынын алкагында экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн республикада индустриялык парктарды түзүүнү караштыруу (кеминде экини - түндүк жана түштүк региондордо) | "Индустриялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизүү | Экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн индустриялык парктардын ченемдик базасын түзүү | 2015-жылдын ноябры | ЭМ, ЭӨМ |
Экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн индустриялык парктарды түзүү (кеминде экини - түндүк жана түштүк региондордо) | Эки индустриялык парк түзүү | 2016-жылдын III кварталы | ЭМ, ЭӨМ | ||
Эмгек рыногу | |||||
41 | Экономиканын түзүмүнүн өзгөрүшүнө ылайык кадрларды кайра даярдоо маселесин иштеп чыгуу | Жумушчулардын кызыкдар ассоциациялары (жеңил өнөр жай, рыноктор, курулуш), эмгек мигранттар жана иш берүүчүлөр менен бирге бошоп жаткан жумушчулар үчүн кайра даярдоо багыттарын аныктоо | Жумушчуларды жана жумушсуздарды ишке орноштуруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу | 2016-жылдын I кварталы | ЭМЖМ, КТБА |
Бошоп жаткан жумушчулар үчүн кайра даярдоонун кыска мөөнөттүү программаларын (же жер-жерлердеги тренингдерди) иштеп чыгуу жана кесиптик лицейлерге киргизүү |
| 2016-жылдын I-II квартал | ЭМЖМ, КТБА | ||
Айыл чарба продукцияларына, өнөр жай товарларына, тигүү буюмдарын Евразия экономикалык союзунун талаптарына ылайык кесиптик лицейлердин окутуу программаларына киргизүү |
| 2015-жыл | ЭМЖМ, КТБА | ||
42 | Жумуш орундарын түзүү боюнча жергиликтүү демилгелерге колдоо көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун (социалдык, инфратүзүмдүк, экспортко багытталган) топтомун, каржылоо булактарын, техникалык жана методологиялык коштоону аныктоо | Региондордо жумуш орундарын түзүү жана жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү | 2015-жылдын ноябры | КРӨОЫУӨ, ЖӨБО, ЭМ |
Россия Федерациясындагы эмгек мигранттары үчүн инвестициялык жана укуктук маселелер боюнча брошюраны иштеп чыгуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, интернет аркылуу таркатуу |
| 2015-жылдын августу | ЭМЖМ | ||
43 | Миграциялык агымдарды ачык эсепке алуунун ыкчам механизмин түзүү | Маалымат алмашуу боюнча Евразия экономикалык союзунун келишиминин негизинде миграциялык агымдар боюнча маалымат алмашуу (квартал сайын) процессин оңдоо | Миграциялык агымдар боюнча ыкчам ачык-айкын маалыматтар | 2015-жылдын март-апрели | ЭМЖМ |
44 | Укуктук статусту жакшыртууда эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү | Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмегинен" мигранттарды амнистициялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү |
| 2015-жылдын февраль-марты | ЭМЖМ |
Социалдык сектор | |||||
45 | Турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча бенефициарларды стимулдаштырууну жүргүзүү | Социалдык контрактты эске алуу менен аз камсыздалган балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү механизмин иштеп чыгуу | Эмгек потенциалына ээ болгон, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн өзүн-өзү камсыздоо деңгээлин жогорулатуу | 2016-жылдын январь-февралы | СӨМ, ЭМЖМ, ФМ, Этностор агенттиги |
Кепилденген минималдык киреше өлчөмүн 10%дан кем эмес жогорулатууну караштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү | Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сактоо | 2015-жылдын июлу | СӨМ | ||
Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялардын категорияларынын санын сактоону камсыздоо (жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар категориясынын санын сактоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Финансылык макулдашуунун шарттары) | Категориялардын санынын көбөйүшүнүн же аталышын өзгөртүүнүн жоктугу, жеңилдиктердин ордуна компенсациялардын көбөйүшүнүн жоктугу; жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды алуучулардын жалпы санын кыскартуу | 2015-2016-жылдар | СӨМ, ФМ | ||
46 | Региондордо квалификациялуу кадрларды бекитүүгө көмөктөшүү | Билим берүү системасынын жумушчуларынын айлык акыларын жогорулатуу механизмдери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | Билим берүү системасынын жумушчуларынын айлык акыларын жогорулатуу | 2015-жылдын сентябры | ФМ, БИМ |
47 | Улуттук дипломдорду жана күбөлүктөрдү/сертификаттарды эл аралык талаптарга эриш-аркак келтирүү маселесин иштеп чыгуу | Евразия экономикалык союзунун жана Борбордук Азия регионунун өлкөлөрүнүн квалификацияларын салыштыруу үчүн улуттук квалификациялык рамкаларды иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын жарандарынын сертификаттарды алуу мүмкүндүгү жана регионалдык жана глобалдык эмгек рыногунда өзүнүн квалификациясын таанууга ээ болуу | 2015-жылдын декабры | БИМ |
48 | Пенсиялык системанын топтоо компонентин өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү | Пенсиялык топтоолордун инвестициялык портфелин диверсификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | КР СФнын каражаттарын инвестициялоо үчүн уруксат берилген активдердин тизмегинин КРӨ тарабынан бекитилиши | 2015-жылдын декабры | Финкөзөмөл, СФ, ЭМ |
49 | (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 772 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөө коркунучун азайтуу | |||||
50 | Декларацияланбаган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына отчётторду бербестен Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден импортту жүзөгө ашыруучу жеке адамдардан, чакан бизнестен салыктар боюнча төмөндөөгө жол бербөө. Коркунучту баалоо суммасы 750,0-1000,0 млн.сом | Ыктыярдуу патенттин негизинде коммерциялык максаттарда экспорттук-импорттук операцияларды жеке жактар тарабынан жүргүзүүнүн мүмкүн эместигин караштыруучу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу укуктук-ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык режими (КР СКнын 353-беренеси) | 2015-жылдын 10-декабрына чейин | ЭМ, МСК, МБК |
51 | Салыктык жеңилдиктердин ашыкча санынын эсебинен салык салынуучу базанын азайышына жол бербөө | Салыктык жүктү теңдөө максаты менен аларды кыскартуу предметине болгон салык жеңилдиктерди жана бошотууларды талдоо жана инвентаризациялоо. Салыктык жеңилдиктерди кыскартуу жана салыктык жүктү теңдөө боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | Салыктык жеңилдиктерди кыскартуу жана салыктык жүктү теңдөө | 2015-жылдын 10-декабрына чейин | ЭМ, ФМ, МСК, МБК, башка мамлекеттик органдар |
52 | Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттердин ортосунда сооданын көлөмүнүн азайбаган деңгээлин камсыздоо. Салыктарды төлөө мөөнөтүн 50 күнгө чейин кийинкиге калтырууга, ошондой эле Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден ташылып келген товарлар боюнча салык салуу объектисинин наркын кайра карал чыгууга байланыштуу салыктарды эсептөө үчүн салыктык базаны төмөндөтүү. Коркунучту баалоо суммасы 2000,0 млн. сом | Кирешенин кошумча булактарын издеп табуунун эсебинен мамлекеттик бюджетке кошумча түшүүлөрдү камсыздоо | Практикалык аракеттер | Иш-чаралар планынын мөөнөттөрү боюнча | ЭМ, ФМ, ММБФ, МСК, МБК, Геология агенттиги, кызыкдар мамлекеттик органдар |
Мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу | Практикалык аракеттер | 2015-жыл | ФМ, кызыкдар мамлекеттик органдар | ||
Салыктык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө кошумча эсептелген салыктарды өндүрүүнүн ордун толтуруунун эсебинен салык төлөмдөрүнүн кошумча резервдерин издеп табуу | Практикалык аракеттер | 2015-жыл | МСК, Финпол, МУКК, ИИМ, Сот департаменти (макулдашуу боюнча) ; | ||
53 | Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден автотранспорт каражаттары, темир жол, аба транспорту менен товарларды жана продукцияны ташып келүүнү жүзөгө ашырган чарба субъекттери тарабынан салыктык милдеттерди декларациялабоо коркунучун төмөндөтүү | Евразия экономикалык союзуна катышуучу мүчө-мамлекеттерден автомобиль, темир жол жана аба транспорту менен товарларды өткөрүүнү эсепке алуу механизми жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | КР Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | 2015-жылдын 1-октябрына чейин | ЭМ, МСК, "КТЖ УК" МИ, ТКМ, МЧК |
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы тарабынан Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден товарларды жана продукцияларды ташып келүү боюнча маалыматтарды берүү боюнча чараларды ишке ашыруу | ЧК менен МСК ортосунда өз ара аракеттенүү регламентин кабыл алуу | 2015-жылдын 1-июлуна чейин | МЧК, МСК, "КТЖ УК" МИ, ТКМ | ||
Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден ташылып келген товарлар жана продукциялар боюнча бирдиктүү контролдоо иш-чараларын ишке ашыруу | Бирдиктүү иш-чаралар планы | 2015-жылдын 1-июлуна чейин | МСК, "КТЖ УК" МИ, ТКМ, МЧК | ||
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен бирге Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден товарларды жана продукцияларды ташып келүү боюнча маалымат берүү бөлүгүндө, ошондой эле Бишкек жана Ош эл аралык "Манас" аэропорту ААКсынын (же ыйгарым укуктуу мекеме) Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттеринин аба кемелери менен ташып келүү жөнүндө маалымат берүү боюнча өз ара аракеттенүү регламентин иштеп чыгуу | Өз ара аракеттенүү регламенти | 2015-жылдын 1-июлуна чейин | МСК, "КТЖ УК" МИ, МЧК | ||
Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден товарларды жана продукцияны ташып келүү боюнча маалыматты берүүнү уюштуруу | Практикалык аракеттер | 2015-жыл | МСК, "КТЖ УК" МИ, МЧК, аэропорт "МАМ" ААКсы (жана/же ыйгарым укуктуу мекеме) | ||
54 | Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден ташылып келген товарлар жана продукция боюнча декларацияланган, бирок төлөнбөгөн салыктык милдеттенмени (КНС, акциз) төлөбөөдөн улам, салыктык төлөмдөрдүн толук түшпөй калуусун алдын алуу | Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден товарларды жана продукцияны ташып келүү боюнча эсепке алууну жана контролду жүзөгө ашыруучу министрликтерден жана ведомстволордон салык кызматына маалымат берүү боюнча сунушту иштеп чыгуу жана киргизүү | Сунуштар | 2015-жылдын 15-октябрына чейин | МСК, тийиштүү министрликтер жана ведомстволор |
Укук коргоо органдары тарабынан Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден товарларды жана продукцияны ташып келүү боюнча контролдоону күчөтүү боюнча өзүнчө аракеттер планын түзүү | Иш-аракеттер планы | 2015-жылдын 15-октябрына чейин | ЭМ, МСК, тийиштүү укук коргоо органдары | ||
Евразия экономикалык союзунун алкагында салыктык контролдун ченемдерине, талаптарына жана жол-жоболоруна салык кызматынын кызматкерлерин окутуу | Практикалык иш-аракеттер | 2015-жылдын июнь-августу | МСК | ||
55 | Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден ташылып келген товарлардын жана продукциянын наркынын реалдуу көлөмүнүн кыскарышына жол-бербөө. Коркунучту баалоо суммасы 800,0 млн.сом | Рейддик салыктык контролду активдештирүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу: - Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден товарларды жана продукцияны ташып келген импортёрлор тарабынан салык мыйзамдарынын сакталышы; - ККМны колдонуу | Практикалык аракеттер | 2015-жыл | МСК |
Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден ташылып келген товарлар жана продукциялар боюнча кыйыр салыктарды төлөөнүн толуктугу жана тууралыгы предметин камералык, көчмө салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү бөлүгүндө коркунуч факторлору боюнча кошумча чараларды көрүү | Практикалык иш-аракеттер | 2015-жыл | МСК | ||
Маалыматтык системаны өркүндөтүү. Программалык бөлүктү иштеп чыгуу жана толуктап иштеп чыгуу, аны ишке киргизүү, тейлөө жана коштоо | Иш жүзүндөгү аракеттер | 2015-жылдын июну | ЭМ, МСК | ||
Дислокацияны көрсөтүү менен негизги импортёрлор боюнча маалыматтар базасын милдеттүү түзүү аркылуу импортёрлорду толук эсепке алууну камсыздоо | Практикалык иш-аракеттер | 2015-жылдын августу | МБК, МСК | ||
Дислокацияны милдеттүү түзүү аркылуу импортёрлордун кампаларын толук эсепке алууну камсыздоо жана импортёрлордун кампаларын туруктуу эсепке алуу | Практикалык иш-аракеттер | 2015-жылдын июль-августу | МСК, МБК | ||
Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда маалымат алмашуу механизмин жана маалыматтык системасын мындан ары өркүндөтүү | Практикалык иш-аракеттер | 2015-жылдын август-декабры | МСК | ||
56 | Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттердин ортосунда тышкы соода ишин жүзөгө ашыруудагы ченемдер, талаптар жана артыкчылыктар жөнүндө салык төлөөчүлөрдү, калкты маалымдоону камсыздоо | Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттерден товарларды жана продукцияны ташып келүүдө салыктарды эсептөө жана төлөө, операцияларды эсепке алуу тартиби, принциптери жөнүндө салык төлөөчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү: | Түшүндүрүү иштери |
| ЭМ, МСК, МБК |
- салык төлөөчүлөр үчүн семинарларды өткөрүү; | 2015-жылдын май-июлу | ||||
- ЖМКда жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сайтында чагылдыруу жолу менен | 2015-жыл | ||||
57 | КНС боюнча каттоо босогосун жогорулатуу | КНС боюнча каттоо босогосун 4,0 млн.сомдон 6,0 млн.сомго чейин жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2015-жылдын 10-декабрына чейин | ЭМ, МСК, МБК |
58 | Кыргыз Республикасында сатуудан түшкөн салыкты жокко чыгаруу. Коркунучту баалоо суммасы 1500,0 млн.сом | Товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун жүзөгө ашыруучу тышкы экономикалык иштин катышуучулары - КНС төлөөчүлөр үчүн сатуудан түшкөн салыкты жокко чыгаруу жөнүндө маселени карап чыгуу | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2015-жылдын 10-декабрына чейин | ЭМ, МСК, МБК |
59 | Евразия экономикалык союзунун салыктык жана бажылык мыйзамдарын өзгөртүү мүмкүндүгүн карап чыгуу | Кошумча наркка салыктын ставкасын 10%га чейин төмөндөтүү мүмкүндүгүн карап чыгуу | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү ЕАЭСтин салыктык жана бажылык мыйзамдарын талдоо жана мониторингдөө | Дайыма | ЭМ, МСК, МБК |
Евразия экономикалык союзунун салыктык жана бажылык мыйзамдарына дайыма талдоо жүргүзүү | |||||
60 | Жалпы пайдалануудагы жолдор боюнча оор жүктөрдү ташуучу уюмдарга карата талаптардын шайкештигин камсыздоо | Жүк ташуучу автомашиналардын жук габариттик параметрлерин кайра карап чыгуу боюнча сунушту изилдөө жана киргизүү | ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Дайыма | ТжКМ |
61 | Салыктардын жана бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн төмөндөшүнө жол бербөө | Салыктарды жана бажы төлөмдөрүн башкарууну жакшыртуу | Практикалык иш-аракеттер | Дайыма | МСК, МБК |
| Коркунучту баалоонун жалпы алдын-ала суммасы 5300,0 млн.сом |
|
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси
АӨБ | - | Азия өнүктүрүү банкы |
ADB | - | Азия өнүктүрүү банкы (Asian Development Bank ADB) |
АӨК | - | агроөнөр жай комплекси |
ЭМнын ИИА | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиги |
КТБА | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги |
ЖЕЭК | - | Жогорку Евразия экономикалык кеңеши |
ДСУ | - | Дүйнөлүк соода уюму |
Монополияга каршы агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
Геология агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
Ветинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Экотехинспекция - | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
"КТЖ УК" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
Финпол | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финпол) |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ОА МСЭКД | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти |
ЕАЭС | - | Евразия экономикалык союзу |
ЕС | - | Европа союзу |
СЭУ | - | Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм |
ККМ | - | контролдук-кассалык машина |
ЖӨБ | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
CCM | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
АЧММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ЭАЭК | - | Эл аралык электротехникалык комиссия |
ЭӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
IFC | - | Эл аралык финансы корпорациясы (International Finance Corporation IFC) |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
КНС | - | кошумча нарк салыгы |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюм |
ӨЭУ | - | өкмөттүк эмес уюм |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
КРӨОЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ММРФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
ФМК | - | Россия Федерациясынын федералдык миграция кызматы |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
ХАССП | - | Коркунучтарды талдоо жана кескин контролдук түйүндөр (англ. Hazard Analysis and Critical Control Points HACCP) |
ОА МСЭКБ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору |