Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-февралы № 50
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзамдын долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 92-беренеде:
- 1-бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бирдиктүү салык декларациясы салыктык отчёт болуп саналат, анын максаты субъекттин экономикалык иши жөнүндө финансылык жана башка маалыматтарды берүү.";
- 2-бөлүмүндө:
2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
4 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашоо укугуна же кайрылман статусуна ээ болгон жеке жактар;
5) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында мүлктүк объектиге ээ болгон жеке жактар.";
- 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 161-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген, Кыргыз Республикасында жашоо укугуна же кайрылман статусуна ээ болгон, киреше алган жеке жак-резидент;";
3) 162-беренесинин 1-пунктундагы:
- "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген, Кыргыз Республикасында жашоо укугуна же кайрылман статусуна ээ болгон жеке жак-резидент үчүн;";
- төмөнкүдөй мазмундагы "а-1" пунктчасы менен толукталсын:
"а-1) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген, жеке жак-резидент үчүн;".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
8-беренеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. 2015-жылдан берки мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары муниципалдык кызматчыларга таркатылат.";
- 4-бөлүгүндө:
"2015" деген цифралар "2019" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"2019-жылдан берки мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү болгон субъекттер 2019-жылга чейин бирдиктүү салык декларациясын ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу.".
3-берене.
1. Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|