Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 259
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Басма иши чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Мыйзамынын" деген сөздөр "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө", "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин маданият департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Тиркеме
"1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасынан басылмалардын милдеттүү акысыз нускасын алуучу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын (мекемелердин) ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик органдардын жана уюмдардын (мекемелердин) аталышы | Басылманын түрү | Нусканын саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты | Мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты | Мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
3 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | Мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
4 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
5 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Окуу китептери, окуу-методикалык адабияттар, мектеп программалары | 1 нускадан |
6 | Юстициянын аймактык бөлүмдөрү | Юстициянын аймактык бөлүмдөрүндө катталган мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
7 | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы | а) Республикада чыгарылган бардык басылмалар, анын ичинде "Кызматтык пайдалануу үчүн" деген грифи бар аз сандагы басма продукцияларын, кызматтык материалдар менен басылмаларды кошпогондо мезгилдүү басылмалар; | 1 нускадан |
б) жарыяланбаган документтер, диссертациялар, коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча депонирленген илимий иштер; | 1 нускадан | ||
в) аудиовизуалдык продукциялар (грампластинкалар, лазердик дисктер, магниттик тасмадагы фонограммалар), позитивдик көчүрмөлөр түрүндөгү видеофильмдер; | 1 нускадан | ||
г) табигый, так илимдер жана техника боюнча депонирленген илимий иштер | 1 нускадан | ||
8 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана | а) Патенттик нускалар; | 2 нускадан |
б) мамлекеттик стандарттар; | 2 нускадан | ||
в) автордук жана аралаш укуктар боюнча документтер | 1 нускадан | ||
9 | Адистештирилген интернаттын китепканасы | Азиздер үчүн атайын нускалар, алардын ичинде "сүйлөөчү китептер" | 2 нускадан |
10 | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасы | а) Жарыяланбаган документтер; | 1 нускадан |
б) билимдердин бардык тармактары боюнча диссертациялар (медицина жана фармацевтикадан сырткары) | 1 нускадан | ||
11 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги | а) Расмий документтер (тарыхый мүнөздөгү жашыруун, жеке жана жашыруун эмес); | 1 нускадан |
б) аудиовизуалдык продукция (кино, фото, видео жана фонодокументациялары алардын көчүрмөсүн алган күндөгү позитивдик көчүрмөлөр түрүндө); | 1 нускадан | ||
в) мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан | ||
12 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти | а) Оюн-зооктук, мультипликациялык, документалдык, илимий-популярдуу фильмдер монтаж же дубляж жасалып бүткөн күндөгү позитивдик көчүрмөлөр түрүндө; | 1 нускадан |
б) аудиовизуалдык продукция | 1 нускадан | ||
13 | Республикалык илимий-медициналык китепкана | Медицина жана фармацевтика боюнча диссертациялар | 1 нускадан |
14 | Республикалык илимий-айыл чарба китепканасы | Айыл чарбасы боюнча диссертациялар | 1 нускадан |
15 | К.Баялинов атындагы республикалык жаштар жана балдар китепканасы | Республикада чыккан бардык басылмалар, анын ичинде "Кызматтык пайдалануу үчүн" деген грифи бар аз сандагы басма продукцияларын жана кызматтык материалдар менен басылмаларды кошпогондо мезгилдүү басылмалар | 1 нускадан |
16 | Облустук, шаардык, райондук китепканалар | Облуста, шаарда, райондо чыгарылган басылмалардын бардык түрлөрү | 2 нускадан |
17 | Азиздер жана дүлөйлөр үчүн республикалык адистештирилген китепкана | Республикалык мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары | 1 нускадан |
18 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин Республикалык илимий-методикалык борборунун китепканасы | Республикалык мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары, окуу-методикалык адабияттар | 1 нускадан |
19 | "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин китепканасы | Республикалык мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары, окуу-методикалык адабияттар | 1 нускадан |
20 | Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалар системасы | Республикалык мезгилдүү басылмалардын бардык чыгарылыштары, окуу-методикалык адабияттар | 1 нускадан |
21 | Нарын мамлекеттик университетинин Илимий китепканасы | Окуу-методикалык адабияттар | 1 нускадан |