Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 287
"Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Салянова, Ө.Ч.Текебаев, Н.В.Никитенко, Д.А.Бакчиев, Д.Б.Бекешев, А.С.Өмүрбекова, И.А.Масалиев тарабынан демилгеленген "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 287 токтому менен жактырылган |
"Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Салянова, Ө.Ч.Текебаев, Н.В.Микитенко, Д.А.Бакчиев, Д.Б.Бекешев, А.С.Өмүрбекова, И.А.Масалиев тарабынан демилгеленген "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Сунушталган Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 4-пункту менен коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жакка акысыз юридикалык жардамды жана сот адилеттигине жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу принцибин кароо сунушталат.
Буга байланыштуу "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси менен кепилдеген мамлекеттик юридикалык жардам бериле турган жактардын чөйрөсү аныкталган, ага коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдар кирбей тургандыгын белгилейбиз.
Ошондой эле коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактар аталган жактардын чөйрөсүнө киргизилген учурда бул кошумча финансылык чыгымдарды алып келе тургандыгын белгилеп кетүү керек.
Ушундай эле сын-пикир Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту жана 15-беренеси боюнча дагы бар.
2. 5-беренесинин 1-бөлүгүндө коррупциялык укук бузуу фактысы тууралуу билдирген жак жөнүндөгү маалымат жашыруун болуп эсептелет жана мыйзамда белгиленген тартипте соттун сурамы боюнча гана берилет деп белгилөө сунушталууда. Бул маалыматты ачыкка чыгаруу мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык мыйзамдарга жалпы бланкеттик шилтеме кылууга жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат").
Ушуга байланыштуу, укук колдонуу практикасындагы так эместиктерди жоюу, ошондой эле коррупциялык жоболорду алып салуу максаттарында, аталган берененин 1-бөлүгүн белгиленген Нускаманын 77 жана 78-пункттарынын жоболоруна ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Ушундай эле сын-пикир Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 3-бөлүгү, 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасы жана 9-беренесинин 3-бөлүгү боюнча да бар.
3. 5-беренесинин 2-бөлүгү менен зарыл учурда ыйгарым укуктуу органдар коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактардын өздүк коопсуздугун камсыз кыла тургандыгы каралган.
Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактар жазыктык сот өндүрүшүндө күбө, жабырлануучу, жана башка катышуучу катары чыга ала тургандыгын, ошондой эле "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде коопсуздук чараларынын толук тизмеси караштырылгандыгын эске алып, бул беренени жогоруда белгиленгендерди эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктчасына ылайык, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү болгон мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлери корголууга тийиш болгон жактарга кирет.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда уставдык капиталды уюштуруу каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 105-беренесинде уюштуруучулардын (катышуучулардын) үлүштөрүн (салымдарын) белгилөө чарбалык шериктештиктерде жана коомдордо гана болот деп белгиленген.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү болгон чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун кызматкерлери.".
5. 6-беренесинин 2-бөлүгүндө корголууга тийиш болгон жактардын толук чөйрөсү аныкталган: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдардын же мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык уюмдардын кызматкерлери.
Ошол эле учурда "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери, коррупцияны алдын алуунун жана аны менен күрөшүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирүү жөнүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын негизги милдеттери белгиленген, б.а. мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер коррупциялык укук бузуулар жөнүндө кандайдыр-бир сый акы албастан эле билдирүүгө милдеттүү.
Ошону менен бирге эле коррупциялык багыттагы кылмыш иштерин талдоо көрсөтүлгөн категориядагы кылмыштар жөнүндө укук коргоо органдарына жогоруда аталган адамдар гана эмес ошондой эле кадыресе жарандар, ишкерлер жана башка категориядагы адамдар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар дагы билдире тургандыгын көрсөткөндүгүн эске алууну сунуштайбыз.
6. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесине ылайык коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирүү мыйзамдар менен белгиленген тартиптик, административдик жана жазык жоопкерчилигине алып келе турган, коррупция менен коштолгон же коррупция үчүн шарттарды түзүүчү мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде көрсөтүлгөн жактарга коррупциялык укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчилик каралбагандыгын белгилеп кетүү зарыл.
7. Мыйзамдын долбоорунун 9-беренеси менен коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу орган катары прокуратура органдарынын жана ыйгарым укуктуу органдардын укуктарын жана милдеттерин белгилөө сунушталат.
Ошону менен бирге эле Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесине ылайык, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдар камсыз кылат.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде Мыйзамдын долбоорунун 3 жана 9-беренелеринин ортосунда карама-каршылыктардын бар экендигин белгилейбиз.
Ошону менен катар эле Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоону камсыздоо боюнча жаңы орган түзүлөбү, же иштеп жаткан органга жүктөлөбү көрсөтүлгөн эмес. Биринчи жана экинчи учурда дагы кошумча финансылык каражаттар талап кылынат деп эсептейбиз.
8. Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген жакка акчалай түрдөгү сый акы төлөнөт, ал коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирүүнүн натыйжасында белгилүү болгон паранын, коммерциялык сый төлөмдүн жана башка мыйзамсыз жылыштырылган акчалай каражаттардын 30 пайызы өлчөмүндө төлөнө тургандыгын белгилөө сунушталган.
Ошол эле учурда коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген жактын өзү пара берүүчү болуп чыгышы мүмкүн экендигин эске алууну сунуштайбыз.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 88-статьясынын 5-бөлүгүнө ылайык, эгерде адам өз ыктыяры менен аны пара берүүгө мажбурлап жаткандыгы жөнүндө билдирсе жана өз колу менен пара алуучуну кармоого мүмкүндүк түзсө, паранын предмети соттун чечими боюнча ага кайтарылып бериле тургандыгын эске алууну сунуштайбыз.
9. 10-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык эгерде коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирүү республикалык бюджетке, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө зыян келтирүүгө бөгөт коюуга мүмкүндүк берген учурда, соттун, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган сый акы бөгөт коюлган зыяндын суммасынын 30 пайызы өлчөмүндө төлөнөт деп аныкталган.
Мында, коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирүүнүн натыйжасында республикалык же жергиликтүү бюджетке келтирилүүчү зыянга алдын ала бөгөт коюлгандыктан, коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген жакка сый акы берүү республикалык же жергиликтүү бюджеттен жүргүзүлүүгө тийиш, бул мамлекеттик бюджетке күч келтире тургандыгын белгилөө зарыл.
Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 26-беренелерине ылайык, ЧУАнын долбоорунун негиздеме-маалымкатында каржылоонун булактары бар экендиги тууралуу маалыматты камтууга тийиш, ошондой эле жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
Бирок негиздеме-маалымкатта каржылоо булактарынын бар экендиги жөнүндө маалыматтар камтылбайт.
Мындан тышкары, бул берененин 1 жана 2-бөлүгүнүн ортосунда ички карама-каршылыктар бар, 2-бөлүктө сый акынынын өлчөмү, негизи жана төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат деп каралган, ошол эле учурда аталган берененин 1-бөлүгүндө сый акынын өлчөмү каралган.
10. Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесине ылайык коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген жакка карата маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде колдонулат.
Бирок, Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесине ылайык коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген жак жөнүндө маалымат анын билдирүүсү кабыл алынган учурдан тартып купуя мүнөздөгү маалымат болуп саналат.
11. Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүндө коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат деп аныктоо сунушталган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесине ылайык аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөйт.
12. Мыйзамдын долбоорунда колдонулган "коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактар", "коррупциялык укук бузуулар" деген терминдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул мыйзамдын долбоорунда да аныкталган эмес.
13. Мыйзамдын долбоорунда камтылган айрым конкреттүү эмес түшүнүктөр укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуусуна шарт түзөт, анткени бул жоболор жалпы түшүнүк менен калган, баалоо мүнөзүндө жана андан улам тиешелүү субъекттерге бул же тигил кырдаалды өз каалаганындай чечмелөөгө дискрециялык ыйгарым укукту бере тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда сунушталган "зарыл болгон учурда", "токтоосуз", жана "башка ченемдик укуктук актылар менен" деген сөз түркүмдөрүн конкреттештирүү максатка ылайык келет деп эсептейбиз.
14. Ошону менен бирге эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын сунушталган долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигин белгилеп кетүү зарыл.
Каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынып калган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылган эмес.
15. Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбейт, анткени сунушталган негиздеме-маалымкат төмөнкүлөрдү камтыбайт:
- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонуудагы ченемдик укуктук базанын талданышы, коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтарды;
- коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жөнүндө маалыматты;
- ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талданышы;
- аны финансылоо булактарынын болушу.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун берилген сунуштарды жана сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгууну максатка ылайык келет деп эсептейт.