Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-марты № 158
Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору (CASA-1000) боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууларды ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “Бишкек шаарында 2015-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- “Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- “Джидда шаарында 2016-жылдын 4-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) кыргыз бөлүгү) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- “Бишкек шаарында 2015-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу;
- “Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу;
- “Джидда шаарында 2016-жылдын 4-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) кыргыз бөлүгү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдардын долбоорлорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
Долбоор
1-берене
Бишкек шаарында 2015-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору) ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Долбоор
1-берене
Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Европа инвестициялык банкына кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Долбоор
1-берене
Джидда шаарында 2016-жылдын 4-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) кыргыз бөлүгү) ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти