Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 285
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев, Н.В.Никитенко жана У.Т.Кыдыралиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 285 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев, Н.В.Никитенко жана У.Т.Кыдыралиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүн жаңы редакцияда берүү сунушталган, ага ылайык жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоодо жана кабыл алууда ченем чыгаруу органдары (кызмат адамдары) мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультацияларды жана талкуулоолорду өткөрүшөт. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында бул өзгөртүү аталган Мыйзамдын 9-беренесин күчөтүүгө багытталганы айтылат.
Биздин пикир боюнча редакциялык жактан кайра баяндалып жаткан ченем иш жүзүндө өзгөрүүсүз калган, ал эми "чечим" түшүнүгү "ченемдик укуктук акт" түшүнүгүнөн алда канча кеңири түшүнүк экендигин эске алсак, тескерисинче, консультация жана талкуулоо жүргүзүлүүчү актылардын саны чектелип калат. Андыктан сунушталган бул өзгөртүүнүн максаты бүдөмүк экенин белгилейбиз.
Мындан сырткары, "мыйзамдарда белгиленген тартипте" туюндурмасы жалпы мааниге, чаржайыт мүнөзгө ээ болгондуктан ар кандай чечмелесе боло берет, андыктан мыйзамдардын тескеген чөйрөсүн, же жөнгө салган маселелерин көрсөтүү менен тактоо зарыл.
Ушундай эле сын-сунуштар Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгүнүн үчүнчү, он экинчи, он үчүнчү, 10-бөлүгүнүн алтынчы, 13-бөлүгүнүн бешинчи жана 3-берененин он биринчи абзацтарына да тиешелүү.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен эгерде жергиликтүү жамааттын уставында башкача каралбаса, жергиликтүү жамааттын үч жүздөн кем эмес мүчөсү жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна ээ болоорун белгилөө сунушталып жатат. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгү менен аныкталган ченемди облустук жана республикалык маанидеги шаарларда колдонууга мүмкүн болбогондуктан бул өзгөртүү ченем чыгаруу демилгесинин жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталганы айтылган.
Буга байланыштуу айтып коюучу нерсе, жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси айыл аймактарынын жана шаарлардын административдик аймактык бирдиктеринин чегинде жүргүзүлөт, аларда жашаган калктын саны ар кандай. Ошондуктан жергиликтүү ченем чыгарууну демилгелөө укугуна ээ болуучу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санын тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин калкынын санын эске алуу менен, б.а. жогоруда аталган Мыйзамдын 23-беренесинде айтылгандай, жергиликтүү кеңештердин сандык курамын аныктаган сыяктуу аныктоону сунуш кылабыз. Мисалы: 6000ге чейин - 300 адам, 6001ден 20000ге чейин - 600 адам, 20001ден ашык - 1000 адам, Бишкек жана Ош шаарлары үчүн - 5000 адам.
3. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керектигин эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи-төртүнчү абзацтарын бириктирип, төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"5-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шаардык кеңеште фракциялар жок же азчылык фракциялардын коалициясы жок болгондон башка учурларда, шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк фракциялардын коалициясына бириккен учурда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга төрагалык кылуу азчылык фракцияга же азчылык фракциялардын коалициясына берилет.".
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгү менен "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 4-бөлүгүн: "Шаардык кеңештин бюджет жана финансы маселелерин тейлеген туруктуу комиссиясынын төрагасы азчылык фракциялардын же азчылык фракциялардын коалициясынын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат. Шаардык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамы азчылык фракциялардын же фракциялардын коалициясынын мүчөлөрүнөн жана көпчүлүк фракциялардын, фракциялардын коалициясынын мүчөлөрүнөн турушу мүмкүн" деген жаңы редакцияда баяндоо сунушталган. Бул боюнча, туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен таризделет деген ченемдин түшүнүксүз экендигин айтмакчыбыз жана Мыйзамдын көрсөтүлгөн ченемин калтырууну сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, ченемдик укуктук актыларда анык эмес, көп маанилүү болгон терминдерди жана түшүнүктөрдү колдонуу коррупциялык көрүнүштөрдү жаратаарын эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун аталган жобосунун экинчи сүйлөмүндөгү "турушу мүмкүн" деген сөздү "түзүлөт" сөзгө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүнүн сегизинчи абзацындагы 32-беренени 11-бөлүк менен толуктоо сунушталган, ага ылайык жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссиялары туруктуу негизде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте жергиликтүү кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актыларды алардын натыйжалуулугун жана жарактуулугун аныктоо максатында мониторингдеп жана баа берип турушат.
Ченемдик укуктук актыларды мониторингдөө жана баа берүү үчүн туруктуу комиссиялар көз каранды эмес эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартууга укуктуу.
Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 139 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугун мониторингдөөнүн жана баалоонун эрежесин аныктаарын айтып коюу зарыл.
Ушуга байланыштуу сунушталып жаткан редакциядагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүндө Мыйзамдын 35-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "шаарлардын кеңештери" деген сөздөрдү "жергиликтүү кеңештер" деген сөздөргө алмаштыруу жана Мыйзамдын бул беренесинин 2-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу аркылуу айылдык кеңештердин иштерин уюштуруучулук жактан камсыздоо, туруктуу комиссияларга жана депутаттарга жардам көрсөтүү, зарыл материалдарды даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу типтүү ченемдердин негизинде айылдык кеңештерге өздөрүнүн аппараттарын түзүүгө укук берүү сунушталган. Аталган берененин колдонуудагы редакциясында өзүнүн аппаратын түзүүгө шаардык кеңештер гана укуктуу, ал эми айылдык кеңештердин ишин уюштуруучулук жактан камсыздоо айыл өкмөттөрүнүн аппараттарына жүктөлөт деп айтылган.
Мыйзамдын долбоору менен күчүн жоготту деп таануу сунушталып жаткан Мыйзамдын 37-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде бир жолку компенсация алат.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында бул өзгөртүүлөр айылдык кеңештерде эмгек акысынын өлчөмү шаардык кеңештин жооптуу секретарынын эмгек акысына барабар болгон жооптуу секретардын штаттык бирдигин ачуу, ошондой эле айылдык кеңештердин төрагаларынын эмгек акысын шаардык кеңештердин төрагаларынын эмгек акыларынын өлчөмүнө барабар деңгээлде белгилөө максатында киргизилип жатат деп айтылган.
Буга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн. шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекеттик кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн шарттарын аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши деп айтылгандыгына көңүлдү бурабыз.
Ошондой эле, 2015-2018-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумда ИДПга карата мамлекеттик бюджеттен эмгек акы төлөө фондун азайтууга багытталган иш-чаралар планы даярдалганга чейин эмгек акыны (билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринен башкалардыкын) атайын жогорулатуулар каралбагандыгын белгилей кетмекчибиз.
Ошону менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык саясий муниципалдык кызмат орундарды ээлеген муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына эселик коэффициенттер бирдей деңгээлде коюлганын айтмакчыбыз. Мисалы, Бишкек шаарынын мэрине жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына - 4,4, облустук маанидеги шаардын мэрине жана облустук маанидеги шаардык кеңештин төрагасына - 3,7, райондук маанидеги шаардын мэрине жана райондук маанидеги шаардык кеңештин төрагасына - 2,9 жана айыл өкмөттүн башчысына - 2,4.
Айылдык кеңештин төрагасына жана жооптуу катчысына эмгек акыны айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жооптуу катчысынын деңгээлинде айлык акы чектегенде, алдын ала эсептөөлөргө ылайык республика боюнча республикалык бюджеттен кошумча 308,7 млн. сом керек болот, бул республикалык бюджеттен кошумча чыгымды талап кылат.
Биздин оюбуз боюнча Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүнүн жобосу менен маалымкат-негиздемеде айтылган максаттын ортосунда ачакей пикир болуп калган, анткени Мыйзамдын долбоорунда жергиликтүү кеңештерге өздөрүнүн аппараттарын түзүүгө укук берүү сунушталса, маалымкат-негиздемеде бул өзгөртүүнүн максаты - айылдык кеңештерде кошумча штаттык бирдикти - жооптуу катчынын штатын ачуу деп айтылган. Эгер айылдык кеңештин аппараты түзүлө турган болсо, аппаратты кармоо үчүн айылдык кеңештердин төрагасына жана жооптуу катчысына эмгек акы төлөө үчүн зарыл болгон 308,7 млн. сомдон сырткары дагы бир нече миллион сом керек болот.
Мыйзамдын долбоорунун демилгечилеринин коштомо катында көрсөтүлгөн биринчи эки каржылоо булагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келбестигин билдиребиз.
Ушуга байланыштуу жана республикалык бюджеттин олуттуу тартыштыгын, жогоруда айтылып жаткан чыгымдарга кошумча каржылоо булактарынын жок экендигин эске алып, айылдык кеңештердин төрагаларына жана жооптуу катчыларына эмгек акы чектөө азырынча эртелик кылат деп эсептейбиз жана бул маселени административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөндөн кийин кароону сунуштайбыз.
Ошону менен бирге эле бул маселени айыл аймактарында жашаган элдин санына жараша кароо зарылдыгын белгилейбиз.
"Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде райондук маанидеги шаарлар үчүн калктын минималдуу саны - 10000ден кем эмес деп аныкталган. Келечекте, каржылоо булактары табылган шартта калкынын саны 10000ден кем эмес айылдык аймактарда райондук маанидеги шаардык кеңештин төрагасынын жана жооптуу катчысынын деңгээлинде айылдык кеңештин төрагасына эмгек акы чектесе жана айылдык кеңештин жооптуу катчысынын штаттык бирдигин киргизсе болот деп ойлойбуз. Биздин көз карашыбыз боюнча мындай ыкма кайсы бир деңгээлде айыл аймактарын ирилештиргенге түрткү болмокчу.
6. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгүнүн бешинчи абзацын, 2-беренесинин төртүнчү абзацын жана 3-беренесинин төртүнчү абзацын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз, анда "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдарынын токтомдору-өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынуучу жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болуучу ченемдик укуктук актылар" деп айтылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын 22-пунктуна ылайык буйруктар жана тескемелер менен уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү чечимдер, ошондой эле мекеменин ишинин оперативдүү, уюштуруу, кадрдык жана башка маселелер таризделет.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгүнүн жетинчи абзацынын, 10-бөлүгүнүн бешинчи абзацынын, 13-бөлүгүнүн төртүнчү абзацынын, 2-беренесинин бешинчи абзацынын жана 3-беренесинин бешинчи абзацынын редакцияларын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацы боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү кеңештердин буйруктарын жокко чыгаруунун жана күчүн жоготту деп таануунун тартиби каралбагандыгына көңүлдү бурабыз.
Белгилеп коюучу нерсе, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 12-беренесине ылайык, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын нормативдик эмес актысы же мыйзамда каралган учурларда, мыйзамдарга ылайык келбеген жана граждандык укуктарды жана граждандын же юридикалык жактын мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузган нормативдик акт сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, мыйзамдарда белгиленген тартипте ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) конституциялык эмес же жараксыз деп табылганда ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) колдонулушу токтотулат.
Ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин конституциялык эмес же жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими расмий жарыяланууга тийиш жана Өкмөт белгилеген тартипте мамлекеттик органдарга жиберилет.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10 жана 13-бөлүктөрүндөгү шаардын мэри жана айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон актылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жокко чыгарылышы мүмкүн деген жоболор боюнча жогорудагыдай эле сын-пикирлерди айтмакчыбыз.
7. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 11 жана 14-бөлүктөрү менен "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине жана 47-беренесине шаарлардын мэриялары жана айыл өкмөттөрү жыл сайын жергиликтүү жамаатка шаарды же айылдык аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты ачык беришет ошондой эле аны расмий сайтка жарыялашат жана/же жергиликтүү кеңеш аныктоочу атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, дубалдарга) жайгаштырат деген оңдоо киргизүү сунушталган. Шаарларда жарыялоонун башка булактары жетиштүү экенин эске алуу менен, маалыматты жергиликтүү кеңеш аныктоочу атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, дубалдарга) жайгаштыруу интернет байланышы жок айыл өкмөттөрү үчүн гана ылайыктуу деп эсептейбиз.
8. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгү менен "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо:
1) ченем чыгаруу органдары (кызмат адамдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү ассоциациялары, бирликтери менен консультацияларды жана талкуулоолорду жүргүзөт;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана/же алардын ассоциациялары, бирликтери ченем чыгаруу органдарынын жумушчу топторунун иштерине катышууга укуктуу деген толуктоо сунушталган.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 20-беренеси ченемдик укуктук актынын долбооруна юридикалык жана башка илимий экспертиза жүргүзүү маселесин жөнгө салаарын эске алып, жогоруда айтылып жаткан толуктоону ушул Мыйзамдын ченемдик укуктук актынын долбоорун макулдашууга арналган 21-беренесине киргизүүнү сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасынын 7-пунктуна ылайык, жумушчу топтун курамына юриспруденция, финансы жана экономика тармагындагы, киргизиле турган жөнгө салуу чөйрөсүндөгү адистер, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык уюмдардын жана ишкерлердин өкүлдөрү, ошондой эле башка адистер, кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кириши мүмкүн экендигин эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүндөгү ишкерликти жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн көз каранды эмес эксперттерди тартуу жөнүндө жобону алып салууну сунуш кылабыз.
9. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгү боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдарында Интернет байланышы жок болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдары тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарда, дубалдарда) жайгаштырылат деп аныктоону сунуштайбыз.
Ушул эле сунуш Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 4-бөлүгүнө дагы тиешелүү.
10. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 9-пунктуна ылайык, бир нече мыйзамга өзгөртүү киргизип жаткан мыйзамдын долбоорунун аталышында өзгөртүү киргизилүүчү мыйзамдардын үчөөнүн гана аталышы кашаанын ичинде көрсөтүлүшү, же жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсү кыскача көрсөтүлүшү керектигине көңүлдү бурабыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Мыйзамдын долбоору сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууга муктаж деп эсептейбиз.