Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 288
"Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Салянова, Ө.Ч.Текебаев, А.Н.Шыкмаматов, С.К.Нышанов, Д.Д.Бекешев, Р.Ч.Момбеков, Э.Т.Токтомышев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 288 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Салянова, Ө.Ч.Текебаев, А.Н.Шыкмаматов, С.К.Нышанов, Д.Д.Бекешев, Р.Ч.Момбеков, Э.Т.Токтомышев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде жарандардын социалдык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана жашоо-турмушунун моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирүүчү ашыкча чыгымдарга жол бербөө боюнча чараларды белгилөө болуп саналган максаттар белгиленген. Бирок, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктуна ылайык, аталган Мыйзамдын долбоору бардык жарандарга колдонулбайт, ал эмгек акылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынан төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын кызматкерлерине, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү болгон мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерине, ошондой эле аталгандардын жубайларына колдонулат.
Ошону менен катар чоң салтанаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айрымдары гана өткөрө алат деп ойлойбуз, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгү мындай түрдөгү салтанаттарды жана үрп адаттарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү туура келбейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция) 20-беренесин көңүлгө алсак, ага ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек, андыктан Мыйзамдын ушул долбоорун бардык юридикалык жана жеке жактарга колдонууну жайылтуу тууралуу маселенин каралышы максатка ылайыктуу болуп көрүнүүдө.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө эске алынган "ашыкча чыгымдар" жана "олуттуу зыян" деген түшүнүктөр биздин көз карашыбызда баалоонун түшүнүктөрүнө туура келет жана аларды аныктоонун механизмдери жана критерийлери жок.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесине ылайык, салт - кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурасынын негизинде калыптанган жүрүм-турум эрежелери.
Кыргыз Республикасы көп улуттуу өлкө экендигин, ал эми сунушталган Мыйзамдын долбоорунда бир гана кыргыз элинин салттары жана үрп-адаттары аталгандыгын белгилеп кетүү керек. Демек, Мыйзамдын бул долбоору Конституциянын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат, ошондой эле Конституциянын 16-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.
Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси боюнча дагы ушундай сын-пикир.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесине ылайык, салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. Бирок, Конституциянын 37-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.
4. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренеси менен ушул Мыйзамдын талаптарын аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу боюнча туруктуу комиссияларды түзүшөт.
Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында, Мыйзамды кабыл алуу кошумча финансылык каражатты талап кылбайт деп белгиленген.
Ушуну менен бирге эле, жаңы орган түзүлөбү же болбосо Мыйзамдын долбоорунун талаптарынын сакталышын контролдоо боюнча функциялар иштеп жаткан органга жүктөлөбү негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөн эмес. Бул же тигил учурда дагы кошумча финансылык каражаттарды талап кылат деп эсептейбиз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбай тургандыгын белгилеп кетүү керек.
5. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин алтынчы абзацында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган жана туруктуу комиссиялар салтанаттар жана үрп-адаттар өткөрүлгөн ресторан, кафе жана башка маданий-оюн-зоок мекемелеринин ээлеринен өткөрүлгөн иш-чаралардын видео материалдарын берүү талабы каралган.
Ошентип, бул ченем ишкердиктин субъекттерине кошумча милдеттерди белгилейт. Буга байланыштуу "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында нормативдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасири талдоодон өтүүгө тийиш. Ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга тийиш.
Ошону менен бирге эле, Конституциянын 29-беренесине ылайык мыйзамдарда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.
Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 19-статьясына ылайык, кандайдыр-бир адамдын жарыяланган сүрөтүн (картина, фото сүрөт, кино фильм жана д.у.с.) бул адамдын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 20-статьясында жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 135 жана 136-статьяларында жеке турмуштун сырын коргоо укугу каралган.
Ошону менен бирге эле берилген видео материалдардан алынган маалыматтарды башка максаттарда пайдалануу мүмкүндүгү бар экендигин белгилеп кетүү керек.
6. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинде мекеме жана уюм түзүлгөн датаны майрамдоо, ошондой эле мамлекет жана коомчулук алдында жогорку эмгек өтөгөндөрдүн юбилейлери жана эскерүү күндөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары менен каралган учурларда ишке ашырыла турган ченем каралган, ага ылайык юбилейлик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан да кабыл алынат.
7. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесине ылайык "бешикке салуу" үрп-адаты жана туулган күн үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүлөт. Ошол эле учурда "үй-бүлөлүк чөйрө" деген түшүнүк, биздин оюбузча субъективдүү болуп саналат жана үй-бүлөлүк чөйрөгө кирген адамдардын курамынын так аныктамасы жок. Ушундай эле сын-пикир Мыйзамдын долбоорунун 10-беренеси боюнча, ага ылайык, зыяратка (ажыга) баруучуларды узатуу жана ал жактан келгенде тосуп алуу боюнча иш-чаралар үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүлөт.
8. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 4-бөлүгү "сүннөт той" үрп-адатын өткөрүүдө той арналган эркек баладан башка адамдарга белек берүүгө тыюу салынат. Бирок, Конституциянын 42-беренесинин 1-пунктуна ылайык ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ. Ушундай эле сын-пикир Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, ага ылайык, салтанаттарда жана үрп-адаттарда акча чачууга тыюу салынат.
Ошондой эле, мыйзамдарда "бешикке салуу", "тушоо кесүү", "сүннөт той", "үйлөнүү той", "кыз узатуу", "жаназа", "үчүлүк", "жетилик", "кыркы", "жылдык" "улак тартыш", "күрөш" деген түшүнүктөр жок экендигин белгилейбиз.
9. Мыйзамдын долбоорунун 8 жана 9-беренелери менен, сөөк коюу жана аза күтүү үрп-адаттары жана зыярат кылуу (ажыга баруу) ченемдери көрсөтүлгөн. Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.
10. Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинде Мыйзамдын жоболору сакталбаган учурда ыйгарым укуктуу орган жана туруктуу комиссиялар мыйзам бузууга жол берген адам иштеген тийиштүү органдардын жетекчилерине тартип жаза чарасын колдонуу үчүн маалыматты жөнөтөт.
Ошону менен бирге эле, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик кызматчынын тартип жоопкерчилиги деп мамлекеттик органдын жетекчисинин (жалдоочунун) мамлекеттик кызматчыга карата анын өз кызматтык милдеттерин айыптуу, укукка каршы аткаргандыгы, аткарбай койгондугу же талаптагыдай эмес аткаргандыгы (тартип жоругун жасагандыгы) үчүн тартиптик таасир көрсөтүүнү (жаза-чара) колдонуу түшүнүлөт.
Мындан тышкары Мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле кызмат өтөөнүн жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин өзүнчө категорияларынын статусу маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык Эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, аталган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейбиз.