Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 251
"2015-жылдын 4-декабрындагы Бишкек шаарында кол коюлган МС4.01/14 - Орто Азиядагы CRIS № NSI/2014/032197 (Майлуу-Суу) жогорку кооптуулуктагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын аянттарын башкаруу жана ремедиациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа союзунун ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2015-жылдын 4-декабрындагы Бишкек шаарында кол коюлган МС4.01/14 - Орто Азиядагы CRIS № NSI/2014/032197 (Майлуу-Суу) жогорку кооптуулуктагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын аянттарын башкаруу жана ремедиациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа союзунун ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- жогорудагы аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Статс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 4-декабрындагы Бишкек шаарында кол коюлган МС4.01/14 - Орто Азиядагы CRIS № NSI/2014/032197 (Майлуу-Суу) жогорку кооптуулуктагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын аянттарын башкаруу жана ремедиациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа союзунун ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 4-декабрындагы Бишкек шаарында кол коюлган МС4.01/14 - Орто Азиядагы CRIS № NSI/2014/032197 (Майлуу-Суу) жогорку кооптуулуктагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын аянттарын башкаруу жана ремедиациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа союзунун ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа союзуна Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|