Загрузка документа…
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 186 токтому менен бекитилген |
Ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жеке ветеринардык дарыгерлерге өткөрүп берүү маселелерин регламенттейт.
2. Ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жеке ветеринардык дарыгерлерге (мындан ары - жеке ветеринарлар) өткөрүп берүү келишимдик негизде жүргүзүлөт.
2. Ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби
3. Жеке ветеринарларга ветеринария жаатындагы төмөнкү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилет:
- бекитилген участоктордо ветеринардык контролду жүргүзүү;
- эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү.
4. Ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 жылдык мөөнөткө өткөрүлүп берилет. Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келишимди ошол эле мөөнөткө узартат.
5. Ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимде тараптардын укуктарынын жана милдеттеринин толук тизмеги көрсөтүлөт.
3. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
6. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү функцияларды аткарат:
- жеке ветеринарлар тарабынан ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышына, ошондой эле бул максаттарга берилген каражаттардын пайдаланылышына контроль жүргүзөт;
- жеке ветеринарлардан ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу менен байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана башка документтерди сурайт;
- ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө жеке ветеринарлар үчүн отчеттордун формаларын белгилейт;
- ушул Жободо белгиленген учурларда жана тартипте ветеринария жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузат;
- ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоо үчүн арналган ветеринардык препараттар жана дары каражаттары менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздайт;
- жеке ветеринарларга ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, укуктук, техникалык жардам көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы (мындан ары - Ветеринардык палата) менен бирге келишим менен ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн жеке ветеринарлардын квалификациясын жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз кесиптик окутууну уюштурат.
7. Ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аракетсиздик же өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбоо, же болбосо жарандардын же/жана Ветеринардык палатанын ошол жеке ветеринардын ишинин маселелери боюнча терс жана негативдүү кайрылуулары учурларында ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өкүлдөө жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу аркылуу чакыртылып алынат.
8. Ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча иш жүргүзүү төмөнкү учурларда токтотулат:
- ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
- келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- жеке ветеринардын ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди келишимде белгиленген тартипте жана шарттарда аткаруудан баш тартуусу;
- ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык.
4. Жеке ветеринардын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
9. Жеке ветеринар төмөнкүлөргө укуктуу:
- ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан методикалык, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамды, ошондой эле ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди алууга;
- ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн арналган ветеринардык препараттар жана дары каражаттары менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоону талап кылууга;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге оорулардын мамлекеттик бюджеттен каражаттар каралбаган түрлөрүнө каршы чектөөчү жана карантиндик иш-чараларды, ошондой эле жаныбарларды профилактикалык эмдөөнү, дартын аныктоону жана дарылоону уюштурууга;
- келишимде каралган учурларда ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууга.
10. Жеке ветеринар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетторду ай сайын берүүгө;
- ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн берилген ветеринардык препараттарды жана дары каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыздоого;
- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларына шектенүүдө же аныктоодо ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө ыкчам маалымдоого;
- өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатууга.
11. Ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу учурунда жеке ветеринар ага ветеринария жаатындагы өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн берилген пайдаланылбаган ветеринардык препараттарды жана дары каражаттарын ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайтарып берет.