Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 284
2016-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын газ тармагын жөнгө салуунун ачыктыгын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Жоготуулардын аталышы | 2016-жыл | |
Газ түтүктөрүндө жаратылыш газынын жоготуулары | 39,771 млн. м3 | 11,1% |
Эскертүү:
млн. м3 - газ өткөргүчтөгү жаратылыш газынын ченөө бирдиги;
% - газ түтүктөрүндө жаратылыш газынын жоготууларынын пайызы.