Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 673
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Айрым камсыздандыруу уюмдарына колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктунда:
үчүнчү абзацы "100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес" деген цифралардан жана сөздөрдөн мурда "2017-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацы "300000000 (үч жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө" деген цифралардан жана сөздөрдөн мурда "2017-жылдын 1-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |