Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 89 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоону жана аталган максаттарга бөлүнгөн сыйлыктарды төлөп берүүнү уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун тартибин жөнгө салат.
2. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
2. Бул Жободо пайдаланылган түшүнүктөр жана аныктамалар:
олжолоо - аларды атып алуу же кармап алуу жолу менен аңчылык жаныбарларын табигый чөйрөдөн алуу;
аңчы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алган жеке жак, же болбосо аңчыга теңдештирилген адам;
аңчылыкты пайдалануучу - аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө Келишимге ылайык берилген белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарбасын жүргүзүү укугуна ээ (менчигинин формасына жана уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан) юридикалык жак.
3. Карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу
3. Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) региондук өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Региондордо карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча ишти жалпы координациялоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жүргүзөт.
5. Карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. Олжолонгон жырткыч жаныбарлардын орду жана саны кийин сыйлыктарды алуу максаты үчүн айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымдамалар менен ырасталат.
6. Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча пландык жана ыкчам иш-чараларды уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын штаттык кызматкерлеринин эсебинен жер-жерлерде аңчылык бригадалары түзүлөт.
Аңчылык бригадалары транспорт, курал, ок-дарылар жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен ыйгарым укуктуу органдын бекитилген сметасы боюнча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен камсыз кылынат.
4. Атайын комиссияларды түзүүнүн жана ишинин тартиби
7. Карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоонун фактысын, мезгилин жана убактысын күбөлөндүрүү, алардын жашын, ошондой эле көрсөтүлгөн терилердин түрдүк таандыгын аныктоо, аларга белги салууну ишке ашыруу, олжолоо жөнүндө актыларды тариздөө үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрация (мындан ары - мамадминистрация) тарабынан атайын комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
8. Комиссия мамадминистрациянын чечими менен беш адамдан кем эмес курамда түзүлөт.
9. Мамадминистрациянын башчысынын орун басары комиссиянын төрагасы болуп саналат.
Комиссиянын курамына мамадминистрациянын, ветеринардык кызматтын, ыйгарым укуктуу органдын, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын өкүлдөрү киришет.
10. Комиссия, анын толук курамынын 3/2синен кем эмеси болгондо добуш берүү менен чечим кабыл алат.
11. Комиссиянын ишинин графиги мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан бекитилет жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Мамадминистрация контролдоону ишке ашырат жана Комиссиянын иши үчүн зарыл шарттарды түзөт.
12. Олжолонгон карышкырлар жана чөөлөр үчүн сыйлык алуу үчүн аңчы же аңчынын өкүлү комиссияга төмөнкүлөрдү берет:
1) сыйлык төлөп берүүгө жана аны 1-тиркемеге ылайык форма боюнча которуу үчүн банктык реквизиттери көрсөтүлгөн арызды;
2) аңчынын же аңчынын өкүлүнүн паспортунун көчүрмөсүн (түп нускасын көрсөтүү менен);
3) карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоо жөнүндө айыл өкмөтүнөн 2-тиркемеге ылайык форма боюнча маалымдама;
4) алар олжолонгон күндөн 30 күндөн кечиктирбей күбөлөндүрүү үчүн олжолонгон карышкырлардын жана чөөлөрдүн (жаңы сыйрылып алынган же кургак туздалган) терилери.
13. Арыз келип түшкөн жана олжолонгон карышкырлардын жана/же чөөлөрдүн терилери тапшырылган күнү Комиссия тарабынан документтер каралат, олжолонгон карышкырлардын жана/же чөөлөрдүн терилерин күбөлөндүрүлөт, анын ичинде алардын түрдүк таандыктары аныкталат.
Документтерди кароонун жана олжолонгон карышкыр жана/же чөөлөрдүн терилерин күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
- 3-тиркемеге ылайык форма боюнча карышкырларды жана/же чөөлөрдү олжолоо жөнүндө акты түзүү тууралуу;
- ушул Жобонун 17-пунктунда каралган негиздер боюнча карышкырларды жана/же чөөлөрдү олжолоо жөнүндө акты түзүүдөн баш тартуу тууралуу.
14. Карышкырларды жана/же чөөлөрдү олжолоо жөнүндө акты түзүүнү чечкенден кийин Комиссия тарабынан алдыңкы колунун чыкаңак муунунан жана арткы бутунун тизе муунунан жогору 10 мм кем эмес диаметрдеги тешик (белги) салуу жолу менен ар бир берилген териге атайын белгилер салынат.
Отчет үчүн терилерге атайын белгилерди салуу процесси сүрөткө жана видеого тартып алынат.
15. Аңчы же аңчынын өкүлү тарабынан терилер көрсөтүлгөн күнү Комиссия тарабынан карышкырлардын жана/же чөөлөрдүн олжолонгондугу тууралуу акт 3 нускада түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органга, аңчыга же аңчынын өкүлүнө жиберилет, бир нускасы Комиссияда калат.
Комиссиянын мүчөлөрү жана аңчы тарабынан актыга кол коюлгандан кийин берилген тери (терилер) аңчыга же аңчынын өкүлүнө кайтарылып берилет.
Карышкырларды жана/же чөөлөрдү олжолонгондугу жөнүндө түзүлгөн жана кол коюлган бардык актылар так отчеттук бланкалар болуп саналат, көктөлгөн жана номерленген каттоо журналында 4-тиркемеге ылайык форма боюнча Комиссия тарабынан катталат.
16. Комиссия олжолоо жөнүндө акты түзүүдөн баш тарткан учурда аңчыга же аңчынын өкүлүнө баш тартуунун себептери жөнүндө жазуу жүзүндө билдирилет.
17. Карышкырларды же чөөлөрдү олжолоо жөнүндө акт төмөнкүдөй учурларда түзүлбөйт:
- башка түргө таандык жаныбар олжолонгондо;
- иштетилген (ашатылган) абалда терини бергенде;
- анын толук өлчөмүнүн 3/2синен кем терини бергенде;
- жаныбар райондун чегинен тышкары олжолонгондо;
- бардык колу-буту жок терилерди бергенде;
- анын түрүн аныктоого мүмкүн болбогон абалдагы терилерди бергенде;
- жаныбар олжолонгондон терини бергенге чейинки белгиленген максималдуу мөөнөттөрдөн кийин терилерди бергенде.
18. Ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык карышкырларды же чөөлөрдү олжолоо жөнүндө түзүлгөн бардык актылар документтердин толук пакети менен аңчыларга же аңчылардын өкүлдөрүнө андан ары сыйлыктарды төлөп берүү үчүн ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
19. Комиссиянын мүчөлөрү иштин сапаты жана таризделген документтердин аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
20. Комиссиянын иши боюнча бардык документтердин көчүрмөлөрү 3 жыл бою мамадминистрацияда сакталат.
21. Зарыл болгон учурда ветеринардык органдардын өкүлдөрү берилген терилерде кутурма жана башка дарттардын болушуна изилдөө жүргүзүшөт.
5. Карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүүнүн тартиби
22. Карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү тийиштүү финансылык жылга бекитилген смета боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
23. Ушул Жобонун 12-пунктунда аталган документтердин пакетинин болушу сыйлык төлөп берүү үчүн негиз болуп саналат.
Карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү киреше салыгын кармап калууну, социалдык чегерүүлөрдү жана банктык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөлөрдү эсепке алуу менен документтердин пакети жана актылар келип түшкөндөн кийин он жумушчу күндүн ичинде аңчыга же аңчынын өкүлүнө банктык которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
24. Сыйлык каражаттары которулгандыгы жөнүндө маалымат ал ишке ашырылгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде аңчыга же аңчынын өкүлүнө жеткирилет.
Сыйлыктын суммаларын албай калган учурда аңчы же аңчынын өкүлү ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө кайрылууга тийиш.
6. Карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоодогу сактык чаралары
25. Карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү процессинде кутурма жана башка оорулардын болушу шектелгенде сактык ченемдеринин санитардык-гигиеналык чаралары көрүлүүгө тийиш.
Мындай жаныбарды олжологон учурда биринчи кезекте анын адамдар жана жаныбарлар менен контактта болушун максималдуу жокко чыгаруу жана бул туурасында ветеринардык кызматка кабарлоо керек.
Эгерде карышкыр, чөө же башка жапайы жаныбар адамдарды тиштеп алса, дарылоо эмдөөсүн жүргүзүү үчүн аларды жакынкы медициналык мекемеге токтоосуз жиберүүнү уюштуруу зарыл.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
|
| Кимге: ______________________________ ____________________________________ Кимден: _____________________________ (аты-жөнү) ____________________________________ ____________________________________ туулган жылы "__" ______________ Төмөнкү дарек боюнча жашагандын туулган жери: ____________________________________ ____________________________________ Байланыш телефону №: __________ Паспорту: сериясы ______ номери ______ ким тарабынан берилген _______________ берилген датасы _____________________ СИН ________________________________ Банктык реквизиттери _________________ ____________________________________ |
АРЫЗ
Мен, аңчы (аңчынын өкүлү) _________________________________________________, "__" __________ 20__-ж. __________________________________ районунун __________________________________________ айыл өкмөтүнүн аймагынан төмөнкүлөрдү олжолодум:
- чоң карышкыр | ______________________ | баш; |
- бөлтүрүктөр | ______________________ | баш; |
- чөөлөр | ______________________ | баш. |
Олжолонгон жаныбарлар үчүн мага сыйлык төлөп берүүнү өтүнөм _____ барактагы зарыл документтерди тиркейм.
__________________________ | аты-жөнү |
|
(колу) |
|
|
"__" _____________ 20__-ж.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Штамп
№ _____ МААЛЫМДАМА
____________________________________________________________________________ ал,
(аңчынын же аңчынын өкүлүнүн аты-жөнү)
______________________________ районунун ______________________________ айыл өкмөтүнүн аймагында төмөндөгүлөрдү олжологондугу анык экендигине берилет:
- чоң карышкыр | ____________________ | баш "__" ____________ 20__-ж.; |
- бөлтүрүк | ____________________ | баш "__" ____________ 20__-ж.; |
- чөө | ____________________ | баш "__" ____________ 20__-ж. |
Маалымдама сыйлык алуу үчүн атайын комиссияга тапшыруу үчүн берилди.
______________________________________ айыл өкмөтүнүн башчысы
_____________________________ | аты-жөнү | М.О. |
(колу) |
|
|
"__" ___________ 20__-ж.
Датасы
Маалымдама номерленет жана каттоо журналында катталат.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
АКТ № _____
Олжолоо жөнүндө _______________________________________
Жаныбардын түрү (карышкыр, чөө)
"__" ____________ 20__-ж. |
| ______________________ |
|
| түзүлгөн жери |
____________________________________________________ районунун атайын комиссиясы (мындан ары - комиссия) төмөнкү курамда:
Комиссиянын төрагасы:
_____________________________________________________________________________________
/кызматы, аты-жөнү/
Комиссиянын мүчөлөрү:
_____________________________________________________________________________________
/кызматы, аты-жөнү/
_____________________________________________________________________________________
/кызматы, аты-жөнү/
_____________________________________________________________________________________
/кызматы, аты-жөнү/
_____________________________________________________________________________________
/кызматы, аты-жөнү/
Ушул акт төмөнкүчө түзүлдү, аңчы
_____________________________________________________________________________________
/аты-жөнү/
_____________________________________________________________________________________
/туулган жылы, үй дареги/
_____________________________________________________________________________________
/паспортунун маалыматтары: сериясы, №, ким тарабынан, качан берилген/
Өзөндө ______________________________________________________________________________
Аңчылык жерлерде ____________________________________________________________________
/чарба, район, айыл өкмөтү/
"__" ___________ 20__-ж. | _________________________________________ | баш олжолоду |
| (карышкыр, чөө) |
|
Атайын комиссия тери (терилер) _________________________________________________________
жаныбардын түрү: карышкыр (бөлтүрүк), чөө
териси болуп санала тургандыгын тастыктайт
Тери(лер) белги коюлгандан кийин мергенчиге кайтарылды.
Белги коюу алдыңкы колунун чыканак муунунан жана арткы бутунун тизе муунунан жогору 7-8 мм диаметрдеги тешик салуу жолу менен жүргүзүлдү.
Тиркеме: ________________________________________________________________________________
(терилердин же толугу менен жаныбардын фотоматериалдары жана д.у.с.)
Акт 3 нускада түзүлдү жана төмөнкүлөргө жиберилди:
- 1 нуска - атайын комиссияга;
- 1 нуска - ыйгарым укуктуу органга;
- 1 нуска - карышкырдын же чөөнүн терисин берген аңчыга же аңчынын өкүлүнө.
Комиссиянын колдору:
Комиссиянын төрагасы: | ________________________________________________________ |
|
| кызматы, колу, аты-жөнү |
|
Комиссиянын мүчөлөрү: | ________________________________________________________ |
|
| кызматы, колу, аты-жөнү |
|
| ________________________________________________________ |
|
| кызматы, колу, аты-жөнү |
|
| ________________________________________________________ |
|
| кызматы, колу, аты-жөнү |
|
| ________________________________________________________ |
|
| кызматы, колу, аты-жөнү |
|
Аңчы же аңчынын өкүлү | ________________________________________________________ |
|
| /колу, аты-жөнү/ |
|
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоо актысын каттоо ЖУРНАЛЫ
№ | Мергенчинин аты-жөнү | Дареги | Айыл өкмөттүн маалымдамасынын № жана датасы | Олжолоо жөнүндө актынын № жана датасы | Эскертүү |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|