Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-майы № 263
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Евразия экономикалык комиссиясы (мындан ары - ЕЭК) менен өз ара иштешүүсүн координациялоо, ЕЭК менен иштөө боюнча жоопкерчиликти жана ыйгарым укуктарды мамлекеттик органдардын ортосунда бөлүштүрүү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин ишинин тармактык багыттары боюнча милдеттенмелердин аткарылышы үчүн алардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара иштешүүсү жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын жыйындарында кароо үчүн документтерди даярдоонун регламенти жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын Евразия экономикалык бирлигинин ишинин багыттары боюнча бекитүүнүн схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Евразия экономикалык бирлигиндеги Кыргыз Республикасынын өкүлүнүн Катчылыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын Евразия экономикалык бирлигинин ишинин багыттары боюнча бекитүүнүн СХЕМАСЫ
№ | ЕАЭБ дин ишинин багыттары | ЕЭК Коллегиясынын жооптуу мүчөсү, министр | Жөнгө салуучу органдары (кошо аткаруучулар) |
1 | Интеграциялык саясат | Интеграциянын жана макроэкономиканын негизги багыттары боюнча | ЭМ, ТИМ |
2 | Макроэкономикалык саясат | Интеграциянын жана макроэкономиканын негизги багыттары боюнча | ЭМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
3 | Бирликтин расмий статистикалык маалыматтарын түзүү жана таркатуу | Интеграциянын жана макроэкономиканын негизги багыттары боюнча | УСК (макулдашуу боюнча), МБК |
4 | Ишкердик жүргүзүү | Экономика жана финансылык саясат маселелери боюнча | ЭМ |
5 | Финансылык рыноктор | Экономика жана финансылык саясат маселелери боюнча | Финкөзөмөл, КРУБ (макулдашуу боюнча), ФМ, Финполиция |
6 | Салыктар жана салык салуу | Экономика жана финансылык саясат маселелери боюнча | ЭМ, МСК, ФМ |
7 | Валюта саясаты | Экономика жана финансылык саясат маселелери боюнча | КРУБ (макулдашуу боюнча), ЭМ, ФМ, Финполиция |
8 | Ташып келүү бажы алымдарын чегерүү жана бөлүштүрүү | Экономика жана финансылык саясат маселелери боюнча | ФМ, МБК, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
9 | Интеллектуалдык менчик | Экономика жана финансылык саясат маселелери боюнча | Кыргызпатент, ЭМ, Монополияга каршы агенттик, МБК |
10 | Эмгек миграциясы | Экономика жана финансылык саясат маселелери боюнча | Миграция кызматы, ЭСӨМ, ИИМ, ТИМ, Мамкаттоо |
11 | Өнөр жай | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинин маселелери боюнча | ЭМ |
12 | Агроөнөржай комплекси | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинин маселелери боюнча | АЧММ, Ветинспекция |
13 | Өнөр жай жана айыл чарба субсидиялары | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинин маселелери боюнча | АЧММ, ЭМ, ФМ |
14 | Тышкы соода саясаты | Соода маселелери боюнча | ЭМ |
15 | Бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу | Соода маселелери боюнча | ЭМ, ФМ, Токой агенттиги |
16 | Ички рынокту коргоо чаралары | Соода маселелери боюнча | ЭМ |
17 | Үчүнчү өлкөлөргө карата соода режимдерин белгилөө | Соода маселелери боюнча | ЭМ |
18 | Товардык ички рыноктун иштөөсү | Соода маселелери боюнча | ЭМ |
19 | Техникалык жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча | ЭМ, ССМ, ТКМ, ӨКМ, Байланыш агенттиги, АЧММ, ИИМ, ФМ, Курулуш агенттиги, Экотехинспекция, МКК, Ветинспекция, Геология агенттиги, ЭСӨМ |
20 | Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар | Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча | Ветинспекция, АЧММ, ЭМ, ССМ |
21 | Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо | Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча | ЭМ, Монополияга каршы агенттик |
22 | Чен бирдигин камсыз кылуу жаатындагы саясат | Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча | ЭМ |
23 | Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү | Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча | ССМ |
24 | Бажылык жөнгө салуу | Бажылык кызматташуу маселелери боюнча | МБК, ЭМ, Кыргызпатент |
25 | Бажылык башкаруу | Бажылык кызматташуу маселелери боюнча | МБК, ЭМ |
26 | Энергетика | Энергетика жана инфраструктура маселелери боюнча | ЭМ, ОЭК агенттиги |
27 | Табигый монополиялар | Энергетика жана инфраструктура маселелери боюнча | ЭМ, Монополияга каршы агенттик, ОЭК агенттиги |
28 | Транспорт жана жүк ташуу | Энергетика жана инфраструктура маселелери боюнча | ТКМ |
29 | Атаандаштык саясаты | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча | ЭМ, Монополияга каршы агенттик |
30 | Мамлекеттик жана (же) муниципалдык сатып алуулар | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча | ФМ |
31 | Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматтык өз ара байланышта иштешүү | Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, кызмат көрсөтүү жана инвестиция чөйрөлөрүнүн маселелери боюнча | ТКМ, Байланыш агенттиги, КРӨ ЭББ |
32 | Кызмат көрсөтүүнүн жана инвестициянын бирдиктүү рыногун түзүү | Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, кызмат көрсөтүү жана инвестиция чөйрөлөрүнүн маселелери боюнча | ЭМ, ЭМ караштуу АПИ, ЮМ, ССМ, БИМ, АЧММ, ТКМ, Курулуш агенттиги, Геология агенттиги, Финкөзөмөл, Финансы министрлиги, КРӨ ЭББ |
Кыскартуулардын тизмеси
ЖЕЭК | - | Жогорку Евразия экономикалык кеңеш |
ЕАЭБ | - | Евразиялык экономикалык бирлик |
ЕЭК | - | Евразиялык экономикалык комиссия |
ЕЭК Кеңеши | - | Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңеши |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
АЧММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Финансы министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
Монополияга каршы агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
Геология агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
ОЭК агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
Байланыш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
Финполиция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Ветинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
ЭМ ИИА | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиги |
КРӨ ЭББ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору |