Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 133
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 499 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511, 2021-жылдын 5-мартындагы № 72) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун түзүү менен байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2-1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясы Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборун Кыргыз билим берүү академиясынан бөлүп чыгаруу жана анын базасында мамлекеттик мекеме болгон "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун" түзүү аркылуу өзгөртүп түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)
2-2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алты айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык, укуктук жана башка маселелерди чечсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 499 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ