Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-июну № 292
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 673, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 658 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлеринин финансылык туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 9-1-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмүнө талаптар белгиленсин:
- өмүрдү топтомо камсыздандырууну кошпогондо камсыздандыруунун жана/же кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча ишти жүзөгө ашырган камсыздандыруу уюмдарына 30000000 (отуз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
- өмүрдү топтомо камсыздандырууну кошкондо камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу жана милдеттүү түрлөрү боюнча ишти жүзөгө ашырган камсыздандыруу уюмдарына 2017-жылдын 1-январына чейин 100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес, ал эми 2017-жылдын 1-июлунан тартып 150000000 (жүз элүү миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
- кайра камсыздандыруу боюнча гана ишти жүзөгө ашырган камсыздандыруу уюмдарына 2017-жылдын 1-июлуна чейин 300000000 (үч жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
- Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналардын аймагында кайра камсыздандыруу боюнча гана иштеген камсыздандыруу уюмдарына 100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерине 1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 673, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 658 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |