Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-майы № 243
2016-жылдын 16-февралында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 16-февралында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Кувейт тарапка кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-майындагы 243 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кувейт шаары, 2016-жылдын 16-февралы
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү,
эки мамлекеттин ортосунда маданият жана искусство жаатындагы кызматташууну орнотууга жана өнүктүрүүгө умтулушуп,
жана Тараптардын мамлекеттериндеги ченемдерге жана эрежелерге ылайык алардын элдеринин маданий ар түрдүүлүгүн жана өзүн чагылдыруу эркиндигин эске алуу менен иш-чаралар жана жалпы кабыл алынган маданий ченемдер менен алмашууну колдоо ниетинде
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар ушул Макулдашуу менен макул болот жана өз мамлекеттеринин мыйзамына ылайык маданият жана искусство жаатында кызматташат.
2-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин элдери үчүн визит алмашуу жана иш-чаралар аркылуу алардын маданий өз алдынчалуулугун сактоо жана аны өнүктүрүү, ошондой эле өз элдеринин искусствосу, маданияты жана маданий формалары менен таанышуу максатында өз ара түшүнүүнү кубатташат.
3-берене.
Тараптар адабият, искусство, котормо, кино, архитектура, музейлер, китепканалар, архивдер жана башка чөйрөлөрдө түз байланыштарды түзүшөт.
4-берене.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү, кабыл алуучу тарап уюштурган китеп көргөзмөлөрүнө катышууну кубатташат.
5-берене.
Тараптар маданият тармагындагы кызматташууга жана Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү фестивалдарга, конкурстарга, иш-чараларга, көргөзмөлөргө, конференцияларга, симпозиумдарга, семинарларга, квалификацияны жогорулатуу курстарына жана музыка, театр, кино, искусство, фольклор, археология, музей жаатындагы башка маданий иш-чараларга катышууга көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринде балдар үчүн маданият жумалыгын өткөрүүнү кубатташат жана ал төмөнкүдөй иш-чараларды камтуусу керек:
- балдар үчүн музыкалык же театрлаштырылган шоу;
- балдардын сүрөт көргөзмөлөрүн өткөрүү;
- балдар искусствосу жаатындагы кесипкөй сүрөтчүлөрдүн балдар үчүн көркөм мастер-класстарын өткөрүүсү;
- балдар үчүн фильмдерди көрсөтүү;
- эки мамлекеттин авторлорунун жана басып чыгаруучуларынын китеп көргөзмөлөрүн, анын ичинде балдар жана жаштар үчүн китеп жана окуялардын көргөзмөлөрүн өткөрүүсү;
- балдар жана жаштар маселелерин талкуулоо максатында симпозиумдарды жана семинарларды өткөрүү;
- эки мамлекеттеги балдардын фестивалдары боюнча буклеттерди жиберүү;
- салттуу оюндарды жана каада-салтты чагылдырган салттык мурас боюнча көргөзмөлөрдү уюштуруу.
7-берене.
Тараптар тажрыйба алмашышат, театр жаатында студенттерди жана адистерди чакырышат, ошондой эле эки мамлекеттин театралдык топторунун визит алмашуусун ишке ашырышат.
8-берене.
Тараптар эки мамлекеттин музыкалык жана фольклордук топторунун, ошондой эле музыка жаатындагы эксперттеринин жана адистеринин визит алмашуусун ишке ашырышат.
9-берене.
Тараптар эки мамлекеттин археология боюнча буклеттери жана жарыялоолору менен алмашууну, археологиялык лаборатория, реставрация жана консервация жаатында тажрыйба алмашууну кубатташат, ошондой эле археологиялык изилдөө (казуу жана изилдөө) жаатында олуттуу археологиялык эстеликтерге талаа иштерин жүргүзүү үчүн археологдорду жиберүү аркылуу тажрыйба алмашышат.
10-берене.
Тараптар эки мамлекеттин кол жазмаларын сакташат, фольклорду кайра жандандыруу жана сактоо боюнча каталогдору жана жаңы илимий жарыялоолору менен алмашышат, ошондой эле мурас жана музей жаатында эксперттердин жана адистердин визиттери менен алмашышат.
11-берене.
Тараптар мамлекеттердин улуттук китепканаларынын ортосундагы кызматташтыкты орнотуу максатында маданий жана көркөм тажрыйбасы менен алмашышат жана ар кандай маданий мекемелер жана улуттук библиографиялар тарабынан басылып чыгарылган китептер, мезгилдүү басылмалар жана брошюралар менен жана мамлекеттин тарыхы, маданиятынын тармактары жана салттары менен тааныштырууга жардам берген бардык нерселер менен камсыз кылышат.
12-берене.
Тараптар эки мамлекеттеги адабий басылмалар менен тааныштырууну, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринде жарыяланган маданий жарыялоолор менен алмашууну кубатташат.
13-берене.
Тараптар эки мамлекетте алмашуу Маданият жумалыктарын өткөрүшөт. Деталдары расмий жол менен макулдашылат.
Негизги жоболор:
14-берене.
Жиберүүчү Тарап адамдардын же делегациянын жол чыгымдарын жана Кабыл алуучу тарап алар болгон учурдагы жана ички транспорттун чыгымдарын өзүнө алат.
15-берене.
Жиберүүчү Тарап экспонаттарды көргөзмө залга чейин ташуу жана кайра алып кетүү, ошондой эле экспонаттарды камсыздандыруу боюнча чыгымдарды өзүнө алат.
16-берене.
Кабыл алуучу тарап көргөзмөлөрдү уюштуруу боюнча, анын ичинде жайгаштыруу, каталогизация, афиша жана экспонаттарды жеринде ташуу боюнча чыгымдарды көтөрөт.
17-берене.
Бул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар төмөнкү мамлекеттик органдарды аныкташат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.
Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн атынан:
Маданият, искусство жана адабият боюнча улуттук кеңеш.
18-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу, көзөмөлдөө жана анализ жүргүзүү, ошондой эле тиешелүү мекемелерге туруктуу негизде отчет даярдоо максатында Тараптар биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашты.
Биргелешкен жумушчу топ кезектешип жана мезгили менен Кыргыз Республикасында же Кувейт Мамлекетинде үч жылда бир ирет же төмөнкү маселелердин негизинде Тараптардын биринин өтүнүчүнүн негизинде жолугушат:
Ушул Макулдашууну колдонуунун натыйжасында жаралган туура эмес чечмелөөнү жөнгө салуу.
Ушул Макулдашуунун алкагында аткаруу Программаларына кол коюу.
Ушул Макулдашууга мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талкуулоо.
Жолугушууну өткөрүү мүмкүн болбой калган учурда, Тараптар мындай жолугушуулардын иш кагаздары менен алмашышат.
19-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга карата пикир келишпестиктерди Тараптар аларды консультацияларды өткөрүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечишет.
20-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара жазуу түрүндөгү макулдашуусу боюнча анын ажыралгыс бөлүгү болуп саналган, ушул Макулдашуунун 21-беренесинин биринчи абзацында каралган тартипте күчүнө кирген өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
21-берене.
Ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жылга чейин колдонулат, эгерде Тараптардын бири Макулдашуунун мөөнөтү аяктаганга алты ай калганга чейин дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, ушул Макулдашуу өзүнөн-өзү кийинки бир жылдык мезгилге узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу мурун башталган жана кезектеги иштерди жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча милдеттердин аткарылышына таасирин тийгизбейт.
Кувейт шаарында 2016-жылдын 16-февралда эки нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, араб жана англис тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашууну чечмелөө боюнча пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |
Маданият, маалымат жана туризм министри |
| Маалымат министри жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик министри |
Алтынбек Максутов |
| Шейх Салман Сабах Салим Аль-Хмуд Аль-Сабах |