Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 366 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 80
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-беренеде:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Куралдуу Күчтөрдүн курамына төмөнкүлөр кирет:
1) баш ийген командачылыктары (күчтөрү), кошуундары, аскердик бөлүктөрү жана мекемелери менен аскердик башкаруунун борбордук органы (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы);
2) баш ийген аскердик бөлүктөрү жана мекемелери менен коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик орган;
3) баш ийген кошуундары, аскердик бөлүктөрү жана мекемелери менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
4) баш ийген аскердик бөлүктөрү жана мекемелери менен Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы.
Куралдуу Күчтөрдүн командачылыктары (күчтөрү), кошуундары, аскердик бөлүктөрү жана мекемелери мамлекеттик мекемелер болуп саналат жана юридикалык жактын укуктарына ээ.
Аскер комиссариаттары аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары (Куралдуу Күчтөрдүн мекемелери) болуп саналат.
Куралдуу Күчтөрдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомун жана жарандарын агрессиядан куралдуу коргоо;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын, ошондой эле экономикалык кызыкчылыктарын куралдуу кайтаруу жана коргоо;
3) аймактык коргонууга катышуу;
4) өзгөчө жана согуштук абалдардын режимдерин кармоо;
5) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жана табигый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;
6) терроризмге жана экстремисттик иш-аракетке каршы күрөшүүгө катышуу;
7) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармоо боюнча иш-аракеттерге катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерди кайтаруу;
9) ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана жеңүү боюнча иш-чараларга катышуу;
10) коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган башка милдеттер.";
- эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн кризистик кырдаалдар деп конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун жашоосу үчүн маанилүү кызыкчылыктарга, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш режимине түздөн-түз коркунуч келтирүүчү биологиялык (эпидемиялар, эпизоотийлер, эпифитотийлер), социалдык (зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүү менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык башаламандыктар, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосмолоо, ошондой эле аларды бузуу) жана табигый-техногендик мүнөздөгү факторлордун (табигый кырсыктар, кыйроолор) жыйындысы түшүнүлөт.";
2) 7-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө мамлекеттик аскердик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча жалпы жетекчиликти Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы ишке ашырат, жетекчинин анын ыйгарым укуктарына тиешелүү болгон маселелер боюнча буйруктары, эгерде Кыргыз Республикасынын коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында башка каралбаса, Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн милдеттүү.";
3) 15-беренеде:
1-бөлүгүндө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) аскердик саясат боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана аны ишке ашырууга катышат;";
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункттагы "аскердик жана" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1) Куралдуу Күчтөрдө медициналык камсыздоону ишке ашырат;";
2-бөлүгүндө:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте Куралдуу Күчтөрдүн кошуундарын, аскердик бөлүктөрүн жана мекемелерин финансылык, материалдык-техникалык камсыздоону, материалдык каражаттарынын аскердик запастарын жана инфратүзүмүн түзүүнү уюштурат жана ишке ашырат;";
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункттагы "аскердик жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 15-1-беренеде:
1-бөлүгү:
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) коргоо жана аскердик кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырат;";
- 19-пункттагы "аскердик жана" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:
"19-1) эл аралык аскердик кызматташтык иш-чараларын ишке ашырат;";
- 23-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын чечимдери Куралдуу Күчтөр жана ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган кризистик кырдаалдар келип чыкканда коргоого жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылуучу Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын ыйгарым укуктарынын чегиндеги анын буйруктары жана директивалары менен ишке ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентине ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|