Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-ноябры №291
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана анын администрациялык ведомстволору жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин тиркелген сүрөттөлүшү бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы символика белгисин даярдоого байланышкан чыгымдарды 2010-жылга бюджетте каралган каражаттардын эсебинен төлөсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы №516 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы №291 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисинин СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгиси өзүнө аныктоочу жана мүнөздөөчү элементтерди жана символдорду камтыйт. Күңүрт-боз түстөгү тышкы стилдештирилген калкан ички элементтерди жана алардын компоновкасын аныктоочу формага ээ. Эмблеманын борбордук бөлүгүндө тегерек калкандын фонунда кылыч сүрөттөлгөн, бул мыйзамды бузгандыгы үчүн кечиримсиз жаза боло тургандыгын символдоштурат. Калкан тегерек формага ээ жана улуттук оюм-чийимдин элементтерин кармайт. "ЖАТ" (ЖАЗЫК-АТКАРУУ ТУТУМУ) аббревиатурасы кызыл түстөгү ийилген тасмага жайгаштырылган, ал кылычтын ортоңку бөлүгүн жаап турат. Эмблеманын жогорку бөлүгүндө жазы кызыл тасмада мамлекетке таандык экендигин билдирүүчү "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген тасма бар. Карама-каршы тарабындагы дагы бир кызыл тасмага аббревиатурага ылайык "ЖАЗЫК-АТКАРУУ ТУТУМУ" деп толук жазылган. Бардык жазуулар жана тасманын контурлары агыш-сары түстө берилген. Эмблеманын төмөнкү борбордук бөлүгүндөгү эки лавр бутагынын ортосунда жайгашкан кызыл жылдыз мамлекетке кызмат өтөөдөгү даңкты, каармандыкты жана ар-намысты билдирет.
2. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын символика белгиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өз ишинде колдонулуучу папкаларында, конверттеринде, бланкаларында жана башка буюмдарында чагылдырылат.
3. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгиси колдонулган ар кандай атрибуттарды даярдоодо белгинин өлчөмү буюмдун өлчөмүнө пропорционалдуу шайкеш келүүгө тийиш.
Эмблеманы сыйлык же белекке берилүүчү буюм катары даярдоодо алтын, күмүш, сайкалданган, хромдолгон же кара болот, латунь же коло сыяктуу пайдаланылган материалдарга ылайык, негизги элементтерди жана алардын пропорцияларын милдеттүү түрдө сактоо менен негизги түстөрдү, өңүн өзгөртүүгө жол берилет.
4. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символика белгисин башка органдар жана адамдар колдонууга болбойт. Аны өзгөртүү, бузуу жана ушул сыяктуу аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.