Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-июну № 291
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндө иштерди кароо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке же юридикалык жактын арызы;
2) ыйгарым укуктуу органдын демилгеси;
Ушул Мыйзамдын бузулгандыгы жөнүндө иштерди кароо тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.";
- 2-бөлүктөгү "5" деген цифра "3" деген цифра менен алмаштырылсын;
2) 19-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Табигый монополиялардын субъекттери (алардын жетекчилери), мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары), керектөөчүлөр (абоненттер), керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) коомдук бирикмелери, алардын ассоциациялары жана союздары, башка юридикалык жактар, ошондой эле укук коргоо органдары ыйгарым укуктуу органдын чечимин (кагаз жүзүндөгү талаптарын) Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ушул беренеде көрсөтүлгөн адамдар сотко кайрылууга укуктуу.";
- 2-бөлүктөгү "чечимдерин (кагаз жүзүндөгү талаптарын)" деген сөздөр "административдик даттануу боюнча чечимдерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти