Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 53
2016-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
2016-жылдагы дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасының конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 3, 4-майдагы жумуш күндөрү тиешелүү түрдө 30-апрелге жана 7-майга которулсун.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жыл сайын ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт" мусулмандар майрамдары иш эмес майрам күндөрү болуп саналат.
3.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |