Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 186
Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирге жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү жана ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында 2016-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2017-жылдын 1-апрелине чейин колдонулат.
Премьер-министри | Т.Сариев |