Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы № 281 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн желеги жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин (мындан ары - Департамент) жоокердик ар-намыстын, кайраттын жана татыктуулуктун символу болгон, Департаменттин аскер кызматкерлерине баатырдык эрдиктер жана Ата мекенди жана укуктук тартипти коргоонун ыйык милдети жөнүндө эскертип туруучу Күжүрмөн желеги болот.
2. Департаменттин Күжүрмөн желеги кызыл түстөгү баркыт кездемеден даярдалган эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме түрүндө болот. Күжүрмөн желектин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм, Күжүрмөн желектин үч жагынын чети сары (алтын) түстөгү чачык менен айланта жээктелген.
Күжүрмөн желектин өң жаккы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган сүрөт жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин төмөн жагында ортодо мамлекеттик тилде сары (алтын) түстөгү "АТА МЕКЕН ҮЧҮН" деген жазуу жайгашкан. Арткы бетинде кездеменин ортосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символикалык белгиси жайгашкан. Символикалык белгинин энинин кездеменин узундугуна болгон катышы экиден бирге барабар.
Кездеменин арткы бетиндеги символикалык белгиден төмөн ортодо сары (алтын) түстүү мамлекеттик тилдеги "Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаменти" деген жазуу жайгашкан.
Күжүрмөн желектин таягы жумуру жыгачтан, кочкул-күрөң түстө боёлуп, лак жалатылган. Таяктын диаметри 40 мм, узундугу 2500 мм., беш бурчтуу жылдыздуу жарым айдын сүрөтү түшүрүлгөн. Таяктын жогору жагына узундугу 340 мм, төмөн жагынан жазылыгы 130 мм, беш бурчтуу жылдыз жана жарым айдын сүрөтү түшүрүлүп, алтындын буусуна жалатылган фигуралык учу бекитилген.
Күжүрмөн желектин боосунун учтары сары (алтын) түстөгү эшилген эки чачысы бар жибек жиптен даярдалган. Боонун узундугу 2800 мм. Желектин боосу Күжүрмөн желектин учунун төмөнкү негизине боонун үчтөн эки катышы менен бекитилет.
3. Департаменттин Күжүрмөн желеги Департаменттин имаратында гербдүү мөөр басылган айнек кутунун ичинде секичеде сакталат жана Департаменттин ишине байланышкан салтанаттуу иш-чараларга алып чыгарылат.
4. Департаменттин Күжүрмөн желеги башка мамлекеттик органдар тарабынан, юридикалык жана жеке жактар тарабынан колдонулбайт. Аны бурмалоо, бузуу жана башка ушул сыяктуу мүнөздөгү башка аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда аталган аракеттерди жасаган күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.