Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 258
“Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 12, 534-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-берененин 3-бөлүгүндөгү “сот тартибинде” деген сөздөр “административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
41-статьянын 3-бөлүгүндөгү “сот тартибинде” деген сөздөр “административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене
“Озон катмарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 6¹-статья менен толукталсын:
“6¹-статья. Кызмат адамдарынын чечимдерине даттануу тартиби
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын чечимдери административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.”.
4-берене
“Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001 -ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
31-статьянын 1-бөлүгүндөгү “соттук тартипте” деген сөздөр “административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти