Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 268
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууга (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банкка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 268 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууга (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) (мындан ары - Макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуулардын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-январындагы № 3-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууларга Бишкек шарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.А.Касымалиев кол койгон.
Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоордун (мындан ары - Долбоор) жалпы наркы 16,11 млн. АКШ долларын түзөт, алардын ичинен: Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан бөлүнүүчү 6,6 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредит жана 5,4 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү грант; Глобалдык экологиялык фонд тарабынан бөлүнүүчү 4,11 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү грант.
Кредит Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын стандарттык шарттарында берилет, кредитти төлөөнүн мөөнөтү кредитти төлөөнүн башталышын 6 жылга узартуу менен 38 жылды түзөт. Кредит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен берилет. Кредит боюнча пайыздык ставка - 0,75%.
Долбоордун жалпы максаты кедейчилик менен күрөшүүдө жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Кол коюлган макулдашуулардын алкагындагы Долбоордун максаты экосистемаларды жана инфратүзүмдү пландоого, калыбына келтирүүгө инвестицияларды тартуу аркылуу токой экосистемаларын туруктуу башкарууну жакшыртуу максатында мамлекеттик мекемелердин жана коомдоштуктардын потенциалын чыңдоо болуп саналат.
Долбоор улуттук деңгээлде техникалык жардам берет. Техникалык жардам ошондой эле түздөн-түз пайдалануучулар ассоциациясына жана грант алууга жекече арыз бергендерге да берилет. Долбоордун алкагында Токойлорду башкаруунун маалыматтык системасы түзүлөт.
Долбоорду ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт. Аны ишке ашыруу менен байланышкан бардык чыгымдар бул макулдашууларды колдонуучу органдардын бюджеттеринин алкагында ишке ашырылат.
Макулдашууларды ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт.