Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 206
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелерине ылайык пайдадан салыкты жана кошумча наркка салыкты төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
- турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелерине ылайык пайдадан салыкты жана кошумча наркка салыкты төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын ТИЗМЕГИ
№ | Уюмдардын аталышы | Идентификациялык салык номери |
1 | Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы | 00211199210036 |
2 | Ош "Ошсууканал" муниципалдык ишканасы | 02201200410193 |
3 | Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы | 00205199410037 |
4 | "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому | 01206200110146 |
5 | "Түндүкэлектр" ачык акционердик коому | 02505200110080 |
6 | "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому | 01206200110193 |
7 | "Ошэлектр" ачык акционердик коому | 02805200110091 |
8 | "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коому | 00506200110079 |
9 | Жалал-Абад мэриясына караштуу "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгы | 01107199410089 |
10 | "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы | 02711199010024 |