Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-декабры № 853
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Контракт боюнча аскердик кызматты мыйзамдарга ылайык Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) өтөшөт.";
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) кызматтан бошотуу (четтетүү) жөнүндө командирдин (башчынын) буйругуна сотто даттанууга байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында жарандык иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин турганда.";
- 6-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, коргоо, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын, Улуттук гвардиясынын жана Аскер сотунун кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери үчүн - Кыргыз Республикасынын коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен;";
- 61-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"61. Офицерлерди дайындоо (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу кызматтардан тышкары) төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында:
а) аскердик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан катардагы, сержанттык жана старшиналык курамдагы аскер кызматчыларын жана прапорщиктерди офицердик курамдын кызматтарына биринчи жолу дайындоо - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальнигинин буйруктары менен;
б) региондук командачылыктардын (күчтөрдүн) кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин "капитанды" кошо алганда штаттык кызматтык категориядагы кызмат орундарына - тийиштүү кол башчылардын буйруктары менен;
в) борбордук баш ийүүдөгү кошуундардын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелердин офицерлерин, ошондой эле офицерлерди региондук командачылыктардын (күчтөрдүн), борбордук баш ийүүдөгү бөлүктөрдүн арасында "капитанды" кошо алганда штаттык категориядагы кызмат орундарына дайындоо - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальнигинин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
г) калган офицерлерди - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальнигинин буйруктары менен;
2) коргоо органында - коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен;
3) Улуттук гвардияда - улуттук гвардиянын кол башчысынын буйруктары менен;
4) улуттук коопсуздук органында - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин буйруктары менен; зарыл болгон учурда улуттук коопсуздук органынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле ведомстволук мекемелеринин жетекчилерине офицерлерди кызмат орундарына ("подполковникти" кошо алганда штаттык категориядагы) дайындоо жана аларды кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу;
5) аскердик прокуратура органдарында:
- Аскер прокурорунун сунушу боюнча Аскер прокурорунун орун басарларын, улук жардамчыларын жана бөлүмдөрдүн башчыларын, аскер гарнизондорунун прокурорлорун - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктары менен;
- прокурорлордун жардамчыларын, улук прокурорлорду жана бөлүмдөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) прокурорлорун, прокурор-криминалисттерди, улук тергөөчүлөрдү жана тергөөчүлөрдү, ошондой эле башкы адистерди - Аскер прокурорунун буйруктары менен;
6) жазык-аткаруу тутумунун органында - жазык-аткаруу тутумунун органынын жетекчисинин буйруктары менен; мында жазык-аткаруу тутумунун органынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына офицерлерди кызмат орундарына дайындоо боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу;
7) өзгөчө кырдаалдар органында - өзгөчө кырдаалдар органынын жетекчисинин буйруктары менен;
8) аскер сотторунун түзүмүндө - Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун төрагасынын буйруктары менен;
9) мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо органында:
- мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар боюнча башкармалыктарынын кошундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин "капитанды" кошо алганда штаттык кызматтык категориядагы кызмат орундарына - мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар боюнча башкармалыктарынын башчыларынын буйруктары менен;
- калган офицерлерди - мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен.";
- 66-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) штаттардын кыскартылышы боюнча же өткөрүлүүчү уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу - тең кызматка которуу мүмкүн болбогондо;";
- 68-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) офицерлерди кызмат орундарына дайындоодо жана кызматы боюнча аларды которууда офицерлерди негизги же жакынкы адистиги боюнча пайдалануунун камсыздалышы, тажрыйбасы жана ар кандай жерлерде кезектешип кызмат өтөөсү жана моралдык-иштик жана кесиптик сапаттары, иштеген жылдары, тартип практикасы эске алынышы керек;";
- 72-пунктунда:
расмий тилиндеги текстинин биринчи абзацындагы "(отстранены)" деген сөз алып салынсын;
4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде офицерлер аларды ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү жөнүндө командачылык тарабынан кабыл алынган чечим менен макул болбосо жана анда аны соттук тартипте талашышса, алар иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин карамагында болушат;";
- 73-пунктунун биринчи абзацындагы "кызматтардын кыскаруусунун натыйжасында" деген сөздөр алып салынсын;
- 76-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 84-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 90-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"90. Офицерлерге аскердик наамдар (жогорку аскердик наамдардан тышкары) төмөнкүдөй ыйгарылат:
1) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында:
а) региондук командачылыктардын (күчтөрдүн) кошуундарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кенже офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары - тийиштүү кол башчылардын буйруктары менен;
б) борбордук баш ийүүдөгү кошуундарда, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелерде жана башкаруу органдарында кенже офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальнигинин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
в) улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары жана кенже, улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдары - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальнигинин буйруктары менен;
2) коргоо органында - коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен;
3) Улуттук гвардияда - Улуттук гвардиянын кол башчысынын буйруктары менен;
4) мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо органында:
- мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар боюнча башкармалыктарынын кошуундарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кенже офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары - мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар боюнча башкармалыктарынын башчыларынын буйруктары менен;
- офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары жана кенже, улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдары - мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо органынын жетекчисинин буйругу менен;
5) өзгөчө кырдаалдар жана улуттук коопсуздук органдарында кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо, кезектеги аскердик наамдары - ушул органдардын жетекчилеринин буйруктары менен;
6) жазык-аткаруу тутумунун органында:
- кенже офицердик курамдын "капитанды" кошо алганда, кезектеги аскердик наамдары - кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин начальнигинин буйруктары менен;
- улук офицердик курамдын "полковникти" кошо алганда, кезектеги аскердик наамдары, ошондой эле кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдары - жазык-аткаруу тутумунун жетекчисинин буйруктары менен;
7) Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратура органдарында кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо, кезектеги аскердик наамдары - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктары менен;
8) аскер сотторунун түзүмүндө кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо, кезектеги аскердик наамдары - коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен;
9) аскердик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө "лейтенант" жана ушул Жобонун 82-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн курсанттарга "кенже лейтенант" аскердик наамдары аскер кызматчысын окууга жиберген органдын жетекчисинин буйруктары менен ыйгарылат;
10) ушул Жобонун 82-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн жарандарга аскердик наам аскердик кызматка аныктоодо коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо же улуттук коопсуздук органынын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.";
- 91-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Аскердик прокуратура органдарынын кенже жана улук офицердик курамынын адамдарына мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдар "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарылат.";
- 111-пунктунда:
1-пунктчасындагы "коргоо органында" деген сөздөр "Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында, коргоо органдарында, Улуттук гвардияда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 117-пунктундагы "(коргоо органынан тышкары)" деген сөздөр алып салынсын;
- 122-пунктундагы "ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен" деген сөздөр алып салынсын;
-143-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"143. Запас боюнча кезектеги аскердик наамдар коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен, ал эми улуттук коопсуздук органынын запастагы офицерлерине - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин буйругу менен ыйгарылат.";
- 146-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мында аскердик наам мурда жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда ыйгарылган запастагы офицерлерге кезектеги аскердик наам ыйгарылган күндөн бир жыл өткөндөн кийин ыйгарылат.";
- 157-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 159-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"159. Аскер кызматчылары өзгөчө кызматтык зарылчылыктан (өзгөчө жана/же согуштук абал, кризистик кырдаал, козголоң, машыгууларды, операцияларды өткөрүү, кызматтык командировкалар) тышкары, өргүүдөн чакырылбайт. Мындай учурда алар мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын чечими боюнча өргүүдөн чакырылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү аскер кызматчысына ошол календардык жылдын ичинде башка убакта берилиши же кийинки жыл үчүн өргүүгө кошулушу керек. Ар жылдык өргүү (анын пайдаланылбаган бөлүгү) берилбеген учурда аскер кызматчысы өргүүгө чыкпаган бардык жылдары үчүн аны пайдалануу укугун жоготпойт.";
- 161-пунктундагы "же өзгөчө абалдарга" деген сөздөр алып салынсын;
- 186-пунктунда:
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жаш курагы боюнча - аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткенде, анын ичинде аскердик кызматта болуунун чектүү курагынан ашык аскердик кызмат узартылган мөөнөт аяктаганда;";
3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) контракттын мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча - кызматтан бошотууга башка негиздер болбосо;";
6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) дискредитациялоо боюнча:
- Куралдуу Күчтөрдүн беделин жана кадыр-баркын кетирген иш-аракеттерди жасагандыгы, офицердин же прапорщиктин жогорку наамын дискредитациялоочу жосундарды жасагандыгы үчүн - офицердик жыйналыштын (аскер бөлүгүнүн аскер кызматчыларынын жалпы жыйналышынын) чечиминин негизинде, ал эми улуттук коопсуздук органдарында иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ошондой эле кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чечими боюнча;
- сот тарабынан (өкүм менен) аскер кызматчысы кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулган, ошондой эле аларга карата тергөөчү, прокурор, сот тарабынан кылмыштын курамынын жана окуясынын жоктугу менен байланышпаган негиздер боюнча кылмыш иши токтотулган учурларда;";
төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пунктча менен толукталсын:
"9-1) чет мамлекеттин жарандыгын алууга байланыштуу;";
- 197-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- Жобонун мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "начальник" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "башчы" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |