Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 165 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 200
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Долбоор
1-берене.
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 756-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-берененин биринчи абзацы "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-берененин 6-бөлүгүнүн 7-пунктту күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 12-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-берененин 2-бөлүгүндөгү "мамлекеттик бүтүндүгүн жана коопсуздугун" деген сөздөр "аймактык бүтүндүгүн, улуттук коопсуздугун, коргоону, аскердик милдетке тиешелүү мамилелерди жана Мамлекеттик чек арасын кайтарууну" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти