Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-майы № 233
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, айрым мыйзам актыларды "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 341-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чыгармачыл иштин жыйынтыктарын тыюу салынгандардын эсебине киргизүү жөнүндөгү чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.".
2-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин Тоо гезити, 1998-жылдын 25-ноябры, № 185-186) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 15-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Китепканалардын жана аны пайдалануучулардын мыйзамдуу укуктарын кемсинткен аталган органдардын чечимдерине, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.";
- 22-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Каттоодон баш тартууга "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.";
- 23-беренин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик китепканаларды жоюу тууралуу бейукук чечимге жеке жана юридикалык жактар, коомдук бирикмелер же көзөмөлчү (окурмандар) кеңеш "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга укуктуу.".
3-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:
"11-1-статья. Даттануу укугу
Жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын козгоочу иш жүзүндөгү кесепеттерге алып келген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимине, аракеттерине же аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.".
4-берене.
"Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин Тоо гезити, 1997-жылдын 19-декабры, № 112-113) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Даттануу укугу
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана кызмат адамдарынын жеке жана юридикалык жактардын маалымат алуу укугун кемсинткен аракеттерине же аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.".
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 981-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
35-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35-статья. Маалымат берүүдөн баш тартууга даттануу
Маалымат берүүдөн баш тартууга, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын бузган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башка аракеттери же аракетсиздиги жана чечимдери маалыматты сураган жеке жана юридикалык жактын тандоосу боюнча "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.".
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти