Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 18-майындагы № 263
токтому менен бекитилген
1. Бул Жобо 2011-жылдын 18-ноябрындагы Евразия экономикалык комиссиясы жөнүндө келишимдин негизинде түзүлгөн Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара иштешүүсүнүн бирдей тартибин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын жыйындарында кароо үчүн документтерди даярдоонун регламентин аныктайт.
Бул Жобонун күчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана башка мамлекеттик органдарына (мындан ары – мамлекеттик органдар) карата колдонулат.
2. Мамлекеттик органдар менен Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары – ЕЭК) өз ара иштешүүсү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (мындан ары – ЖЕЭК) 2014-жылдын 23-ноябрындагы № 98 чечими менен бекитилген ЕЭК жөнүндө келишимге, ЕЭКтин Иш регламентине, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлүнүн Катчылыгы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) алкагындагы милдеттенмелердин аткарылышын жалпы контролдойт.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын ЕЭК менен иштешүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болот, ал ЕАЭБ маселелеринин жагдайлары боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт (мындан ары - Координациялоочу орган), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктарынын чегинде ЕЭК менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
ЕАЭБ багыттары боюнча мамлекеттик саясатты мамлекеттик органдар ишке ашырышат (мындан ары - жөнгө салуучу органдар).
5. Координациялоочу органдын негизги милдети - Кыргыз Республикасында ЕЭК менен өз ара иштешүү маселелери боюнча ишти координациялайт.
6. Милдетин аткаруу үчүн Координациялоочу орган төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
ЕЭК менен өз ара иштешүү маселелери боюнча жөнгө салуучу органдардын ишин координациялайт;
ЕЭК менен өз ара иштешүү маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрөт;
ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибинин пункттары боюнча жана ЕАЭБ органдарынын кароосу зарыл болгон маселелер боюнча позицияларды иштеп чыгат, макулдашат жана ЕЭКке киргизет;
ЖЕЭКтин, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жана ЕЭК Кеңешинин күн тартибинин маселелери боюнча даярдалган материалдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ менен кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды Катчылыкка киргизет;
ЕЭКтин алдындагы консультациялык органдардын жана жумушчу (эксперттик) топтордун курамына киргизүү үчүн кандидатуралар боюнча сунуштарды ЕЭКе киргизет;
ЕЭК Коллегиясынын чечимдерин жокко чыгаруу же өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдайт;
жөнгө салуучу органдар менен пикир келишпөөчүлүктөр пайда болгондо талаш маселелер боюнча иштелип чыккан чечимди Кыргыз Республикасынын ЕЭКтин Кеңешиндеги мүчөсүнүн кароосуна киргизет;
ЕЭКтин суроосу боюнча Координациялоочу органдын компетенциясына тиешелүү маалыматтарды берүүнү камсыз кылат;
ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
7. Координациялоочу орган өз функцияларын жана милдеттерин аткарууда төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан ЕАЭБдин ишинин багыттары боюнча маалыматтарды, ошондой эле алардын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды, маалыматтык, аналитикалык, статистикалык жана башка материалдарды суроого жана алууга;
- тийиштүү түрдө даярдалбаган материалдарды жөнгө салуучу органга толуктап иштеп чыгуу үчүн жиберүүгө;
- зарылдыгына жараша эксперттик жана жумушчу топторду түзүүгө, тийиштүү аткаруучу бийлик органдарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн өзүнүн ишине катыштыруу үчүн тартууга.
Мамлекеттик органдардын ЕЭК менен өз ара иштешүүсү
8. ЕАЭБ багыттары боюнча жөнгө салуучу органдардын милдеттери төмөнкүдөй:
- ЕЭК департаменттери менен ЕАЭБдин ишинин багыттарына байланышкан маселелер боюнча өз ара иштешүү;
- тиешелүү маселелер боюнча Координациялоочу орган менен бирге өз ара иштешүү, Кыргыз Республикасынын позициялары боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу жана сунуштарды даярдоо.
9. Жөнгө салуучу органдардын функциялары:
- ЕАЭБдин ишинин өз компетенциясына тиешелүү багыттары боюнча ЕАЭБдин актыларынын жана эл аралык келишимдеринин долбоорлорун даярдоо;
- өз компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча ЖЕЭКтин, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин, ЕЭК кеңешинин жана ЕЭК Коллегиясынын жыйындарынын кеңешмелеринин күн тартибиндеги пункттар боюнча позицияларды иштеп чыгуу, макулдашуу жана Координациялоочу органга киргизүү;
- ЕЭК өткөрүүчү кеңешмелерге, жыйындарга, консультацияларга, семинарларга, форумдарга жана башка иш-чараларга материалдарды даярдоо, ЕЭК өткөрүүчү иш-чараларга катышуу жана зарыл болсо - Координациялоочу органга алардын жыйынтыгы жөнүндө отчётторду берүү;
- ЕЭКтин алдындагы консультациялык органдардын, жумушчу (эксперттик) топтордун курамына киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү аныктоо;
- ЕЭКтин чечимдерин жокко чыгаруу же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
- ЕЭК суроосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жөнүндө маалыматтарды, жашыруун маалыматтарды камтыбаган статистикалык маалыматтарды жана башка материалдарды берүү.
- ЕАЭБ алкагында эл аралык келишимдерди, ошондой эле өздөрүнө бекитип берилген багыттар боюнча ЕЭКтин кабыл алынган чечимдерин мониторингдөө жана аткарылышын талдоо;
- ушул Жобого ылайык башка функциялар.
10. Жөнгө салуучу органдар төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
- өз ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча ЕЭКтин коллегиясынын мүчөлөрү (министрлери) жана департаменттери менен кат алышууга;
- сунуштарды демилгелеп жана ЕЭКтин жыйындарында кароо үчүн Координациялоочу органга киргизүүгө;
- өз компетенциясына кирген маселелер боюнча ЕЭКтин консультациялык органдарынын, жумушчу топторунун иштерине жана ЕЭК өткөрүүчү башка иш-чараларга катышууга.
11. Жумушчу/консультациялык топтордун ишинин жыйынтыгы боюнча жөнгө салуучу органдар Координациялык органга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат беришет.
12. Катчылык Коллегиянын жыйынынын күн тартибин жана Коллегиянын жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча материалдардын жана документтердин топтомун алгандан кийин Координациялоочу жана жөнгө салуучу органдарга алардын иштеринин багыттарына жараша тапшырмаларды жиберет.
13. Жөнгө салуучу органдар ЕЭК Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча материалдардын жана документтердин топтомун алгандан кийин өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын позициясын түзүү үчүн сунуштарды даярдашат.
Сунушту даярдаган жөнгө салуучу орган аны киргизилип жаткан сунуш ишинин тармагына тиешелүү болгон мамлекеттик органдар менен макулдашууну, ошондой эле зарыл болсо иш чөйрөсү ЕАЭБдин ишинин багыттарына байланыштуу болгон тийиштүү өкмөттүк жана ведомство аралык координациялоочу жана кеңешүүчү органдардын жыйындарында кароону камсыздайт.
Документтерди макулдашуу талап кылынуучу жөнгө салуучу органдардын курамын жана ЕЭКтин жыйындары боюнча аткаруу мөөнөттөрүн Катчылык аныктайт (7 календардык күндөн ашпайт).
Жөнгө салуучу органдар материалдарды алгандан кийин тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган сунушту же жалпыланган позицияны 7 иш күндөн кечиктирбей Координациялоочу органга киргизишет (эки жана үч күндө аткарылуучу “шашылыш” жана “өтө шашылыш” деген белгилер коюлган тапшырмалардан башкаларын).
14. Координациялоочу орган сунушту толуктап иштеп чыгуу максатында, кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен аны даярдаган жөнгө салуучу органга 3 иш күндүн ичинде кайра жиберүүгө укуктуу.
Сунуштар боюнча кайчы пикирлер же талаш маселелер пайда болгондо сунушту даярдаган жөнгө салуучу орган алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу үчүн аны макулдашуучу органдар жана уюмдар менен талкуулоону камсыз кылат, Макулдашуучу кеңешменин протоколун түзөт да Координациялоочу органга жиберет.
Координациялоочу орган Макулдашуучу кеңешменин протоколун жана кайчы пикирлер бар сунушту Катчылыкка чечим кабыл алуу үчүн жиберет.
ЕЭКтин Коллегиясынын жыйынынын күн тартибинин маселелерине карата Кыргыз Республикасынын позициясы боюнча даярдалып жана макулдашылган сунуштарды Координациялоочу орган дипломатиялык каналдар аркылуу ЕЭКке жиберет.
Демилгеленген сунуштар Коллегиянын жыйындарында каралуучу учурда даярдалып жана макулдашылган сунуштарды Координациялоочу орган ЕАЭБ органдарына жиберет.
15. ЕЭКтен жооп алгандан кийин Координациялоочу орган сунушту даярдаган жөнгө салуучу органга жана Катчылыкка кабарлайт. Эгер сунуш Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын кызыкчылыгына тиешеси бар болсо сунушту ЕЭКте кароонун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине маалымат берет.
16. Катчылык ЖЕЭКтин, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жана ЕЭКтин кеңешинин жыйындарынын күн тартибин жана күн тартибине киргизилген маселелер боюнча материалдардын жана документтердин топтомун алгандан кийин Координациялоочу жана жөнгө салуучу органдарга алардын иш багыттарына ылайык тапшырма жиберет.
Документтерди макулдашуу талап кылынуучу жөнгө салуучу органдардын курамын, ошондой эле ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын документтерин аткаруунун мөөнөттөрүн (10 календардык күндөн ашык эмес) Катчылык аныктайт.
17. Жөнгө салуучу органдар ЖЕЭКтин, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жана ЕЭКтин кеңешинин жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча материалдардын жана документтердин топтомун алгандан кийин өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын позициясын түзүү үчүн сунуштарды даярдашат.
Сунушту даярдаган жөнгө салуучу орган киргизилип жаткан сунуш ишинин тармагына тиешелүү болгон башка мамлекеттик органдар менен макулдашууну, ошондой эле зарыл болсо иш чөйрөсү ЕАЭБдин ишинин багыттарына байланыштуу болгон тийиштүү өкмөттүк жана ведомстволор аралык координациялоочу жана кеңешүүчү органдардын жыйындарында кароону камсыздайт.
Жөнгө салуучу органдар материалдарды алгандан кийин тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган сунушту же жалпыланган позицияны 10 иш күндөн кечиктирбей Координациялоочу органга киргизишет (эки жана үч күндө аткарылуучу “шашылыш” жана “өтө шашылыш” деген белгилер коюлган тапшырмалардан башкаларын).
Сунуштар боюнча кайчы пикирлер же талаш маселелер пайда болгондо сунушту даярдаган жөнгө салуучу орган алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу үчүн аны макулдашуучу органдар жана уюмдар менен талкуулоону камсыз кылат, Макулдашуучу кеңешменин протоколун түзөт да Координациялоочу органга жиберет.
18. Координациялоочу орган Макулдашуучу кеңешменин протоколун жана кайчы пикирлер бар сунушту Катчылыкка чечим кабыл алуу үчүн жиберет.
Координациялоочу орган сунушту толуктап иштеп чыгуу максатында, кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен аны даярдаган жөнгө салуучу органга алынган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде кайра жиберүүгө укуктуу.
Координациялоочу орган ЕАЭБ органдарынын жыйынынын күн тартибиндеги бардык пункттары боюнча жалпыланган позицияны жөнгө салуучу органдар жана Катчылык менен бирге милдеттүү тартипте макулдашат.
ЖЕЭКтин, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жана ЕЭКтин кеңешинин чечимдеринин жана актыларынын долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын позициясынын даярдалып, макулдашылган жана жалпыланган сунуштарын Координациялоочу орган Катчылыкка ЕАЭБдин тиешелүү органдарына жөнөтүү үчүн жиберет.
19. Катчылык сунушту толуктап иштеп чыгуу максатында, кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен аны даярдаган жөнгө салуучу органга алынган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде кайра жиберүүгө укуктуу
Эгерде ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибиндеги пункттар боюнча сунуштар мамлекет башчысынын деңгээлиндеги чечимдин чыгарылышын талап кылса, Катчылык жалпыланган позицияны Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жиберет.
ЕАЭБдин органдарынан жооп алганда Катчылык сунушту даярдаган мамлекеттик органга жана Координациялоочу органга, зарыл болсо - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине сунушту ЕЭКте кароонун жыйынтыгы боюнча маалымат берет.
20. Жөнгө салуучу органдар өз компетенциясынын чегинде, тапшырмага ылайык же өз демилгелери менен ЕАЭБ органдарында кароо талап кылынган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын түзүү үчүн сунуштарды даярдашат. Сунушта ЕАЭБ органдарынын чечиминин долбоору жана маселени ЕАЭБ органдары талдап карашы үчүн баардык керектүү материалдар болушу керек.
Сунушту даярдаган жөнгө салуучу орган аны тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашууну, зарыл болсо - иш чөйрөсү ЕАЭБдин ишинин багыттарына байланыштуу болгон тийиштүү өкмөттүк жана ведомстволор аралык координациялоочу жана кеңешүүчү органдардын жыйындарында кароону камсыздайт.
Макулдашуу талап кылынуучу уюмдардын жана органдардын курамын сунушту даярдаган жөнгө салуучу орган өз алдынча аныктайт. Макулдашуунун мөөнөтү сунушту даярдаган жөнгө салуучу органдын Иш регламенти менен аныкталат.
Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча сунуш аны даярдаган мамлекеттик орган тарабынан Координациялоочу органга жиберилет.
21. Эгерде сунуш мамлекет башчысынын деңгээлиндеги чечимдин чыгарылышын талап кылса, Координациялоочу орган макулдашылган документтин долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жиберет.
22. Сунуштар боюнча кайчы пикирлер пайда болсо сунушту даярдаган мамлекеттик орган өз ара алгылыктуу чечимди табуу максатында макулдашуучу органдар жана уюмдар менен талкуулоону камсыз кылат.
Даярдалып жана Катчылык менен макулдашылып демилгеленген сунушту Координациялоочу орган дипломатиялык каналдар аркылуу ЕЭКке жиберет.
23. Демилгеленген сунуштар ЖЕЭКтин, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин, ЕЭКтин Кеңешинин жыйынында каралуучу учурда Координациялоочу орган даярдалып жана макулдашылган сунуштарды ЕАЭБ органдарына жөнөтүү үчүн Катчылыкка жиберет.
ЕЭКтен жооп алгандан кийин Координациялоочу орган сунушту ЕАЭБ органдарынын жыйынында кароонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты сунушту даярдаган жөнгө салуучу органга, Катчылыкка жана зарыл болсо - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберет.