Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-апрели № 212
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 53 "2016-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
2016-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 53 "2016-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 3, 4-майдагы жумуш күндөрү тиешелүү түрдө 30-апрелге жана 7-майга которулсун.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |