Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апрели № 176
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 320 "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге 2015-жылга үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 320 "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге 2015-жылга үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген тизмек ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Тиркеме
2015-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин ТИЗМЕГИ
| Уюмдардын аталышы | 2015-жылга бюджеттен каралган (сом) |
1 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү бюджети | 7577944,53 |
2 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 5164174,91 |
3 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Аба чабуулунан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет | 1574205,01 |
4 | Жамааттык коопсуздук келишиминин уюму | 19531074,97 |
5 | Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу бюджети | 7070017,78 |
6 | Бириккен Улуттар уюмунун тынчтык операциялары, эл аралык трибуналдары | 13422893,55 |
7 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму | 2568707,60 |
8 | Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы (Венециандык комиссия) | 119262,53 |
9 | Шанхай кызматташтык уюмунун секретариаты | 22764932,18 |
10 | Шанхай кызматташтык уюмунун региондук террорчулукка каршы түзүмү | 13761075,61 |
11 | Экономикалык кызматташтык уюму | 1617853,00 |
12 | Түрк маданияты эл аралык уюму | 4649995,76 |
13 | Ислам кызматташтык уюму | 752681,84 |
14 | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 2196430,61 |
15 | Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюму | 1428009,34 |
16 | Миграция боюнча эл аралык уюм | 344784,17 |
17 | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму | 4296479,64 |
18 | Азия өнүктүрүү банкы | 77291598,55 |
19 | Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы | 890188,00 |
20 | Дүйнөлүк соода уюму | 1754320,25 |
21 | Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму | 147984,14 |
22 | Ядролук сыноолорго бардык жагынан тыюу салуу жөнүндө келишим боюнча уюм | 141487,46 |
23 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясы | 15768060,00 |
24 | Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясы | 3517778,49 |
25 | Парламенттер аралык союз | 652210,58 |
26 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясы | 98645,44 |
27 | Ислам кызматташтык уюмунун парламенттик союзу | 0,00 |
28 | Кылмыштуулук полициясынын эл аралык уюму | 1037979,50 |
29 | Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик | 441123,55 |
30 | Баалуу кагаздар боюнча комиссиянын эл аралык уюму | 844025,00 |
31 | Дүйнөлүк метеорология уюму | 861000,00 |
32 | ДНЯО обзордук конференциясынын даярдоочу комитети | 6698,72 |
33 | Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы | 29999999,99 |
34 | Интернационалист жоокерлердин иштери боюнча комитет | 49606,37 |
35 | Түрк академиясы | 0,00 |
| Жыйынтыгы | 242343229,07 |