Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 11-апрели № 206

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелерине ылайык пайдадан салыкты жана кошумча наркка салыкты төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;

- турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Т.Сариев

 

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелерине ылайык пайдадан салыкты жана кошумча наркка салыкты төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын ТИЗМЕГИ

№

Уюмдардын аталышы

Идентификациялык салык номери

1

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы

00211199210036

2

Ош "Ошсууканал" муниципалдык ишканасы

02201200410193

3

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы

00205199410037

4

"Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому

01206200110146

5

"Түндүкэлектр" ачык акционердик коому

02505200110080

6

"Чыгышэлектр" ачык акционердик коому

01206200110193

7

"Ошэлектр" ачык акционердик коому

02805200110091

8

"Жалалабатэлектр" ачык акционердик коому

00506200110079

9

Жалал-Абад мэриясына караштуу "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгы

01107199410089

10

"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы

02711199010024