Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 203
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 25-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 10-беренеде:
1-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине, муниципалдык кызматтардын базалык реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн типтүү стандартынын негизинде кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мекеме тарабынан иштелип чыгат.";
3-бөлүм "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн" деген сөздөрдөн кийин "жана базалык реестрге кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн" деген сөздөр менен толукталсын;
4-бөлүм "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн" деген сөздөрдөн кийин "кошумча тизмесинин" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|