Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 289
"Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 35-статьясынын 2-пунктунда:
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагындагы товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркы улуттук валютада гана көрсөтүлүшү керек";
- экинчи абзац "жүзөгө" деген сөздөн кийин "улуттук валютада" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 307-статьясынын 2-пунктунун биринчи сүйлөмү "тийиш экендиги" деген сөздөрдөн кийин "импорттук-экспорттук операцияларды жүзөгө ашырууда гана" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 285-2-статья менен толукталсын:
"285-2-статья. Эсептешүүлөрдү улуттук эмес валютада жүргүзүү
Импорт-экспорт операцияларды жасагандагы эсептешүүлөрдөн башка учурларда милдеттенмелер, анын ичинде сатып алуу, сатуу, иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча эсептешүүлөрдү Кыргыз Республикасынын улуттук эмес валютасында жүргүзүү:
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейин, кызмат адамдарына - жүздөн эки жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 286-статьяда:
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Азык-түлүк товарларын санитардык талаптар боюнча техникалык регламенттердин талаптарын жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен же болбосо керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздугун ырастаган мамлекеттик жана расмий тилдердеги документтерсиз сатуу -";
2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Азык-түлүк товарларын санитардык, ветеринардык эрежелерди бузуу менен же керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздугун ырастаган мамлекеттик жана расмий тилдердеги шайкештик сертификатсыз же декларациясыз сатуу -";
3) 294-статьяда:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сатылуучу товарларга баа көрсөткүчтөрүн (жарлыктарды) мамлекеттик жана расмий тилдерде эмес, же баа көрсөткүчтөрүн улуттук эмес валютада көрсөтүп илип коюу (көрсөтүлүүчү кызматтарга прейскурант) -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүүгө, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.";
- 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө, кызмат адамдарына жүз сексенден эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.";
4) 295-статьяда:
- 1-бөлүктө:
биринчи абзацы "маалыматтарды" деген сөздөн кийин "мамлекеттик жана расмий тилдерде" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү, кызмат адамдарына жүздөн жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.";
- 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз, кызмат адамдарына жүз сексенден эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.";
5) төмөнкүдөй мазмундагы 315-2-статья менен толукталсын:
"315-2-статья. Жарнакты жайылтууда мамлекеттик тилдеги маалыматтын жоктугу
Жалпыга маалымдоонун басма каражаттарында жайылтылуучу жарнактан башка учурларда мамлекеттик тилдеги маалыматтын жоктугу,
- жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки, кызмат адамдарына - жүздөн эки жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
6) 324-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"324-статья. Бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу";
- 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды кымбаттатуу (социалдык маанилүү товарларга максималдык бааны, табигый монополиялар субъекттеринин товарларына, иштерине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин деңгээлин), монополияга каршы жана ички соода мыйзамдарына ылайык белгиленген бааларга карата белгиленген үстөктөрдү, максималдык үстөктөрдү көтөрүү, -";
- 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Товарларга, иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө карата мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (минималдык бааны), ички соода мыйзамдарына ылайык белгиленген бааларга карата белгиленген минималдык үстөктөрдү төмөндөтүү -";
7) 325-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекет жөнгө салуучу бааларды (тарифтерди) жогорулатуунун эсебинен жана табигый монополиялардын субъекттеринин реестрине киргизилген чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө), ошондой эле товарлары (жумуштары, кызмат көрсөтүүлөрү) мамлекеттик жөнгө салынуучу башка чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) өз убагында арзандатпоонун эсебинен алынган каражаттарды бюджетке которбоо же өз убагында которбоо, -";
8) 534-статьянын 1-бөлүгү "315-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө," деген сөздөрдөн кийин "315-2" деген цифралар менен толукталсын;
9) 535-статьянын биринчи абзацы "285" деген цифрадан кийин "285-2" деген цифралар менен толукталсын.
3-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-беренесинде:
5-пункттагы "милдеттүү түрдө сертификацияланууга жатат" деген сөздөр "товар сертификатташтырылды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) жана жарнактоонун башка объекттерин жарнактоодо нарктык көрсөткүчү улуттук валютада көрсөтүлүшү керек.".
4-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2015-жылдын 14-апрели, № 31) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пункту "тийиш болгон" деген сөздөрдөн кийин "(улуттук валютадагы)" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 51-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту "бирдиги үчүн" деген сөздөрдөн кийин "улуттук валютадагы" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|