Загрузка документа…
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 186 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практика менен алектенүүгө төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар укуктуу:
- жогорку ветеринардык билимдин болушу;
- адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
- Жеке ветеринардык дарыгерлердин реестринде каттоодо болушу.
2. Жеке ветеринардык дарыгерлердин реестри
3. Жеке ветеринардык дарыгерлердин реестри (мындан ары - Реестр) - бул өзүнө Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүүчү адамдардын кесиптик маалыматтарын каттоону жана сактоону камтыган системалаштырылган маалыматтар базасы.
4. Реестрди түзүү жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы (мындан ары - Ветеринардык палата) тарабынан ишке ашырылат.
Жеке ветеринардык практиканы жүргүзүүчү адамдар жөнүндө маалыматтарга тиешелүү Реестрде катталган өзгөртүүлөр бир айдын ичинде Ветеринардык палатага маалымдалышы керек.
5. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн максаты төмөнкүлөр болуп саналат:
- ветеринардык практиканы жүргүзүүчү жеке ветеринардык дарыгерлерди сандык жана сапаттык эсепке алуу;
- жеке ветеринардык дарыгерлердин кесиптик билиминин жана көндүмдөрүнүн деңгээлин квалификациялык контролдоо;
- үзгүлтүксүз кесиптик даярдоону уюштуруу жана сапатын контролдоо;
- жеке ветеринардык дарыгерлердин Ветеринардык дарыгерлердин кесиптик этика кодексинин талаптарын сактоосун контролдоо;
- Ветеринардык палатанын жеке ветеринардык дарыгерлерге тиешелүү маалыматтар жөнүндө ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоосу.
6. Жеке ветеринардык дарыгерлер (мындан ары - жеке ветеринарлар) Реестрде каттоодон өтүшү керек жана Ветеринардык палата тарабынан бекитилген Ветеринардык дарыгерлердин кесиптик этика кодексин сактоого жана өзүнүн кесиптик даярдыгынын деңгээлин дайыма жогорулатууга милдеттүү.
3. Жеке ветеринарларды үзгүлтүксүз кесиптик даярдоо
7. Жеке ветеринарларды үзгүлтүксүз кесиптик даярдоо - бул жеке ветеринарлардын кесиптик билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүүнүн үзгүлтүксүз процесси.
8. Жеке ветеринарларды үзгүлтүксүз кесиптик даярдоо системасы Ветеринардык палатанын контролу астында ишке ашырылат.
9. Жеке ветеринарларды үзгүлтүксүз кесиптик даярдоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- уюштуруу-методикалык камсыздоону өркүндөтүү, ветеринардык маселелер боюнча ата мекендик жана чет өлкөлөрдүн жаңы методдорун үйрөнүү аркылуу билимди жогорулатуу;
- ветеринария жаатындагы актуалдуу темалар боюнча маалыматтар базасын түзүү жана колдоо;
- ветеринария боюнча пландарды, окуу программаларын түзүү жана окутуу курстарын, лекцияларды уюштуруу, окуу куралдарын, окуу китептерин жана башка материалдарды чыгаруу;
- жаш жеке ветеринарларга насаатчылык системасын киргизүү;
- жеке ветеринарлардын квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуулугун баалоо.
4. Жеке ветеринарлар тарабынан ветеринардык кызматтарды көрсөтүү тартиби
10. Ветеринардык кызматтар жеке ветеринарлар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык, келишимдин мамилелер принциптеринде көрсөтүлөт.
Көрсөтүлүүчү ветеринардык кызматтын акысынын өлчөмү мыйзамда белгиленген тартипте келишим менен аныкталат.
Ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө типтүү келишимдин формасы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
11. Жеке ветеринардын ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча аты-жөнү жана идентификациялык номери көрсөтүлгөн жеке мөөрү болушу керек.
12. Жеке ветеринардын иштеген жеринде мамлекеттик жана расмий тилдерде өз ишинин профилин, уюштуруу формасын жана аталышын, ошондой эле дареги жана иштөө режими жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен көрнөгү болууга милдеттүү.
13. Жеке ветеринар сапаттуу ветеринардык кызматтарды көрсөтүүгө жана жаныбарлардын ээлерине көрсөтүлүүчү ветеринардык кызматтар жөнүндө жеткиликтүү түрдө маалымдоого тийиш.
14. Көрсөтүлүүчү ветеринардык кызматтар жөнүндө маалымат көрүүгө ыңгайлуу жерде болууга жана милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- көрсөтүлүүчү ветеринардык кызматтардын негизги түрлөрүнүн тизмегин;
- жеке ветеринардын Реестрге кирүүсү жөнүндө маалыматты;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын тизмегин.
15. Жеке ветеринар жаныбарлардын ээлерине көрсөтүлүүчү ветеринардык кызматтардын сапатына коркунуч келтирген, мүмкүн болуучу оорлошуулар жана алдын алуу чараларын көрүү тартиби жөнүндө өз убагында эскертет.
16. Жеке ветеринар төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- оптималдуу мөөнөттөрдө жана натыйжалуу каражаттар менен инфекциялык, мителик жана башка ооруларга каршы ветеринардык-санитардык иш-чараларды, жаныбарларды профилактикалык эмдөөлөрдү жана дарылоону жүргүзүүнү, ошондой эле өтүнмө боюнча өз убагында дарылоо жардамын көрсөтүүнү;
- жаныбарларды профилактикалык кароону;
- жаныбарларды сатып алуу, көбөйтүү, тоюндуруу, кам көрүү, багуу жана өстүрүү технологиялары маселелери боюнча консультация берүүнү;
- дарт аныктоодо, профилактикада жана дарылоодо жаныбарларга терс таасирлерин тийгизбөөчү каражаттарды жана методдорду колдонууну;
- ветеринардык иш-чаралардын жаныбарлардын саламаттыгы жана өндүрүмдүүлүгү, ошондой эле айлана-чөйрөнүн абалы үчүн коопсуздугун.
5. Жеке ветеринарлардын кесиптик этикасы
17. Кесиптик этика маселелери Ветеринардык дарыгерлердин кесиптик этика кодекси менен регламенттелет.
18. Ветеринардык дарыгерлердин кесиптик этика кодекси калктын ден соолугун жана жаныбарлардын бакубатчылыгын коргоо ишинде сапаттуу ветеринардык кызматтарды көрсөтүү аркылуу коомдун кызыкчылыктарын коргоо максатында жеке ветеринарлардын этикалык жана кесиптик жүрүм-турумунун негизги принциптерин аныктайт.
19. Жеке ветеринарлардын Ветеринардык дарыгерлердин кесиптик этика кодексинин ченемдерин сактабагандыгы үчүн же бузгандыгы үчүн Ветеринардык палата ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жеке ветеринарларга өткөрүп берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну сунушташы мүмкүн.