Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы N 595 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 254
Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга (экспорттук) бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкаларын бекитүү жөнүндө
Ички чийки зат рыногун коргоо жана булгаары ишканаларын туруктуу иш менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын бажы тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгуунун (экспорттук) бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн ташып чыгуунун бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкасы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан жана 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган Эркин соода зонасы жөнүндө келишимдин жана эркин соода зонасы жөнүндө макулдашуулардын катышуучусу Кыргыз Республикасы болгон - мамлекеттердин бажы аймагынан сырткары ташылып чыгуучу товарларга карата колдонулары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык жолу менен ташып чыгууга (экспортко) бөгөт коюуга багытталган керектүү чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду кабыл алгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду кабыл алгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга бажы алымдарынын ташып чыгуу (экспорттук) СТАВКАЛАРЫ
№ | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Продукциянын аталышы | Бажы алымдарынын ставкасы пайыз менен |
1 | 4101503000 | Бодо малдын (буйволдорду кошкондо) же жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилери (жылуулай же туздалганы, кургатылганы, күл же пикелеван менен же башка ыкма менен ашатылганы, бирок ийленбеген, пергамент алдында иштетилбеген же андан ары иштетүүгө кабылбаган), жүндүү же жүнсүз, кабатталган же кабатталбаган: ным бойдон туздалган | 20%, бирок 1000 кг үчүн 200 евродон кем эмес |
2 | 4101505000 | Бодо малдын (буйволдорду кошкондо) же жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилери (жылуулай же туздалганы, кургатылганы, күл же пикелеван менен же башка ыкма менен ашатылганы, бирок ийленбеген, пергамент алдында иштетилбеген же андан ары иштетүүгө кабылбаган), жүндүү же жүнсүз, кабатталган же кабатталбаган: кургатылган же кургак туздалган | 20%, бирок 1000 кг үчүн 200 евродон кем эмес |
3 | 4101509000 | Салмагы 16 кг дан ашкан бүтүн терилер: башкалар | 20%, бирок 1000 кг үчүн 200 евродон кем эмес |