Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-майындагы № 273 токтому менен бекитилген |
Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жобо
1. Ушул тартип депозитарийдин/башкаруу компаниясынын кызматкерлери тарабынан кетирилген каталардан, этиятсыздыктан же атайын мыйзамга каршы аракеттер (аракетсиздик) менен же болбосо башка адамдардын атайлап жасалган мыйзамга каршы иш-аракеттеринин натыйжасында келип чыккан депозитарийдин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (мындан ары - МТПФ) жана башкаруу компанияларынын, ошондой эле башкаруу компанияларынын - МТПФнын алдындагы жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун тийиштүү келишимин түзүүнүн (узартуу, токтотуу) негизги жоболорун аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) камсыздандыруучу - камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак (камсыздандыруу уюму);
2) камсыздандырылуучу - баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишти жүргүзүүгө же инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууну ишке ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак;
3) жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун келишими (камсыздандыруу келишими) - камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосундагы макулдашуу, ага ылайык камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру пайда болгондо камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө, ал эми камсыздандырылуучу белгиленген тартипте камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө милдеттенет;
4) камсыздандыруу келишиминин тараптары (тараптар) - камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучу жана камсыздандырылуучу;
5) пайда көрүүчүлөр - камсыздандыруучу менен келишимдик мамилелердин негизинде гана камсыздандыруучунун төмөнкүдөй кардарлары болуп саналган жеке же юридикалык жактар:
- депоненттер: депозитарийдик иш процессинде депозитарийдин жана депоненттердин мамилелерин жөнгө салуучу депозитарийдик келишимдин (депо эсеби боюнча келишим) негизинде баалуу кагаздарды сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту эсепке алуу боюнча депозитарийдин кызматынан пайдалануучу жак;
- МТПФ, аманатчылардын (катышуучулардын) жана камсыздандырылган адамдардын пенсиялык активдерин ишеним башкаруу келишиминин негизинде башкаруу компанияларынын кызматынан пайдалануучулар;
6) камсыздандыруу объектиси - киреше пайызынан жана ошондой эле баалуу кагаздардын рыноктук наркын жоготууну кошпогондо, камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн финансылык кызматтарды көрсөтүү боюнча алар ишин жүзөгө ашырууда пайда көрүүчүлөрдүн мүлктүк кызыкчылыктарына зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тобокелдигинин башталышы менен байланышкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген камсыздандыруучунун мүлктүк кызыкчылыктары;
7) камсыздандырылуучунун кызматкерлеринин катачылыгы жана шалаакылыгы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкаруу компаниясынын же депозитарийдин ишин камсыздандырылуучу тарабынан ишке ашыруунун жүрүшүндө кызматтык милдеттерин аткарууда жол берген, билип туруп жасаган катачылыгы, шалаакы аракеттери (аракетсиздиги);
8) укук бузуучулук аракеттер (аракетсиздик) - экономика чөйрөсүндө, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы коомдун коопсуздугуна жана коомдук тартипке каршы коомго коркунучтуу, күнөөлүү жана жазалануучу иш (аракеттүүлүк же аракетсиздик);
9) камсыздандыруу сый төлөмү - камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга төлөөгө милдеттүү болгон камсыздандыруу үчүн төлөм;
10) камсыздандыруу тобокелдиги - ыктымалдык белгилерине ээ болгон жана ал кокустук болгон учурда камсыздандыруу жүргүзүлө турган болжолдонуучу окуя;
11) камсыздандыруу учуру - камсыздандыруу келишиминде каралган болуп өткөн окуя, ал болгон учурда ушул Тартиптин жоболору сакталганда, мыйзамдарда жана камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана көлөмдө камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө камсыздандыруучунун милдети пайда болот;
12) камсыздандыруу тарифтери - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүн аныктоодо камсыздандыруучу иштеп чыккан жана колдонулуучу баалык ставкалар;
13) камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруу келишими менен аныкталган акчалай сумма, мындан улам камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү жана камсыздандыруу учуру болгондо камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү белгиленет. Камсыздандыруу суммасы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен белгиленет;
14) франшиза - камсыздандыруу келишиминде аныкталган камсыздандыруучунун камсыздандырылуучуга же башка адамга кайтарып берүүгө жатпаган, камсыздандыруу суммасынан же зыяндын (чыгымдын) суммасынан пайыздык катышында аныкталган же белгиленген өлчөмдөгү (акчалай маанисиндеги) чыгымдын бөлүгү.
2. Камсыздандыруу объектиси. Камсыздандыруу тобокелдиги. Камсыздандыруу учуру
3. Эгерде камсыздандырылуучу башкаруу компаниясы болгон учурда, топтомо пенсиялык каражаттарды ишеним башкаруу келишими бузулгандыгынын кесепетинен пайда көрүүчүлөрдүн алдында башкаруу компаниясынын жоопкерчилиги пайда болгон тобокелдик камсыздандыруу тобокелдиги болуп эсептелет.
4. Эгерде камсыздандырылуучу депозитарий болгон учурда башкаруу компаниясынын/депозитарийдин кызматкерлеринин катачылыктарынын, шалаакылыгынын же башка (үчүнчү) жактардын атайылап укукка каршы аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында жана камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруу келишимин бузууга алып келген учурлардан башка ар кандай учурларда депозитарийдин кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдерди бузуунун кесепетинен пайда көрүүчүнүн жана башкаруу компаниясынын алдындагы депозитарийдин жоопкерчилиги пайда болгон тобокелдик камсыздандыруу тобокелдиги болуп саналат.
5. Келишимди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тобокелдик келишими боюнча камсыздандырылуучунун өзүнүн жоопкерчилик тобокелдиги гана камсыздандырылышы мүмкүн.
6. Башкаруу компаниясынын жоопкерчилигин камсыздандырууда камсыздандыруу келишими колдонулган мөөнөттүн ичинде болуп өткөн, пайда көрүүчүнүн чыгымынын пайда болушуна алып келүүчү башкаруу компаниясынын кызматкеринин катачылыктарынан, шалаакылыгынан же атайылап укукка каршы аракетинен (аракетсиздигинен) же башка (үчүнчү) жактардын атайылап укукка каршы аракетинен (аракетсиздигинен) келип чыккан, топтомо пенсиялык каражаттарды ишеним башкаруу келишимин камсыздандырылуучу тарабынан бузуу камсыздандыруу учуру болуп саналат.
7. Депозитарийдин жоопкерчилигин камсыздандырууда камсыздандыруу келишими колдонулган мөөнөттүн ичинде болуп өткөн, пайда көрүүчүнүн чыгымынын пайда болушуна алып келүүчү депозитарийдин кызматкерлеринин катачылыктарынан, шалаакылыгынан же атайылап укукка каршы аракетинен (аракетсиздигинен) же башка (үчүнчү) жактардын атайылап укукка каршы аракетинен (аракетсиздигинен) келип чыккан, МТПФ/ТПФ же башкаруу компаниясы менен түзүлгөн депозитарийдин кызмат көрсөтүү келишимин камсыздандырылуучу тарабынан бузуу камсыздандыруу учуру болуп саналат.
8. Эгерде пайда көрүүчүгө камсыздандырылуучунун кызматкеринин укукка каршы аракетинен (аракетсиздигинен) же башка (үчүнчү) жактардын аракетинен келип чыккан камсыздандыруу келишимин бузуунун натыйжасында чыгым келтирилсе камсыздандыруу учуру соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып күчүнө кирди деп эсептелет.
9. Камсыздандыруучу камсыздандыруунун ордун толтуруудан баш тартууга укуктуу, эгерде:
1) камсыздандырылуучунун маалыматтар базасын үзгүлтүксүз резервдик көчүрүү практикасы жок болсо (жумасына 1ден кем эмес);
2) камсыздандырылуучу лицензиясыз программалык камсыздоону пайдаланса;
3) камсыздандырылуучунун программаларында - вируска каршы программа орнотулбаса;
4) камсыздандырылуучу үчүнчү жакка кызматтык маалыматтарды таратууну чектөө талаптарын жазуу түрүндө баяндабаса жана өз кызматкерлерине колун койдуруу менен маалымдабаса;
5) тараптардын эркине көз каранды болбогон форс-мажордук жагдайлар пайда болгон учурда.
10. Бир эле себептен бир нече чыгым болсо, бир камсыздандыруу учуру катары каралат.
3. Камсыздандыруу келишимин түзүү тартиби
11. Камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө таризделет, аны сактабоо анын жараксыздыгына алып келет.
12. Камсыздандыруу келишими жактардын кол коюлган бир документти түзүү жолу менен түзүлөт.
13. Пенсиялык топтомо каражаттарды инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттерин камсыздандыруу келишимин камсыздандыруу уюму менен түзүүгө мүмкүн эмес, эгерде:
1) акыркы эки жылдын ичинде ага карата камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө кудуретсиздик жол-жобосу же лицензиясын токтотуу же жокко чыгаруу түрүндөгү санкция колдонулса;
2) "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык МТПФ/ТПФ менен келишим түзүлгөн депозитарийдин же башкаруу компаниясынын аффилиацияланган же алардын аффилиацияланган жагынын аффилиацияланган жагы болуп саналат.
14. Камсыздандырылуучулар төмөнкүдөй талаптарга жооп берген камсыздандыруучулар менен тиешелүү камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен өз жоопкерчилигин камсыздандырууну жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген жоопкерчиликти камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензияга ээ болгондор;
2) ушул Тартипте аталган тобокелдиктерди камсыздандыруунун 3 жылдан кем эмес тажрыйбасына ээ болгондор.
15. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине жана ушул Тартипке ылайык камсыздандыруу келишимин түзбөгөн депозитарийлер жана башкаруу компаниялар аркылуу топтомо пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен байланышкан операциялар жүргүзүлбөйт.
4. Камсыздандыруу суммасы. Франшиза
16. Башкаруу компаниясынын жоопкерчилигин камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы башкаруу компаниясынын тийиштүү келишим менен топтомо пенсиялык каражаттарды МТПФга берген суммасынын 5 пайызын түзүүгө тийиш.
Депозитарийдин жоопкерчилигин камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы МТПФнын алдындагы башкаруу компаниясынын милдеттенмеси боюнча борбордук депозитарийге номиналдуу сактоого берилген баалуу кагаздардын наркынын суммасынын 5 пайызын түзүүгө тийиш.
17. Тараптардын макулдашуусу боюнча камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммасынын чегинде, камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн суммасынын чеги болуп саналган, анын ичинде ар бир камсыздандыруу учуру боюнча, ар бири же бир эле доомат боюнча, чыгымдын ордун толтуруу тууралуу ар бир же бир эле талап боюнча, жабыр тарткан ар бир же бир эле адам боюнча, зыяндын өзүнчө түрлөрү боюнча, милдеттенмелердин, чыгымдардын, чыгашалардын өзүнчө түрлөрү боюнча жана башка өзүнчө камсыздандыруу суммалары белгилениши мүмкүн.
18. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруу төлөнгөндөн кийин камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу учуру (камсыздандыруу окуясы) болгон учурдан тартып жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнө азаят. Мындай учурда камсыздандырылуучу камсыздандыруучунун макулдугу менен жана камсыздандыруучу менен макулдашылган өлчөмдөгү кошумча камсыздандыруу сый төлөмүн төлөгөн шартта, камсыздандыруу келишимин колдонуунун калган мөөнөтүндө камсыздандыруу төлөмүнүн натыйжасында азайган камсыздандыруу суммасынын ордун толтурат:
19. Камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтүнүн мезгилинде камсыздандырылуучу камсыздандыруучунун макулдугу менен жана камсыздандыруучу менен макулдашылган өлчөмдөгү кошумча камсыздандыруу сый төлөмүн төлөгөн шартта камсыздандыруу суммасын көбөйтүшү мүмкүн.
20. Камсыздандыруу келишими менен франшиза каралышы мүмкүн.
21. Камсыздандыруу келишиминде камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуну камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөөдөн (франшиза) жарым-жартылай бошотуу каралышы мүмкүн. Мындай бошотуунун өлчөмү (франшизалар) камсыздандыруу келип чыккан учурдагы камсыздандырылуучунун өздүк каражаттарынын өлчөмүнөн ашпашы керек.
22. Франшиза шарттуу же шартсыз, баардыгы үчүн же камсыздандыруучунун өзүнчө милдеттенмелери (зыяндын түрлөрү, камсыздандыруу тобокелдиктери, чыгымдар, баардык же ар бир камсыздандыруу учуру боюнча, дооматтар, зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптар) үчүн белгилениши мүмкүн.
23. Шарттуу франшизаны белгилөөдө, эгерде келтирилген чыгымдын өлчөмү франшизанын өлчөмүнөн ашпаса камсыздандыруучу камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөп бербейт (камсыздандыруу төлөмүн жүргүзбөйт), бирок эгерде анын зыянынын өлчөмү франшизанын өлчөмүнөн ашык болсо камсыздандыруунун ордун толтурууну (камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүнү) толук көлөмдө төлөйт.
24. Шартсыз франшизаны белгилөөдө камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык эсептелген камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасынан (камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынан) франшизанын суммасы дайыма алып салынат. Эгерде келтирилген зыяндын өлчөмү шартсыз франшизанын өлчөмүнөн ашык болбогон учурда камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн жүргүзбөйт.
25. Эгерде камсыздандыруу келишиминде франшизанын түрү көрсөтүлбөсө, анда шартсыз франшиза белгиленди деп эсептелет.
26. Франшизаны колдонуу камсыздандырууга тобокелдикти кабыл алуунун зарыл шарты болуп саналган учурларды кошпогондо камсыздандыруу келишиминде франшизаларды колдонуу камсыздандыруу тарифин азайтуу үчүн негиз катары кызмат кылышы мүмкүн.
5. Камсыздандыруу сый төлөмү (камсыздандыруу төгүмдөрү) жана камсыздандыруу тарифи
27. Базалык камсыздандыруу тарифи камсыздандыруу суммасынын 0,5 пайызына барабар.
28. Эсептелген базалык тариф жылдык болуп саналат.
29. Жылдык базалык сый төлөмү камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу тарифинин камсыздандыруу суммасына болгон көбөйтүндүсүнө барабар.
30. Камсыздандыруу сый төлөмү бир жолку же мөөнөтү узартылган болуп төлөнөт (камсыздандыруу төгүмдөр менен), камсыздандыруучунун алыш-бериш эсебине накталай эмес которуу же камсыздандыруучунун кассасына же анын өкүлүнө накталай акча менен төлөнөт.
31. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандыруу сый төлөмү (камсыздандыруу төгүмү) төлөнгөн күн деп төмөнкүлөр эсептелет;
1) накталай эмес төлөмдө - камсыздандыруучунун алыш-бериш эсебине же камсыздандыруучунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө акча каражаттары түшкөн күн;
2) накталай төлөмдө - камсыздандыруучунун кассасына же камсыздандыруучунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө накталай акча түрүндө төлөм жөнүндө белгиленген үлгүдөгү квитанцияны алуу менен камсыздандыруу сый төлөмү (камсыздандыруу төгүмү) төгүлгөн күн.
32. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандырылуучу камсыздандыруу сый төлөмүн (камсыздандыруу сый төлөмүн бир жолку төлөөдө) / биринчи камсыздандыруу төгүмүн (камсыздандыруу сый төлөмүн мөөнөтүн узартуу менен төлөөдө) камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө жана/же мөөнөттө төлөбөгөн учурда, камсыздандыруу келишими жараксыз деп эсептелет, камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмдөр жүргүзүлбөйт. Ошону менен бирге, камсыздандыруу сый төлөмүн/биринчи камсыздандыруу төгүмүн толук эмес көлөмдө алган учурдан тартып 5 (беш) иш күндүн ичинде камсыздандыруучу алган акча каражаттары камсыздандырылуучуга кайтарып берилүүгө тийиш.
Мындай учурда эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, мурда төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздандырылуучуга кайтарылып берилбейт. Эгерде, камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминде аталган төлөө мөөнөттөрүн бузбастан кезектеги камсыздандыруу төгүмүн (мөөнөтүн узартып төлөөдө) толук төлөгөндөн мурун камсыздандыруу учуру болсо, эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса анда төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу сый төлөмүнүн калган бөлүгүнүн өлчөмү камсыздандыруунун ордун толтуруу (камсыздандыруу төлөмүнүн) суммасынан алып салынат.
33. Камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча камсыздандыруу сый төлөмүн (камсыздандыруу төгүмүн) башка ар кандай адам төлөй алат, мындай учурда ал камсыздандыруу келишими боюнча эч кандай укук ала албайт.
34. Камсыздандыруу сый төлөмү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен белгиленет жана төлөнөт.
6. Камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгү, узартылгандыгы жана колдонуу мөөнөтүнүн токтотулгандыгы тууралуу камсыздандыруучулар тарабынан кабарлоонун тартиби
35. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык экономикалык жактан негизделген камсыздандыруу тарифтерин жана алардын чектелген деңгээлдеринде, ошондой эле камсыздандыруу тарифтеринин түзүмдөрүн жана камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмүн аныктоодо камсыздандыруучулар тарабынан аларды колдонуунун тартибин белгилөө аркылуу ишке ашырылат.
36. Камсыздандыруучулар камсыздандыруу келишиминин түзүлгөндүгү, узартылгандыгы жана колдонуу мөөнөтүнүн токтотулгандыгы тууралуу кабарды ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча тийиштүү келишим түзүлгөн, узартылган жана колдонуу мөөнөтү токтогон датадан тартып 3 (үч) иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, кагазда жана электрондук алып жүрүүчүдө жиберет.
37. Кабарга эркин түрдө жазылган коштоочу кат тиркелет. Кабарга жана коштоочу катка камсыздандыруу уюмунун жетекчиси кол коёт.
7. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
38. Камсыздандыруучунун жоопкерчилигин, башкача айтканда камсыздандыруу учурду белгилөө боюнча тараптардын (эреже катары, бул камсыздандырылуучу, камсыздандыруучу жана зыян тарткан жак) ортосунда пайда болуучу баардык талаш-тартыштар же каршы пикирлер сотко чейинки тартипте чечилет, баардык кырдаалдар белгилүү болгондо жана тараптардын күнөөлүүлүк деңгээлине, пайда болгон зыяндын өлчөмүнө жана окуя менен келтирилген зыяндын ортосундагы себептик-иликтөө байланышына тиешелүү маселелер жаралбаса сотко чейинки тартипте чечилет.
39. Ушул Тартиптин 38-пунктунда аталган позициялар боюнча баардык кызыкдар болгон тараптардын (эреже катары, бул камсыздандырылуучу, камсыздандыруучу жана зыян тарткан жак) макулдугу болсо зыяндын ордун толтуруу жана дооматтарды токтотуу тууралуу макулдашуу түзүлөт.
40. Тараптар бир макулдашууга келбеген учурда, анда жоопкерчиликтин болушу жана өлчөмү, ага ылайык камсыздандыруу учурунун фактысы жана камсыздандыруунун ордун толтуруу өлчөмү соттук тартипте белгиленет.
|
| Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартибине тиркеме |
Форма
Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүлгөндүгү (узартылгандыгы), колдонуу мөөнөтүнүн токтотулгандыгы тууралуу КАБАРЛОО
________________________________________________________________________________
(уюштуруу документтерине ылайык камсыздандыруу уюмунун толук аталышы)
________________________________________________________________________________
(лицензиянын номери жана берилген датасы)
Депозитарийдин/ башкаруу компаниясынын толук аталышы | Кабар берүүнүн негизи (келишим түзүү, узартуу, колдонуу мөөнөтүн токтотуу) | Түзүлгөн датасы (келишимди узартуунун, колдонуу мөөнөтүн токтотуунун) | Келишимдин номери/ колдонуу мөөнөтү | Келишимдин түрү | Ар бир камсыздандыруу учуру боюнча камсыздандыруу суммасы, миң сом | Франшиза миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
Камсыздандыруу уюмунун жетекчиси | (колу) | (аты-жөнү) |
| МО | 20__-ж. "__" ______________ |