Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июлу № 442
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде бул мыйзамдын долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Долбоор |
1-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж. № 7, 761-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы жетимиш экинчи - сексен экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Исламдын атайын финансылык компаниясынын бөлүнгөн активдери - ислам атайын финансы компаниясынын сатып алган мүлкү жана талап коюу укуктары, алар боюнча түшкөн каражаттар.
Ислам баалуу кагаздарын кармоочу - эмитенттин белгиленген менчигинде же бизнесинде ага пайызды камсыз кылуучу кеминде бир ислам баалуу кагазы бар жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ болгон жеке же юридикалык жак.
Ислам баалуу кагаздарын ишеним берип башкаруу - карамагына өткөрүп берилген ислам баалуу кагаздарын сый акы үчүн (белгилүү бир мөөнөттүн ичинде) юридикалык жактын ишеним алып өз атынан башкаруусу.
Инвестициялык долбоор - инвестициялык макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу, белгилүү бир мезгилдин ичинде белгиленген натыйжаларга жеткенге чейин инвестицияларды практикалык ишке ашырууну караган иш-чаралардын жана документтердин комплекси.
Ислам баалуу кагаздары - эмитенттин белгиленген менчигинде же бизнесинде бөлүштүрүлгүс үлүшкө менчик укугун күбөлөндүргөн, исламдык каржылоо принциптеринин (шарияттын стандарттарынын) негизинде чыгарылган баалуу кагаздар.
Исламдын атайын финансылык компаниясы - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ислам баалуу кагаздарын чыгарууну жүзөгө ашыруучу оригинатор түзгөн юридикалык жак.
Оригинатор - сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде исламдын атайын финансылык компаниясына активин же бизнесин берүүчү жана (же) исламдын атайын финансылык компаниясынын уюштуруучусу болуп эсептелген юридикалык жак.
Ислам баалуу кагаздарын жабуу - кармоочуга таандык ислам баалуу кагаздарынын санынын ушул чыгаруудагы ислам баалуу кагаздарынын жалпы санына болгон пропорционалдуу катышындагы үлүшкө туура келген акчалай сумманы мөөнөтүндө төлөө, бул мөөнөт ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспектинде белгиленет, ал эми акчалай сумма бөлүнгөн активдердин эсебинен Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөнөт.
Ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлдөрү - эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын кызыкчылыгында иштеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.
Резервдик фонд - ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан алынган акча каражаттарын инвестициялоонун натыйжасында пайда болгон чыгымдарды жабуу үчүн арналган каражаттар, резервдик фондду түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун проспекти менен аныкталат.".
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-глава менен толукталсын:
"6-1-глава. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун жана жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
36-1-берене. Ислам баалуу кагаздарынын өзгөчөлүктөрү
1. Ислам баалуу кагаздары эмитенттин белгилүү бир менчигиндеги же бизнесиндеги ислам баалуу кагаздарын кармоочуларынын ислам баалуу кагаздарын кармоочунун инвестицияларына пропорционалдуу бөлүнгүс укугун билдирет.
2. Ислам баалуу кагаздарын чыгарууда бул кагаздардын эмитенти төмөнкүлөргө укуксуз:
- ислам баалуу кагаздарын кармоочуга пайыздарды төлөп берүүгө;
- ислам баалуу кагаздарын кармоочуга баалуу кагаздар боюнча кирешени кепилдөөгө.
3. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына зыян алып келиши мүмкүн болгон, мыйзамда тыюу салынган иштерди каржылоого жумшалбашы керек.
36-2-берене. Ислам баалуу кагаздарынын түрлөрү
Кыргыз Республикасында эмитенттер төмөнкүдөй баалуу кагаздарды чыгарышы мүмкүн:
1) ислам ижаралык сертификаттары (Сукук аль Ижара), мында оригинатор эмитентке менчик укугун же белгилүү активди пайдалануу укугун берет, ал эми эмитент ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде баяндалган ижара төлөөнүн шарттарында бул активдерди кайрадан оригинаторго ижарага берет;
2) долбоордук каржылоонун ислам сертификаттары (Сукук ал Истисна), мында эмитент оригинаторго белгилүү активди өндүрүүгө ыйгарым укук берет, ал эми активдерди өндүрүү бүткөндөн кийин эмитент ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде баяндалган ижара төлөөнүн шарттарында бул активдерди оригинаторго ижарага берет;
3) үлүштүк катышуунун ислам сертификаттары (Сукук аль Мудараба), мында эмитент белгилүү бир бизнесте эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн оригинаторду өзүнүн жоопкерчилиги чектелген өнөктөшү кылып дайындайт, ал эми пайда ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда бөлүнөт;
4) инвестиция агенттигинин ислам сертификаттары (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар), мында эмитент оригинаторду ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн өзүнүн агенти кылып бекитет;
5) өнөктөштүктүн ислам сертификаттары (Сукук аль Мушарака), мында эмитент жана оригинатор капиталын же активин белгилүү бир бизнеске салат жана оригинатор бул бизнести башкаруучу болуп дайындалат, муну менен бирге мындай бизнестен түшкөн пайдалар ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда бөлүштүрүлөт.
36-3-берене. Ислам баалуу кагаздарын чыгарууга талаптар
1. Ислам ижаралык сертификаттары.
Ислам ижаралык сертификаттарын чыгаргандан кийин оригинатор активди(дерди) ислам баалуу кагаздарын чыгаруудан алынган каражаттарга сатуу-сатып алуу келишими боюнча эмитентке сатат. Андан кийин эмитент ижара келишиминин негизинде жана ижара акысына оригинаторго (же анын ишенимдүү адамына) бул активди (дерди) ижарага берет. Эмитент ижара төлөмдөрүн ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын арасында бөлүштүрөт.
Ислам ижаралык сертификаттары эмиссиянын проспектине ылайык алардын мөөнөтү бүткөнгө чейин жабылышы же сатып алынышы керек.
Оригинатор (же анын ишенимдүү адамы) эмитенттен ислам баалуу кагаздарынын белгиленген колдонуу мөөнөтү бүткөндө же милдеттенмесин аткарбай калган учурда активди(дерди) сатып алууга милдеттенет.
Ислам ижаралык сертификаттарынын негизинде жаткан активдер каржылоонун ислам принциптеринин (шарияттын стандарттарына) талаптарына ылайык келиши керек. Бул активдерди пайдалануу каржылоонун ислам принциптеринин (шарияттын стандарттарына) талаптарына ылайык келиши керек.
Ислам ижаралык сертификаттарынын негизинде жаткан активдер үчүн эмитенттин төлөгөн баасы бул активдердин рыноктук наркын, калдыктын наркын же чыныгы наркын чагылдырышы керек.
2. Долбоордук каржылоонун ислам сертификаттары.
Долбоордук каржылоонун ислам сертификаттарын чыгаргандан кийин эмитент контракттын негизинде белгилүү бир активдерди өндүрүүгө оригинаторго ыйгарым укук берет. Эмитент активдерди өндүргөндүгү үчүн оригинаторго ислам баалуу кагаздарын чыгаруудан түшкөн каражаттардан төлөп берет.
Долбоордук каржылоонун ислам сертификаттарынын негизинде жаткан актив (дер) каржылоонун ислам принциптеринин талаптарына (шарияттын стандарттарына) ылайык келиши керек.
Тиешелүү долбоор аяктагандан кийин оригинатор эмитентке белгилүү бир активдерге укукту берет. Долбоор аяктагандан кийин тиешелүү активдер оригинаторго (же анын ишенимдүү адамына) ижара келишиминин негизинде жана ижара акысына ижарага берилет.
Долбоордук каржылоонун ислам сертификаттары эмиссиянын проспектине ылайык алардын мөөнөтү бүткөнгө чейин жабылышы же сатып алынышы керек.
Оригинатор (же анын ишенимдүү адамы) эмитенттен ислам баалуу кагаздарынын белгиленген колдонуу мөөнөтү бүткөндө же милдеттенмесин аткарбай калган учурда активди(дерди) сатып алууга милдеттенет.
3. Үлүштүк катышуунун ислам сертификаттары.
Үлүштүк катышуунун ислам сертификаттарын чыгаргандан кийин эмитент башкарууга келишимдин негизинде оригинаторду өзүнүн жоопкерчилиги чектелген өнөктөшү кылып дайындайт. Оригинатор белгилүү бир бизнесте ислам баалуу кагаздарын чыгаруудан алынган каражаттарды башкарат, ал каржылоонун ислам принциптеринин талаптарына (шарияттын стандарттарына) ылайык келүүсү керек.
Оригинатордон башка каалаган үчүнчү жак ислам баалуу кагаздарынан түшкөн эмиссиялык кирешенин наркына кепилдик бере алат.
Ислам баалуу кагаздары белгиленген мөөнөткө чейин төлөнүшү керек, бирок төлөөнүн наркы бул кагаздардын негизинде жаткан бизнестин наркына жараша болот.
Бизнестен түшкөн кирешелер ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектине ылайык шарттарда бөлүштүрүлөт. Олдоксондуктун, алдамчылыктын же оригинатор милдеттенмесин атайын аткарбагандыгынын натыйжасында чыгым келтирилген учурда, мындай чыгымдын орду оригинатордун гана эсебинен толтурулат.
4. Инвестициялык агенттиктин ислам сертификаттары.
Инвестициялык агенттиктин ислам сертификаттарын чыгаргандан кийин эмитент инвестициялык агенттиктин контрагынын негизинде оригинаторду өзүнүн инвестициялык агенти кылып дайындайт. Оригинатор ислам баалуу кагаздарын чыгаруудан алынган каражатты белгилүү бир иш үчүн инвестициялайт, ал каржылоонун ислам принциптеринин талаптарына (шарияттын стандарттарына) ылайык келиши керек.
Оригинатордон башка каалаган үчүнчү жак ислам баалуу кагаздарынан түшкөн эмиссиялык кирешенин наркына кепилдик бере алат.
Ислам баалуу кагаздары белгиленген мөөнөткө чейин төлөнүшү керек, бирок аларды төлөөнүн наркы бул кагаздардын негизинде жаткан инвестициялардын наркына жараша болот.
Бизнестен түшкөн кирешелер ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектине ылайык шарттарда бөлүштүрүлөт. Олдоксондуктун, алдамчылыктын же демилгечи милдеттенмесин атайын аткарбагандыгынын натыйжасында чыгым келтирилген учурда, мындай чыгымдын орду оригинатордун гана эсебинен толтурулат.
5. Ислам өнөктөштүк сертификаттары.
Ислам өнөктөштүк сертификаттарын чыгаргандан кийин оригинатор инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу жана/же белгилүү бир башкаруучулук кызматтарды көрсөтүү үчүн мүлкүн жана/же акча каражаттарын салуу жолу аркылуу белгилүү бир инвестициялык долбоорлорго катышат. Эмитент бул инвестициялык долбоорлорго ислам баалуу кагаздарын чыгаруудан алынган каражаттарды салуу аркылуу катышат.
Оригинатор менен эмитент өнөктөштүк макулдашуусун түзүшөт. Инвестициялык долбоорлордун пайдалары жана чыгымдары ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинин шарттарына ылайык эмитент менен оригинатордун ортосунда бөлүштүрүлөт.
Оригинатордон башка каалаган үчүнчү жак инвестициялык долбоорго эмитенттин салымынын наркына кепилдик бере алат.
36-4-берене. Жоюу
1. Оригинатор төмөнкү учурлардын каалаганында тиешелүү ислам баалуу кагаздарын жоёт же сатып алат:
1) ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде белгиленген учурларда;
2) контракттын шарттарында каралган учурда;
3) Исламдын атайын финансылык компаниясын жоюу жөнүндө чечим кабыл алганда;
4) үлүштүк катышуунун ислам сертификаттарын, инвестициялык агенттиктин сертификаттарын же өнөктөштүк сертификаттарын чыгарууда - инвестициялык долбоор аяктаганда.
2. Инвестициялык долбоор төмөнкүдөй учурларда аяктады деп эсептелет:
1) инвестициялык долбоордун мөөнөтү бүткөн учурда;
2) ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектине ылайык.
3. Ислам баалуу кагаздарын мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда оригинатор ислам баалуу кагаздары боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү акчанын суммасын Исламдын атайын финансылык компаниясынын бөлүнгөн активдерине которот (берет).
Исламдын атайын финансылык компаниясы бөлүнгөн активдерге кирген каражаттардын эсебинен ислам баалуу кагаздарын кармоочулар менен эсептешүүнү жүзөгө ашырат.
4. Оригинаторду жойгон учурда инвестициялык долбоорго катышкан каалаган мүлк ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлдөрү тарабынан сатылат жана сатуудан түшкөн кирешелер ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын ортосунда алардын үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүлөт.
36-5-берене. Ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспекти
1. Ислам баалуу кагаздары ачык сунуштоо шарттарын жана баалуу кагаздын аталган түрү боюнча эмиссиянын проспектин каттоого алгандан кийин гана ачык сунушталат.
2. Ислам баалуу кагаздарынын эмитенти баалуу кагаздардын рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан башка кошумча төмөнкүдөй документтерди берет:
1) ислам баалуу кагаздары боюнча кирешелердин өлчөмүн аныктоонун тартиби;
2) ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга ислам баалуу кагаздары боюнча кирешени төлөп берүүнүн мөөнөтү жана шарттары;
3) резервдик фондду түзүүнүн тартиби, анын ичинде эмитенттин бөлүнгөн активдеринин курамында бул фондду түзүүгө жана андан ары калыптандырууга багытталган алынган кирешенин пайызы, ошондой эле резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча маалыматтар;
4) эмитент менен оригинатордун ортосундагы инвестициялык долбоор боюнча (катышуунун ислам сертификаттарын чыгарууда) кирешени бөлүштүрүүнүн тартиби жана пайыздык катышы;
5) баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспектинде белгиленген милдеттенмелерди оригинатордун аткаруусунун шарттарын аныктоочу эмитент менен оригинатордун ортосундагы түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү, катышуунун ислам сертификаттарын сатып алуу же мөөнөтүнөн мурда жоюу, ошондой эле ислам баалуу кагаздарын чыгаруу проспектинде белгиленген учурларда эмитенттен мүлктү сатып алуу боюнча милдеттенмелерди кошо алганда;
6) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлдөрү менен эмитенттин ортосундагы кол коюлган контракттын көчүрмөсү;
7) бөлүнгөн активдерден түзүлгөн мүлктү ишеним берип башкаруу келишиминин көчүрмөсү (мүлктү ишеним башкарууга берүүдө).
8) долбоордун толук сүрөттөлүшүн, пландалган финансылык агымдарды, кооптуу тобокелдиктерди жана жоюу мөөнөтүн камтуу менен инвестициялык долбоордун бизнес-планынын көчүрмөсү.
3. Ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспекти төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) ислам баалуу кагаздары тууралуу маалыматтар;
а) ислам баалуу кагаздарынын түрлөрү;
б) чыгарылуучу ислам баалуу кагаздарынын саны;
в) бир ислам баалуу кагазынын номиналдык наркы;
г) номиналдык наркы боюнча ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун жалпы көлөмү;
д) ислам баалуу кагаздарынын кирешелеринин өлчөмүн аныктоонун тартиби;
е) ислам баалуу кагаздары боюнча кирешени ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга төлөөнүн мөөнөтү жана шарттары;
ж) резервдик фондду түзүүнүн тартиби, анын ичинде эмитенттин бөлүнгөн активдеринин курамында бул фондду түзүүгө жана андан ары калыптандырууга багытталган алынган кирешенин пайызы, ошондой эле резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча маалыматтар;
з) эмитент менен оригинатордун ортосундагы инвестициялык долбоор боюнча (катышуунун ислам сертификаттарын чыгарууда) кирешени бөлүштүрүүнүн тартиби жана пайыздык катышы;
и) бөлүнгөн активдерди ишеним берилген башкаруучуга (оригинаторго) төлөнүүчү комиссиялык сыйакынын өлчөмү;
к) каржылоо объектине коюлуучу талаптар (катышуунун ислам сертификаттарын чыгарууда);
л) ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу жөнүндө маалыматтар, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен;
- ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруунун мөөнөтү (жайгаштыруу башталган жана аяктаган дата);
- ислам баалуу кагаздарын жүгүртүүнүн мөөнөтү (жүгүртүү башталган жана аяктаган дата);
- ислам баалуу кагаздарын жоюунун датасы жана шарттары;
- ислам баалуу кагаздарын жойгон жер (орду);
- ислам баалуу кагаздарын жоюу ыкмалары;
м) ислам баалуу кагаздарын төлөөнүн шарттары жана тартиби, эсептешүү ыкмалары;
н) эмитенттин жана оригинатордун милдеттери жана укуктары;
о) ар бир ислам баалуу кагазынын төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен кармоочуга берген укуктары:
- ислам баалуу кагаздарын мөөнөтүнөн мурда жоюу жана сатып алуунун тартибин (ислам баалуу кагаздарын жоюунун жана сатып алуунун шарттары, учурлары, мөөнөттөрү);
- ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга эмитенттин жана оригинатордун иши жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде ислам баалуу кагаздарын кармоочулар үчүн маалыматтар чагылдырыла турган жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды камтуу менен эмитенттин жана оригинатордун финансылык отчетун берүүнүн тартибин;
- каржылоо үчүн инвестициялык долбоорлорду тандап алууда (катышуунун ислам сертификаттарын чыгарууда) оригинатор менен бирге чечимди кабыл алууга укукту жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун;
- окуяларды, ал болгон учурда ислам баалуу кагаздары боюнча дефолт жарыяланышы керек;
п) ислам баалуу кагаздары боюнча дефолт учурунда эмитент менен оригинатордун көрүүчү чаралары, ошондой эле ислам баалуу кагаздарын жоюу боюнча милдеттенмени аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктарын коргоо жол-жоболору;
р) регистратордун аталышын, анын турган ордун, телефон номерин, келишимдин номерин жана датасын көрсөтүү менен ислам баалуу кагаздары боюнча укуктарды эсепке алуунун тартиби;
с) төлөм агенти жөнүндө маалымат (аталышы, турган орду, телефон номери, тиешелүү келишимдин датасы жана номери).
2) Ислам ижаралык сертификаттарын чыгарууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- колдонуудагы ижара келишими бузулган учурда (финансы лизинги) ижарага жаңы келишимди түзүүнүн шарттары жана мөөнөтү (финансылык лизинги);
- ислам ижаралык сертификаттарын кармоочуларга жана (же) алардын өкүлдөрүнө ижара келишими (финансы лизинги) түзүлгөн (бузулган) факты жөнүндө билдирүүнүн тартиби жана мөөнөтү;
- бөлүнгөн активдерден түзүлгөн мүлктү ижарага (финансы лизинги) берүү келишими боюнча түшкөн төлөмдөрдү бөлүштүрүүнүн тартиби жана мөөнөтү;
- бөлүнгөн активдердин курамына кире турган мүлктөр жана талап кылуу укуктары жөнүндө маалыматтар, ошондой эле аларды алуунун шарттары, тартиби жана мөөнөтү.
3. Ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан алынган акчаларды пайдалануу.
Ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан алынган акчаларды инвестициялоонун тартиби жана шарттары, ошондой эле шарттар көрсөтүлөт, бул шарттар келип чыкканда алынган акчаны бөлүштүрүү планы өзгөрүшү мүмкүн, мындай өзгөрүүлөрдү, ислам баалуу кагаздарын чыгаруудан жана жайгаштыруудан алынган каражаттардын эсебинен сатып алынуучу мүлктү баалоонун тартибин жана мөөнөтүн көрсөтүү менен.
4) Бөлүнгөн активдер боюнча убактылуу бош түшүүлөрдү инвестициялоонун тартиби.
5) Оригинатор жөнүндө маалыматтар:
а) төмөнкүлөрдү камтуу менен оригинатор жөнүндө жалпы маалыматтар:
- аталышы жана дареги, анын ичинде алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн аталышы жана дареги;
- бардык мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар (кайра каттоону кошо алганда);
- иштин түрлөрү;
- аудиторлордун толук расмий аталышы;
- өндүрүштүк, банктык жана финансылык топторго жана башка бирикмелерге катышуу;
б) оригинатордун кызмат адамдары тууралуу маалыматтар:
- оригинатордун башкаруу органдарынын түзүмү жана компетенциясы жөнүндө маалыматтар;
- оригинатордун башкаруу органдарынын курамына кирген жактардын тизмеси, оригинатордун башкаруу органдарына кирген жактардын ортосундагы аффилиацияланган байланыштардын мүнөзү;
- оригинатордун жана анын туунду жана көз каранды коомдоштугунун акцияларынын (үлүштөрүнүн) кызмат адамдарына таандык саны;
в) оригинатордун акционерлери (катышуучулары) жана аффилирленген жактары жөнүндө маалымат;
д) оригинатордун тиешелүү ислам баалуу кагаздарына чейинки чыгарылган баалуу кагаздары жөнүндө маалымат;
е) оригинатордун акыркы эки финансылык жылга жылдык финансылык отчету (жаңы түзүлгөн оригинатордон башкасы);
ж) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлдөрү жөнүндө маалымат;
- аталышы, турган орду, байланыш телефондору;
- башкаруу органдары жана кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар;
- баалуу кагаздар рыногунда брокердик жана дилерлик ишти жүзөгө ашырууга ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлдөрүнүн лицензиясынын номери жана датасы;
- ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга жана эмитенттерга карата ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлдөрүнүн укуктары жана милдеттери;
- ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын алдында эмитенттин милдеттенмелерди аткаргандыгы жөнүндө эмитенттин отчетун өкүлдүн алуусунун тартиби жана мөөнөтү;
- өкүлдүн каржылоо объекти жөнүндө документтерди жана маалыматтарды алуусунун тартиби жана мөөнөтү;
- өкүлдүн эмитентке же оригинаторго ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун шарттарына каржылоо объектисинин шайкеш келбегендигинин себебинен ислам баалуу кагаздарын мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө талаптарды жөнөтүүсүнүн тартиби жана мөөнөтү;
з) оригинатордун учурдагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат.
4. Эмитент жана оригинатор ислам баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу шарттарын өзгөртүүгө укугу жок, эгерде мындай өзгөртүүлөр ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын буза турган болсо.
5. Эмитент жана оригинатор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу үчүн ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү билдирүүгө милдеттүү:
1) ислам баалуу кагаздарына карата дефолттун пайда болгондугу тууралуу;
2) ислам баалуу кагаздарын каалагандай сатып алуу жана жокко чыгаруу планы жөнүндө;
3) ислам баалуу кагаздары боюнча пайданы төлөбөөнүн каалаган чечими жөнүндө;
4) жаңы ислам баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча бардык сунуштар жөнүндө.
36-6-берене. Исламдын атайын финансылык компаниясы (ИАФК)
1. Исламдын атайын финансылык компаниясы акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында же болбосо жоопкерчилиги чектелген коом катары түзүлөт.
Исламдын атайын финансылык компаниясы оригинатор тарабынын түзүлөт. Ислам атайын финансы компаниясын түзүү, иштетүү жана жоюу боюнча чыгымдарды оригинатор өзүнө алат. Исламдын атайын финансылык компаниясынын түзүлүүсүнө жана иштөөсүнө байланыштуу талаптар баалуу кагаздардын рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген.
2. Исламдын атайын финансылык компаниясынын уставдык капиталы акча каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруу жана жайгаштыруу компаниянын акцияларын (уставдык капиталдагы катышуу үлүшү менен) уюштуруучу төлөгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
3. Атайын финансылык компания чыгарган колдонуудагы ислам баалуу кагаздары толук көлөмдө жоюлмайынча исламдын атайын финансылык компаниясы кошумча баалуу кагаздарды чыгара албайт.
4. Исламдын атайын финансылык компаниясы тарабынан ислам баалуу кагаздарын чыгаруу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздардын рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык катталат.
5. Исламдын атайын финансылык компаниясын ыктыярдуу кайра уюштуруу жана жоюу исламдын атайын финансылык компаниясы чыгарган ислам баалуу кагаздарынын жоюлгандыгы же сатып алынгандыгы толук ырасталгандан кийин Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Иштеп жаткан исламдын атайын финансылык компаниясындагы бардык кайра уюштуруулар (бириктирүү, бөлүнүп чыгуу, кошулуу, бөлүштүрүү, кайра түзүү) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Исламдын атайын финансылык компаниясы ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын алдындагы бардык милдеттенмелерин аткаруу үчүн өзүнүн активдерин пайдаланат жана тиешелүү баалуу кагаздар үчүн бардык резервдик фонддорду түзө алат.
Исламдын атайын финансылык компаниясынын ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын алдындагы бардык милдеттенмелери баалуу кагаздарды чыгарууга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн бардык төлөмдөр исламдын атайын финансылык компаниясы тарабынан ишке ашырылаардан мурда аткарылат.
7. Исламдын атайын финансылык компаниясы тарабынан ислам баалуу кагаздарынын чыгарылышын камсыздоо болуп саналган бөлүнгөн активдерге өндүрүп алуу - исламдын атайын финансылык компаниясынын милдеттенмелерин аткаруу үчүн гана чегерилиши мүмкүн.
8. Ислам ижаралык сертификаттарын чыгарууну жүзөгө ашыруучу исламдын атайын финансылык компаниясынын бөлүнгөн активдеринин курамына мүлктүн төмөнкүдөй түрлөрү кирет:
1) ижарага (финансы лизинги) берилүүчү кыймылсыз жана башка мүлктөр;
2) ижаранын (финансы лизингинин) түзүлгөн келишими боюнча талап кылуу укугу;
3) ижаранын (финансы лизингинин) келишими боюнча алынган, ошондой эле кирешеге төлөп берүүгө багытталган акча;
4) резервдик фонддун курамына алынган финансы инструменттери;
5) ислам ижаралык сертификаттарынын чыгаруу проспектинде каралган башка активдер.
Исламдын атайын финансылык компаниясы ислам ижаралык сертификаттарын чыгаруу проспектинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө ислам ижаралык сертификаттарын жайгаштыруудан алынган акчага тиешелүү мүлктү жана талап кылуу укугун сатып алат.
9. Ислам ижаралык сертификаттарын жүгүртүү ислам атайын финансы компаниясынын бөлүнгөн активине кирүүчү мүлккө ижара (финансы лизинги) келишимин (келишимдерин) түзгөндөн кийин гана ишке ашырылуусу мүмкүн.
Исламдын атайын финансылык компаниясынын бөлүнгөн активине кирүүчү мүлккө ижара (финансы лизинги) келишими бузулган учурда жана ислам ижаралык сертификаттарын чыгаруу проспектинде белгиленген мөөнөттө башка ижарачы (лизинг алуучу) менен жаңы келишим түзүлбөсө, бөлүнгөн активдерди түзүүчү мүлктү оригинатор сатып алат. Мында исламдын атайын финансылык компаниясы ислам ижаралык сертификаттарынын мөөнөтүнөн мурда жоюлгандыгын жарыялайт.
10. Исламдын атайын финансылык компаниясы ислам ижаралык сертификаттарынын кармоочуларына жана (же) алардын өкүлүнө компаниянын бөлүнгөн активдерине кирген мүлккө (финансы лизинги) ижара келишими түзүлгөн (бузулган) фактысы жөнүндө ислам ижаралык сертификаттарын чыгаруу проспектинде жана ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлү менен түзүлгөн келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө билдирет.
11. Бөлүнгөн активдерди түзүүчү мүлккө ижара (финансы лизинги) келишими боюнча келип түшкөн төлөмдөр исламдын атайын финансылык компаниясы тарабынан ислам ижаралык сертификаттарын чыгаруу проспектинде каралган мөөнөттө жана тартипте бөлүштүрөт.
12. Исламдын атайын финансылык компаниясы катышуунун ислам сертификаттарын жайгаштыруудан түшкөн акча каражаттарын жаңы инвестициялык долбоорду уюштуруу, буга чейинки инвестициялык долбоорду өнүктүрүү же жөнөкөй шериктик келишиминин негизинде же болбосо акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында юридикалык жакты түзүү менен ишкердик ишти каржылоо үчүн пайдаланат.
Оригинатор инвестициялык долбоорго:
1) жогоруда аталган юридикалык жактын акционери (катышуучусу);
2) жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу;
3) инвестициялык долбоорду ишеним берип башкаруучу катарында катышат.
13. Исламдын атайын финансылык компаниясынын инвестициялык долбоордогу акциялары (катышуу үлүшү) инвестициялык долбоор түзүлгөн учурдан баштап же болбосо катышуунун ислам сертификаттарын чыгаруу проспектинде каралган мөөнөттө оригинаторго ишеним берип башкарууга берилиши мүмкүн.
14. Эгерде, исламдын атайын финансылык компаниясы инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруучу уюмдун акционери болгон учурда исламдын атайын финансылык компаниясына артыкчылыктуу сатып алуу укугун берүүдө акцияларга төлөп берүү үчүн каражаттарды сатып алуу максатында исламдын атайын финансылык компаниясы тарабынан чыгарылган катышуунун ислам сертификаттарынын санын көбөйтүүгө жол берилет.
Катышуунун ислам сертификаттарынын чыгарылган саны көбөйгөндө исламдын атайын финансылык компаниясынын ички документтери аркылуу катышуунун ислам сертификаттарын чыгаруу проспектине өзгөртүүлөрдү киргизүү мамлекеттик каттоодон өткөн датага катышуунун ислам сертификаттарынын кармоочулары болуп саналган адамдардын катышуунун ислам сертификаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралат.
Мындай укукту жүзөгө ашыруу тартиби исламдын атайын финансылык компаниясынын ички документтери менен белгиленет.
15. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу башталган учурда исламдын атайын финансылык компаниясы катышуунун ислам сертификаттарын кармоочуларга үч жумушчу күндүн ичинде катышуунун ислам сертификаттарын чыгаруу проспектинде каралган жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирүүнү жарыялоо аркылуу аларды жүгүртүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдайт.
16. Инвестициялык долбоор боюнча киреше катышуунун ислам сертификаттарын чыгаруу проспектинин шарттарына ылайык исламдын атайын финансылык компаниясы менен оригинатордун ортосунда бөлүштүрүлөт.
17. Оригинаторду жойгон учурда:
1) коом менен болгон келишим өзүнүн аракетин токтотот. Аталган инвестициялык долбоорду түзгөн мүлк катышуунун ислам сертификаттарын кармоочулардын өкүлү тарабынан сатылууга тийиш, мында аталган мүлктү сатуудан алынган акча катышуунун ислам сертификаттарын кармоочуларга алардын үлүшүнө ылайык катышуунун ислам сертификаттарын чыгаруу көлөмүнө жараша төлөнөт.
2) инвестициялык долбоордогу акциялар (катышуу үлүшү) ислам атайын финансы компаниясы тарабынан андан ары сатуу жана катышуунун ислам сертификаттарын кармоочулар менен эсептешүү үчүн ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлдөрүнө берилет.
18. Исламдын атайын финансылык компаниясы өзүнүн бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте менчик активдер жана бөлүнгөн активдер боюнча өзүнчө финансылык отчет берет. Исламдын атайын финансылык компаниясы тарабынан бухгалтердик эсепти жана финансылык отчет берүүнү жүргүзүүнүн тартиби бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
19. Исламдын атайын финансылык компаниясы ислам баалуу кагаздарынын активдерине жана ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга менчик активдерден өзүнчө эсеп жүргүзөт.
20. Исламдын атайын финансылык компаниясы өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда каржылоонун ислам принциптеринин (шарияттын стандарттарына) талаптарына ылайык келиши жана оригинатордун буйругунун талаптарын жетекчиликке алуусу керек.
21. Исламдын атайын финансылык компаниясынын аталышы анын ишине ылайык келиши керек жана "ISFC" (ИАФК) аббревиатурасын камтыйт.
22. Исламдын атайын финансылык компаниясы катары Кыргыз Республикасында каттоодон өтпөгөн субъекттер өзүнүн аталышында "ISFC" (АИФК) аббревиатурасын пайдаланууга укуксуз.
23. Исламдын атайын финансылык компаниясы жана анын кызмат адамдары бардык мыйзамга каршы аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык толук жоопкерчилик тартышат.
36-7-берене. Исламдык баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлү
1. Ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлү оригинатордун, эмитенттин жана үчүнчү жактын алдында кармоочулардын кызыкчылыгын коргойт.
2. Эмитент брокерлик жана дилердик ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучусунун ичинен ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлүн дайындайт.
3. Ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлү эмитенттин же оригинатордун аффилирленген адамы болбошу керек.
4. Эмитент менен ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлүнүн ортосунда контракт түзүлөт. Контракт төмөнкү жоболорду камтышы керек:
1) келишимдин предмети;
2) тараптардын укуктары жана милдеттери;
3) эмитент менен оригинатор тарабынан өкүлгө ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө келишимге ылайык ага иш-милдеттерин жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты берүүнүн тартиби.
4) эмитентке, ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга өкүлдүн отчет берүүсүнүн тартиби;
5) контракттын шартын бузгандыктары үчүн оригинатордун, эмитенттин жана өкүлдүн жоопкерчилиги;
6) өкүлдүн көрсөткөн кызматы үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;
7) өкүлдүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу учурлары жана тартиби;
8) келишимдин колдонулуу мөөнөтү жана бузуунун тартиби.
9) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген башка шарттар.
5. Өкүлгө анын иш-милдеттерин жана милдеттерин аткарууга зарыл болгон маалыматтарды берүүнүн тартиби, ал өз ичине оригинатор менен эмитенттин өкүлгө төмөнкү маалыматтарды берүүнүн формасы жана шарттары жөнүндө маалыматты камтышы керек:
1) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктары жана кызыкчылыктары маселелерине карата эмитенттин жана оригинатордун башкаруу органдарынын мурда кабыл алган тиешелүү чечимдери;
2) оригинатор менен эмитенттин ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде белгиленген милдеттенмелерин аткаргандыгы боюнча отчеттору, анын ичинде төмөнкүлөр жөнүндө отчет берүү:
- ислам баалуу кагаздарынын негизинде жаткан бардык активдердин/бизнестердин кирешелерин бөлүштүрүү жана ислам баалуу кагаздары үчүн тиешелүү резервдик фонддорду түзүү жөнүндө;
- ислам сертификаттарын жайгаштыруудан алынган каражаттарды пайдалануу жөнүндө;
- ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде белгиленген тартипте эмитент менен оригинатордун жылдык финансылык отчетунун маселелери боюнча;
- ислам баалуу кагаздарын кармоочулар үчүн зарыл болгон бардык инвестициялык долбоорлор боюнча.
6. Ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлү төмөнкүдөй иш-милдеттерди аткарат:
1) ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектине ылайык эмитент менен оригинатордун милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоо;
2) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында чараларды көрүү;
3) ислам баалуу кагаздарын жайгаштыруудан алынган каражаттардын эсебинен сатып алынган бардык активдерге мониторинг өткөрүү;
4) ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга бардык иш-аракеттер жана бул пунктка ылайык алардын жыйынтыктары жөнүндө маалымдоо.
7. Ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн өкүл төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келүүчү жагдайларды аныктоо жана бул жөнүндө мындай жагдайлар болгон учурдан тартып 3 календарлык күндүн ичинде аларга маалымдоого;
2) өзүнүн өкүл катары ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу эмитент кол койгон контракт бузулган датадан тартып 3 календарлык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ислам баалуу кагаздарын кармоочуларга билдирүүгө;
3) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлү катары өзүнүн ишине тиешелүү маалыматты жана документтерди алардын суроо-талабы боюнча берүүгө;
4) купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
8. Өкүл ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун шарттарынын кандай гана болбосун бузулгандыгы жөнүндө маалыматты мындай шайкеш келбестик аныкталган датадан тартып үч календарлык күндүн ичинде ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
9. Өкүл ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын тапшырмасы боюнча мындай тапшырманы алгандан кийин үч календарлык күндүн ичинде ислам баалуу кагаздарын чыгаруунун шарттарынын сакталбагандыгына байланыштуу аларды мөөнөтүнөн мурда жоюу же сатып алуу тууралуу билдирмени эмитентке же оригинаторго берет.
10. Ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын өкүлүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурлардын бардыгында 7 күндүн ичинде токтотулат:
1) өкүлдүн баалуу кагаздар рыногунда дилердик же брокердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын колдонулушун үч айга чейинки мөөнөткө токтото туруу;
2) кайра уюштуруу, жоюу себептери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өкүлдүн ишин токтотуу;
3) тараптардын макулдашуусу боюнча;
4) ислам баалуу кагаздарын кармоочулардын 10 пайызы же андан көбү эмитентке өкүлдү алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылганда же эмитент эгерде ислам баалуу кагаздарын кармоочулардан кармоочулардын өкүлү өзүнүн милдеттенмесин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы тууралуу маалымат алган учурда эмитенттин тапшырмасы боюнча;
5) өкүлдүн келишиминин колдонулушу токтотулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде.".
2-берене.
1. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|