Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-майы № 247
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Пирматов, Ч.И.Жакупова, А.У.Жапаров, А.Т.Сулайманов, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-майындагы № 247 токтому менен жактырылган |
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Пирматов, Ч.И.Жакупова, А.У.Жапаров, А.Т.Сулайманов, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул Мыйзамдын долбоору менен өз ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жер үлүшүнүн жалпы аянтына жана айыл чарба жерлеринин төмөнкүдөй түрлөрүнө жараша белгиленет:
- сугат жерлери: 0,3 гектарга чейин жер үлүшүнө ээлик кылгандар үчүн - 0,2 пайыз, 0,3 гектардан 1 гектарга чейин - 0,35 пайыз, 1 гектардан 5 гектарга чейин - 0,5 пайыз, 5 гектардан 10 гектарга чейин - 0,75 пайыз, 10 гектардан 50 гектарга чейин - 1,25 пайыз, 50 гектардан 100 гектарга чейин - 1,5 пайыз, 100 гектар жана андан жогору - 1,75 пайыз;
- кайрак жерлер, көп жылдык өсүмдүктөр, чөп чабыктар: 0,3 гектарга чейин жер үлүшүнө ээлик кылгандар үчүн - 0,1 пайыз, 0,3 гектардан 1 гектарга чейин - 0,25 пайыз, 1 гектардан 5 гектарга чейин - 0,35 пайыз, 5 гектардан 10 гектарга чейин - 0,5 пайыз, 10 гектардан 50 гектарга чейин - 1 пайыз, 50 гектардан 100 гектарга чейин - 1,25 пайыз, 100 гектар жана андан жогору - 1,5 пайыз.
Ошол эле учурда өз ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2025-жылга чейин төмөнкү өлчөмдөргө жеткирүү менен өткөн календардык жылы республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акыдан эсептелет:
1) 50 гектарга чейин жер үлүшүнө ээлик кылгандар үчүн - 2 пайыздык деңгээлге чейин;
2) 50 гектардан 100 гектарга чейин жер үлүшүнө ээлик кылгандар үчүн - 4 пайыздык деңгээлге чейин;
3) 100 гектарга жана андан жогору жер үлүшүнө ээлик кылгандар үчүн 6 пайыздык деңгээлге чейин.
Мыйзамдын долбоору менен 2025-жылга карата камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 0,3 гектарга чейинки жер үлүшүнө ээлик кылгандар үчүн да, 50 гектарга чейинки жер үлүшүнө ээлик кылгандар үчүн дагы 2 пайыз өлчөмүндө белгилене тургандыгын белгилеп кетүү керек.
Буга байланыштуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдей тарифтерин белгилөө ири жер ээлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдө артыкчылык абалды түзө тургандыгын жана майда дыйкан (фермердик) чарбалар тарабынан аларды төлөөдө көйгөйлөрдөн арылтпасын белгилейбиз, анткени камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн 93,8 пайызына жакыны 1 гектарга чейинки жер үлүшүнө ээ болгондор, анын ичинен 18,1 пайызы - 0,05 гектарга чейинки жана 16,2 пайызы - 0,05 гектардан 0,10 гектарга чейинки жер үлүшүнө ээ болгондор.
Мыйзамдын долбоорунда жер үлүшүнүн аянтына жараша айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн дифференциялоо сунушталууда.
Алсак, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, сугат жерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин өлчөмү тарифтердин белгиленген ставкаларынын 100 пайызын түзөт, айыл чарба жерлеринин башка түрлөрү үчүн (кайрак жерлер, көп жылдык өсүмдүктөр, чөп чабыктар) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленүүдө: 0,3 гектарга чейинки жер үлүшүнө ээ болгондор үчүн - сугат жерлери үчүн белгиленген ставканын 50 пайызы, 0,3 гектардан 1 гектарга чейинки жер үлүшү үчүн - 71 пайыз, 1 гектардан 5 гектарга чейин жер үлүшү үчүн - 70 пайыз, 5 гектардан 10 гектарга чейин жер үлүшү үчүн - 67 пайыз, 10 гектардан 50 гектарга чейин жер үлүшү үчүн - 80 пайыз, 50 гектардан 100 гектарга чейин жер үлүшү үчүн - 83 пайыз, 100 гектар жана андан жогору жер үлүшү үчүн - 86 пайыз, бул айыл чарба жерлеринин түрдүү аянттарына ээлик кылгандарга бирдей эмес шарттарды түзөт.
Мындан сырткары, 2025-жылга карата айыл чарба жерлеринин бардык түрлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин бирдей ставкалары белгиленүүдө, бул айыл чарба жерлеринин ар кандай түрүнө ээлик кылгандардын кызыкчылыктарын басмырлоого, камсыздандыруунун адилетсиз төлөм жүгүн белгилөөгө алып келет.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт деп белгиленген, буга байланыштуу Мыйзамдын долбооруна экономикалык эсептер жана финансылык негиздемелер берилген эмес.
Ошону менен бирге эле сунушталган Мыйзамдын долбоорунда мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшү каралган, анткени өз ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзгөн 50 гектарга чейин жер үлүшүнө ээ дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 2025-жылга 2 пайыздык деңгээлге чейин азайтуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин кирешесинин төмөндөшүнө алып келээрин белгилеп кетүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук акты мамлекеттик бюджеттен каржылана турган болсо, алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынбай тургандыгына көңүл буруу керек.
Бул Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык ишкердикти жөнгө салуучуга багытталбагандыктан Мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуучу таасири талданбайт, анткени пенсиялык камсыз кылуунун көйгөйлөрүн козгогон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын дифференциялоого багытталган.
Ошону менен бирге эле Мыйзамдын долбоору менен айыл чарба жерлеринин түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин өзгөртүү жана белгилөө каралууда, мындан улам камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары экономикалык жактан негизделүүгө жана жөнгө салуучу таасири талданууга тийиш экендигин белгилеп кетмекчибиз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасири талданууга тийиш.
Жөнгө салуучу таасирин талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлөт жана камсыздалат.
Жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде иштеп чыгуучу тарабынан даярдалган негиздеме берилбесе ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылат.
Буга байланыштуу жогоруда аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү аркылуу экономикалык жактан негиздөөнү талап кылат.
Мындан тышкары, Мыйзамдын 2-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айдын ичинде өз чечимдерин бул Мыйзамга ылайык келтирүүгө тапшырма берилген.
Ушуга байланыштуу бул Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген талаптарды, коомдук талкуулоо, аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашуу жол-жобосун кошо эске алуу менен өз чечимдерин кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүүгө убакыт талап кылынат.
Баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндө "үч" деген сөздү "алты" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, бул Мыйзамдын долбоору жогоруда баяндалган сунуштарды эске алуу менен кошумча толуктап иштеп чыгууну талап кылат.
Маалымат катары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн колдонулуп жаткан тарифтерине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифин төмөндөтүү максатында өз ишин юридикалык жакты түзбөй жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү, ошондой эле жеке ишкердик жүргүзгөн адамдар үчүн жер үлүштөрүнүн аянттарын жана категорияларын эске алуу менен тарифтик саясатты өзгөртүү боюнча "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору даярдалып жаткандыгын билдиребиз.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Пирматов, Ч.И.Жакупова, А.У.Жапаров, А.Т.Сулайманов, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген Мыйзамдын долбоорунун негизги жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жогоруда аталган мыйзам долбоорунда эске алына тургандыгын белгилейбиз.