Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июну № 303
"Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Темир жол транспорту жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү темир жол транспорту менен ташуудагы ташуучулардын, мамлекеттик органдардын, жүргүнчүлөрдүн, жүк жөнөтүүчүлөрдүн (жиберүүчүлөрдүн), жүк алуучулардын (алуучулардын) башка жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын күчү темир жол транспорту чөйрөсүндө иштеген жеке жана юридикалык жактарга алардын ведомстволук тиешесине жана менчигинин формасына карабастан, ошондой эле темир жол транспортунун кызматынан пайдалануучу жактарга карата колдонулат.
3. Аскердик темир жол ташууларын камсыздоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын өзүнчө ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
2-берене. Кыргыз Республикасынын темир жол транспорту жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын темир жол транспорту жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
багаж - жүргүнчүнүн жол жүрүү документинде (билетинде) көрсөтүлгөн, баруучу темир жол станциясына чейин багаждык же почталык-багаждык вагондо ташуу үчүн белгиленген тартипте кабыл алынган мүлкү;
республикалык ички байланыш - Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде жалпы пайдалануудагы темир жол транспорту менен жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багажды ташуу;
жүк багаж - жүргүнчү эмес жеке же юридикалык жактан жүргүнчүлүк поезддин багаждык же почталык-багаждык вагонунда ташуу үчүн белгиленген тартипте кабыл алынган предметтер;
жүк - жүк вагондордо, контейнерлерде ташуу үчүн белгиленген тартипте кабыл алынган объект (анын ичинде буюмдар, предметтер, пайдалуу казындылар, материалдар, сырье, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары);
жүк жөнөтүүчү (жиберүүчү) - ташуу келишими боюнча өзүнүн же жүктүн, багаждын, жүк багаждын же почталык жөнөтүүлөрдүн ээсинин атынан чыккан, ташуу документинде көрсөтүлгөн жеке же юридикалык жак;
жүк алуучу (алуучу) - жүктү, багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү алууга белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген жеке же юридикалык жак;
инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу - ташуучулардын жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багажды жана почталык жиберүүлөрдү ташуу ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү;
темир жол станциясы - инфратүзүм объектиси (инфратүзүм объектилеринин жыйындысы), ал темир жолду перегондорго же блок-участокторго бөлөт, жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдордун инфратүзүмүнүн ишин камсыз кылат, поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү, бирин токтотуп, бирин өткөрүү боюнча операцияларды, жүргүнчүлөрдү тейлөө, жүктөрдү, багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү кабыл алуу, берүү, жүктөө, түшүрүү боюнча операцияларды аткарууга мүмкүндүк берүүчү, ал эми өнүккөн жол түзүлүштөрүндө - поезддерди куроо жана ажыратуу боюнча маневрлук жумуштарды жана поезддер менен техникалык операцияларды аткаруу, ошондой эле темир жолдун жүрүүчү курамын техникалык тейлөө жана контейнерлерди ташууга даярдоо боюнча техникалык операцияларды аткарууга мүмкүндүк берүүчү жолдору бар болот;
темир жол перегону - жанаша турган өзүнчө пункттардын (станциялар менен разъезддердин) ортосундагы темир жол линиясынын бөлүгү;
жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдор - жалпы пайдалануудагы темир жолдорго түздөн-түз же башка кирме темир жолдор аркылуу барыш туташуучу жана айрым керектөөчүлөрдү келишимдик шартта тейлөөгө же өзүнүн ээсинин жеке муктаждыктары үчүн жумуштарды аткарууга арналган темир жолдор;
жалпы пайдалануудагы темир жолдор - темир жол станцияларынын аймактарындагы, жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунда ташуу процессиндеги операцияларды аткарууга арналган, инфратүзүмдүн объектилери болгон темир жолдор, ошондой эле ушул темир жол станцияларын байланыштырган темир жолдор;
темир жол - тиешелүү тилкеде жайгашкан, өзүнө жолдун үстүңкү түзүлүшүн, жер тилкесин, сууну буруучу, сууну өткөрүүчү, деформацияга каршы, коргоочу жана бекемдөөчү курулмаларды өзүнө камтыган курулмалардын комплекси, ошондой эле жасалма курулмалар;
темир жол транспорту - рельс жолдордо жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багажды жана почталык жиберүүлөрдү ташууга арналган жер үстүндөгү транспорттун түрү (вагондор, локомотивдер);
жалпы эмес пайдалануудагы темир жол транспорту - юридикалык жана жеке жактардын жалпы эмес пайдалануудагы жерлердеги аткарылуучу кызматтарга (жумуштарга) муктаждыктарын келишимдик шартта камсыздоого же ушул жактардын жеке муктаждыктары үчүн жумуштарды аткарууга арналган темир жол транспорттун түрү;
жалпы пайдалануудагы темир жол транспорту - юридикалык жана жеке жактардын, мамлекеттин жалпы келишимдин шартында темир жол транспорту менен ташууга муктаждыктарын камсыздоо жана ушундай ташууларга байланышкан башка кызматтарды көрсөтүүгө (жумуштарды аткарууга) арналган темир жол транспорттун түрү;
инфратүзүм - магистралдык жана станциялык жолдорду, электрдик жабдуунун, сигнализациянын, байланыштын объектилерин, түзүлүштөрдү, жабдууларды, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды, оңдоочу, эксплуатациялык жана башка объектилерди камтыган, темир жол транспортундагы ташуу процессин камсыздоого арналган технологиялык комплекс;
контейнер - темир жол транспорт жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана бир транспорт каражатынан башкасына механикалаштырып которуп жүктөөгө ылайыкталган, стандартташтырылган көп жолу пайдаланылуучу тара;
каттап туруу - локомотивдин жалпы пайдалануудагы темир жол аркылуу тийиштүү маршрут боюнча тийиштүү убакытта жана аралыкта жүрүүсү;
маневрлук кыймылдар (жумуштар) - поезддин курамын (жүрүүчү курамын) өзгөртүү (чиркөө, ажыратуу) составдарды түзүү (жоюу), составдарды бир парктан экинчисине которуштуруу, локомотивдик жылдырып поезддин курамына туташтыруу же ал поездден чыгаруу, вагондорду подъезддик жолдорго берүү же андай жолдордон алуу боюнча же башка операциялар;
жалпы эмес пайдалануудагы жерлер - жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдор, ошондой эле айрым керектөөчүлөр жүк жүктөө, жүктү түшүрүү, сактоо боюнча операцияларды жасоо үчүн пайдалануучу жабык жана жабылбаган кампалар жана участоктор;
улуттук ташуучу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, багажды. Жүк багажды, почталык жиберүүлөрдү ташуу боюнча инфратүзүмү бар жана ушул кызматтарды аткаруучу, ошондой эле атайын жана аскердик ташууларды аткаруучу юридикалык жак;
темир жол транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздугун камсыздоо - темир жол транспортунун уюмдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка юридикалык жактардын, ошондой эле жеке жактардын темир жол транспортун үзгүлтүксүз иштетүүгө, транспорт кырсыктарын болтурбоого, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мүлкүнө зыян келтирүү опурталын азайтууга багытталган иши;
инфратүзүм объектилери - жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунда ташуу процессин аткарууну камсыздоого же инфратүзүмдүн технологиялык иштешин камсыздоого түздөн-түз арналган жалпы пайдалануудагы темир жолдор, темир жол станциялары, анын ичинде вокзалдар жана өзүнчө пункттар, курулмалар жана электр менен жабдуучу түзүлүштөр, байланыш тармактары, сигнализация, борборлоштуруу жана тосмолоо системалары, информациялык комплекстер, кыймылды башкаруу системасы, суу менен жабдуу жана сууну чыгаруучу объектилери жана системалары, оңдоочу, эксплуатациялык жана башка имараттар, курулуштар, курулмалар, аянттар, түзүлүштөр, коргоочу курулмалар, жабдуулар;
опурталдуу жүк - транспорттоо (ташуу) процессинде, маневрлук жана жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууда жана сактоодо тиешелүү факторлор болсо өздөрүнө тиешелүү касиеттерге байланыштуу жарылуунун, өрттүн, техникалык каражаттардын, түзүлүштөрдүн, курулмалардын, жабдуулардын, темир жол транспортунун башка объекттеринин жана үчүнчү жактардын химиялык же башкача түрдө булгануусуна, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келишине, айлана-чөйрөгө зыян келишине себеп болуучу заттар, материалдар, буюмдар, өндүрүштүн же башка иштин калдыктары;
инфтратүзүмдүн оператору - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу жалпы пайдалануудагы темир жолдук транспорт уюму, ал ушул Мыйзамга ылайык мыйзамдуу негизде инфратүзүмгө ээлик кылат жана инфратүзүмдү пайдаланат жана (же) инфратүзүмдү пайдалануу боюнча кызматтарды көрсөтөт;
жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюму - кардарларга темир жол транспортунун кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жак;
токтотуу пункту - жүргүнчүлөр үчүн платформалары же түшүрүүчү аянт менен, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү үчүн башка жабдуулар менен жабдылган поезддер токтоочу жер;
кайтарылуучу зоналар - бөлүнгөн тилкенин эки тарабындагы аймак жана анын чегинде темир жол транспортунун объекттеринин сакталышын, бекемдигин жана туруктуулугун камсыздоо максатында, анын ичинде жер кыртышы оошуп туруучу жерлердеги жана кар күрткү, кум басуу жана башка зыяндуу таасирлерге кабылуучу жерлердеги жер участокторду (жер участоктордун бөлүктөрүн) пайдалануунун өзгөчө режими белгиленүүчү аймактар;
жүргүнчү - жарактуу жол жүрүү документи (билети), же болбосо жол жүрүү документи (билети) боюнча жол жүрүүчү жана темир жол бекетинин, темир жол вокзалдын же жүргүнчүлүк платформанын аймагында сапар алдында турган же сапардан келе жаткан адам;
жүрүүчү курам - жүрүүчү темир жол транспорт (жүк ташуучу, багаждык, жүргүнчүлүк вагондор, локомотивдер), ошондой эле темир жолдо ташууларды аткарууга арналган башка транспорт каражаттар;
эл аралык ташуулар - ар кайсы мамлекеттердин темир жол станцияларынын ортосунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды, жүк багаждарды жана почталык жиберүүлөрдү эл аралык ташуу;
аралаш эл аралык байланыштагы ташуулар - бүткүл маршрутка таризделген бир транспорттук документ (транспорттук коштомо кагаз) боюнча транспорттун бир нече түрү менен мамлекеттердин аймактарынын чектеринде аткарылуучу ташуулар;
ташуу документи - жүктү, багажды, жүк багажды жана почталык жиберүүлөрдү ташууга, бош вагонду өткөрүүгө келишим түзүлгөнүн ырастоочу документ;
поезд - бир же бир нече иштөөчү локомотивден же моторлуу вагондордон куралып жана чиркештирилген вагондордун составы;
жол жүрүү документи (билет) - жүргүнчүнү ташууга келишим түзүлгөнүн ырастоочу документ, ал белгиленген формадагы бланкта таризделет;
ташуу процесси - темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды, жүк багажды жана почталык жиберүүлөрдү ташууга даярдоодо, ташууда жана аяктоодо аткарылуучу өз ара байланышкан уюштуруучулук жана технологиялык иштер менен операциялардын жыйындысы;
ташуучу - жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багажды жана почталык жиберүүлөрдү ташуу боюнча иштеген, менчик укугунда же болбосо башка мыйзамдуу негизде жүрүүчү курамга, анын ичинде сүйрөгүч транспорт каражаттарына ээлик кылган жана темир жол транспортундагы коопсуздуктун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен талаптарына жооп берген темир жол транспортунун уюму;
темир жолдордун бөлүү тилкеси (мындан ары - бөлүү тилкеси) - жалпы жана жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдорду жайгаштырууга пайдаланылган же жайгаштырууга арналган, жалпы жана жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдун боюндагы жер участоктор, ошондой эле темир жол транспорттун топурак үйүлгөн, жасалма курулмалар, линиялык-жолдук жана башка имараттар, темир жол байланышынын түзүлүштөрү турган, темир жол станцияларын, сууну буруучу жана бекемдөөчү түзүлүштөрдү, темир жолдордун боюндагы коргоочу токой тилкелерин, байланыш линияларын, электрдик жабдуу түзүлүштөрүн жана жолдук түзүлүштөрдү, өндүрүштүк (оңдоочу жана эксплуатациялык) жана башка имараттарды, курулуштарды, курулмаларды, түзүлүштөрдү жайгаштырууга пайдаланылган же жайгаштырууга арналган жерлер, ошондой эле темир жол транспортун келечекте өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн жерлер;
кардар - темир жол транспортунун кызматын (жумуштарын) пайдалануучу жүргүнчү, жүк жөнөтүүчү (жөнөтүүчү), жүк алуучу (алуучу), же башка жеке же юридикалык жак;
темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө тариф - темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасынын акчалай көрүнүшү;
уюмдардын технологиялык темир жол транспорту - темир жол уюмдарынын аймагы боюнча ушул уюмдардын жеке муктаждыктары үчүн мүлктү ташууга арналган, жалпы жана жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдорго чыкпаган темир жол транспортунун түрү;
темир жол транспортунун транспорт каражаттары - кыймылдуу темир жол составы, анын ичинде локомотивдер, моторлуу жана моторсуз вагондор, локомотив сүйрөгөн жүк вагондору, жүргүнчүлүк вагондор, ошондой эле ташуулар, курулуштар, калыбына келтирүү, оңдоо жана инфратүзүмдүн иштөөсү үчүн арналган кыймылдуу темир жол составы;
инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү - жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды, жүк багажды, почталык жиберүүлөрдү ташууну уюштуруу жана аткаруу үчүн инфратүзүмдү пайдаланып көрсөтүлүүчү темир жол тейлөөлөрү жана темир жол транспортунда ташуу процесси менен байланышкан башка кызмат көрсөтүүлөр;
темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрү - жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багажды, почталык жиберүүлөрдү ташуу жана ушундай ташууларды уюштурууга жана аткарууга байланышкан кошумча кызматтар (жумуштар), ошондой эле инфратүзүмдөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү;
ташуу процессинин катышуучусу - ташуу процессине катышкан темир жол транспортунун уюму.
4-берене. Темир жол каттамдарынын түрлөрү
Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунда жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүк багаждарын ташуу каттамдардын төмөнкүдөй түрлөрүндө жүзөгө ашырылат:
1) республикалык ички каттамда,
2) эл аралык каттамда (эл аралык линиялар).
2-глава. Темир жол транспортунун иштөөсүнүн негиздери жана анын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
5-берене. Темир жол транспортунун иштөөсүнүн негиздери
1. Темир жол транспорту Кыргыз Республикасынын бирдиктүү транспорт системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Темир жол транспорту транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракеттенүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын темир жол транспорту менен ташууларга болгон муктаждыгын өз убагында жана сапаттуу камсыз кылууга, экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык мейкиндиктин бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
2. Темир жол транспорту жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунан, жалпы пайдаланылбаган темир жол транспортунан, ошондой эле технологиялык темир жол транспортунан турат.
Ушул Мыйзам жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун, жалпы пайдаланылбаган темир жол транспортунун иштөөсүнө, ал эми технологиялык темир жол транспортуна карата - контейнерлер, темир жолдун жүрүүчү курамы менен жүргүзүлүүчү операцияларга карата талаптар жагында гана колдонулат, ал андан ары жалпы жана жалпы пайдаланылбаган темир жолго чыгууну ишке ашырат жана ташуу процессинде аталган операциялар аткарылуучу технологиялык темир жол транспортунун объекттерине карата колдонулат.
3. Темир жол транспортунун иштөөсү төмөнкүдөй принциптерден улам ишке ашырылат:
1) инфратүзүмдөрдүн бүтүндүгүн сактоо жана үзгүлтүксүздүгүн жана инфратүзүмдүн алкагында ташуу процессин борборлоштурулган диспетчердик башкарууну камсыз кылуу;
2) магистралдык темир жол тарамдарын жана темир жол транспортунун жүрүүчү курамын өнүктүрүү;
3) темир жол транспортунун ишинин туруктуулугу жана динамикалуу өнүктүрүү;
4) ташууларды өнүктүрүү;
5) көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаттуулугу;
6) темир жол транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу;
7) атаандаштыкты өнүктүрүү жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн өнүккөн рыногун калыптандыруу;
8) мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу;
9) мамлекеттин бирдиктүү транспорттук системасынын иштөөсүнүн макулдашылгандыгы;
10) темир жол транспортун өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн эркин ишкердик шарттарын түзүү жана чарбакер иштерге мамлекеттик органдардын мыйзамсыз кийлигишүүсүнө бөгөт коюу;
11) айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу;
12) темир жол транспортунун мобилизациялык даярдыгын колдоо.
4. Темир жол транспорту уюмунун мүлкү, анын ичинде бул ушул мүлк жайгашкан жерлер Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарында каралган тартипке ылайык, жалпы пайдалануудагы темир жолду жана алардагы инженердик курулмаларды копшогондо, менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка формаларында болот.
6-берене. Темир жол транспорту жаатын мамлекеттик жөнгө салуу
1. Темир жол транспорту жаатын мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй максаттарда ишке ашырылат:
1) темир жол транспортунун бүтүндүгүн, натыйжалуулугун, коопсуз жана сапаттуу иштешин, ошондой эле анын комплекстүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
2) ташуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;
3) темир жол транспортунун уюмдары көрсөтүүчү кызматтарга, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү алууга кызыкдар бардык адамдарга тоскоолдуксуз жана басмырлоосуз жетишүүсүн камсыздоо.
2. Темир жол транспорту жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:
1) темир жол транспорту жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана артыкчылыктарды белгилөө;
2) темир жол транспорту жаатын мамлекеттик жөнгө салуучу органдарынын ишинин негиздерин аныктоо;
3) ташуу процессинин бардык катышуучулары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү ченемдик укуктук актыларды бекитүү;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын аткарылышы үчүн мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү;
5) социалдык-экономикалык стабилдүүлүккө, коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда темир жол транспорту менен айрым ташууларды жана темир жол транспортунун конкреттүү уюмдарынын алар менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрүн ишке ашыруу боюнча милдеттерди, темир жол транспортунун аталган уюмдары тарткан чыгымдарды тийиштүү компенсациялоо менен жүктөө.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) улуттук ташуучуну аныктайт жана анын уставын бекитет;
2) социалдык-экономикалык стабилдүүлүккө, коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда темир жол транспорту менен айрым ташууларды жана алар менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу боюнча милдеттер жүктөлгөн темир жол транспортунун конкреттүү уюмдары тарткан чыгымдарынын ордун толтуруунун тартибин аныктайт;
3) бөлүү тилкелеринин чектеринде темир жол транспортунун жерлерин коргоонун жана пайдалануунун тартибин аныктайт;
4) коргоо зоналарын белгилөөнүн, алардын өлчөмдөрүн жана бул максаттар үчүн бөлүнүп берилген жерлерди пайдалануу режиминин тартибин аныктайт;
5) республикалык ички каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифтерин белгилөөнүн маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;
6) темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө жетишүүнү, тарифтик саясаттын негиздерин кошо алганда, жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;
7) темир жол транспортундагы кыйроолордун, кырсыктардын, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга жардам берүү менен байланышкан аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдарын компенсациялоонун тартибин аныктайт;
8) ушул мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7-берене. Темир жол транспортун техникалык жөнгө салуу
Темир жол транспортунда техникалык жөнгө салуу жаатындагы иштерди уюштуруу жана ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу, ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте ишке ашырылат.
8-берене. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрү жана ташуу укугу
1. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жүктөрдү ташууну жана жүктөрдү (анын ичинде куру жүрүүчү курамды) ташууну уюштуруу жана ишке ашыруу менен байланышкан кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (жумуштарды);
2) жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багаждарын, почта жөнөтүүлөрүн ташууну жана мындай ташуулар менен байланышкан кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (жумуштарды);
3) инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү.
2. Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө, тарифтик саясаттын негиздерин кошо, жетишүүнү жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
3. Темир жол транспорт уюму керектөөчүлөрдүн талаптары боюнча темир жол транспортунун чөйрөсүндө алар көрсөтүүчү кызматтардын тизмесин, темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрү, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
4. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун кызматтарын көрсөтүү жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багаждарды, жүк багаждарын жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу келишимдеринин, инфратүзүм кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдердин, ошондой эле жалпы пайдалануудагы темир жол уюмдары менен керектөөчүлөр ортосунда түзүлгөн жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун башка кызматтарын көрсөтүү жөнүндөгү келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
5. Ташуучулар жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүк багаждарын жана почта жөнөтүүлөрүн ташууну жүзөгө ашырышат, эгерде:
1) темир жол транспортундагы коопсуздуктун талаптарына жооп берсе жана менчик укугунда, же башка мыйзамдуу негизде темир жол транспорт каражаттарына ээ болсо;
2) керектөөчү ушул Мыйзамдын жана жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүк багаждарын, жүктөрдү, почта жөнөтүүлөрүн ташуу жана темир жол тарифтери чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактаса;
3) ташуучулар жоё албаган жана жок кыла албаган (согуштук аракеттер, блокада, эпидемия, табигый кырсыктар ж.б.) жагдайлар ташууга тоскоолдук кылбаса;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан же Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленген ташууга тыюу салынган же айрым бир шарттарда гана ташууга уруксаат берилген предметтердин тизмегине киргизилбеген, ташуу үчүн берилген предметтер.
6. Жүктөө, ашыра жүктөө жана түшүрүү үчүн атайын түзүлүш талап кылынса, эгерде темир жол транспортунун тийиштүү уюмунун, ишканасынын жана мекемесинин тескөөсүндө мындайлар жок болсо ташуучулар жүктү кабыл алууга милдеттүү эмес.
7. Жүк жөнөтүүчүлөр, жүк алуучулар, ошондой эле алардын атынан аракеттенген башка уюмдар жана жүргүнчүлөр, ташуучулар менен катар эле ташуулардын макулдашылган көлөмүн аткаруу, эсептешүүлөрдүн өз убагында аткарылышын, кыймылдын коопсуздугун, жүктөрдүн, темир жолдун жүрүүчү курамынын, контейнерлердин, чыгарылма ташуучу түзүлүштүн сакталуулугун камсыз кылуучу жүрүүчү курамды жана жүктөрдү ташууга карата туура даярдоо боюнча ташуулар, ошондой эле жүрүүчү курамды, контейнерлерди, башка мүлктөрдү ижаралоо боюнча өзүнө алган милдеттенмелердин жана ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында жана керектөөчүлөр менен ташуучулардын ортосундагы келишимдерде каралган жоболордун аткарылышын камсыздашы керек.
8. Ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ташуулардын эрежелеринде жана шарттарында, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда кошпогондо, ташуу процессин жүзөгө ашыруучу жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюмдары жол жүрүүгө акысын төлөгөн жана жүктү, жүк багажын, багажды жана почта жөнөтүүлөрүнө жол жүрүү документин туура тариздеген жүргүнчүнү жана жүк жөнөтүүчүнүн жүгүн ташуудан баш тартууга укуксуз.
9-берене. Инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жетишүү
1. Инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүү жөнүндөгү келишимдин негизинде инфратүзүмдүн оператору тарабынан ташуучуларга жана башка керектөөчүлөргө көрсөтүлөт.
Ташуучу инфратүзүмдүн ээси же болбосо оператору болуп саналса инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлбөйт.
2. Ташуучулардын инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жетишүүсү Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ташуучулардын жана башка керектөөчүлөрдүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жетишүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө жетишүүнү жөнгө салуунун тартибине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдөн улам инфратүзүмдүн өткөргүч жөндөмүнүн чегинде көрсөтүлөт.
10-берене. Темир жол транспортунун уюмдарынын транспорттун башка түрлөрү, инфратүзүмдүн менчик ээлери болуп саналган юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелери
1. Темир жол транспорту жүргүнчүлөрдү, жүк багаждарын, багаждарды жана почта жөнөтүүлөрүн ташууларды ишке ашырууда аралаш каттамдарда аба, автомобиль жана транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракеттенет.
2. Аралаш каттамдарда жүргүнчүлөрдү, жүк багаждарын, багаждарды жана почта жөнөтүүлөрүн ташуулардын тартиби жана аны уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленет.
3. Темир жол транспортунун уюмдарынын инфратүзүмдүн менчик ээлери болуп саналган юридикалык жана жеке жактар менен укуктук мамилелер, ошондой эле кошулма темир жолдорду пайдалануунун жана жалпы пайдалануудагы темир жолдордо өзүнө тиешелүү болгон жүрүүчү курамды жүгүртүүнүн тартиби менен шарттары ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери жана алардын негизинде түзүлгөн келишимдер менен аныкталат.
11-берене. Темир жол транспортунун кайтарылуучу зоналары
Жер көчкүлөрүнө, уроолорго, селдерге жана башка коркунучтуу таасирлерге дуушар болушу мүмкүн болгон мамлекеттик маанидеги жерлерде жайгашкан калктын коопсуздугун жана инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттун өнөр жай объекттери жана башка түрлөрү тарабынан) ченемдүү пайдалануусун камсыз кылуу максатында кайтарылуучу зоналар белгиленет.
Кайтарылуучу зоналарды белгилөөнүн тартиби, алардын өлчөмдөрү жана ушул максаттар үчүн бөлүнгөн жерлерди пайдалануунун режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3-глава. Темир жол транспортундагы башкаруу системасы жана ташууларды жүзөгө ашыруунун негиздери
12-берене. Темир жол транспортундагы башкаруу
1. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортундагы ташуу процессин башкаруу улуттук ташуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Темир жол транспортунун ишин контролдоо жана көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырат.
13-берене. Жалпы жана жалпы пайдаланылбаган темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү ташуунун негиздери
1. Темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү ташуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
Эл аралык каттам боюнча жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү ташуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Улуттук ташуучу тарабынан жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү ташуу тиешелүү операцияларды жүргүзүүгө ачык болгон темир жол станцияларынын ортосундагы жалпы пайдалануудагы темир жолдор боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Жүргүнчүлөрдүн темир жол транспортундагы сапары жол жүрүү документтери (билеттер) боюнча жүзөгө ашырылат.
4. Инфратүзүмдүн менчик ээлери, Улуттук ташуучу, ташуучулар жана уюмдар, көмөкчү жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарган жеке ишкерлер үчүн темир жол транспортунда багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү ташуу (багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү жеткирүүнүн мөөнөтү жана сакталышы) жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн керектөөчүлөрүн тейлөө сапатынын көрсөткүчтөрү темир жол транспортунда багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү ташуу эрежелери, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
14-берене. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер
1. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди белгилөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
2. Эл аралык каттам боюнча жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууга тарифтер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
4-глава. Кыймыл коопсуздугу, жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюмдарынын жүгүн жана объекттерин кайтаруу, өзгөчө шарттарда ишти уюштуруу
15-берене. Кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууну уюштуруу, транспорттук жана башка техникалык каражаттарды пайдаланууну
1. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун ишин уюштуруу сапарда жүрүүнүн, жүктү, багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү ташуунун, жүргүнчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз шарттарды, поезддердин жана темир жол транспортунун башка каражаттарынын коопсуздугун, анын ичинде жүрүүчү курамды башка жолдорго которууну, жүк ташуу процесси менен байланышкан транспорттук жана башка техникалык каражаттарды пайдаланууну, ошондой эле кызматкерлердин эмгегин коргоону жана жаратылыштын курчап турган чөйрөсүн коргоону камсыз кылуусу керек.
Темир жол транспорту жана инфратүзүм пайдалануу процессинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген коопсуздук талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Жалпы пайдаланылбаган темир жолдордун менчик ээлери аларды темир жол транспортунун кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздугун жана жаратылыштын курчап турган чөйрөсүн коргоону камсыз кыла турган абалда кармоого милдеттүү.
2. Темир жол транспортунда ташуу процессине байланыштуу транспорттук жана башка техникалык каражаттардын кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздугун камсыз кылууну уюштуруу улуттук ташуучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Темир жол транспортунда кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууга контролду жүзөгө ашыруучу атайын кызмат, ошондой эле темир жолдогу кырсыктардын кесепеттерин жоюучу авариялык-калыбына келтирүүчү бөлүнүштөр иштейт. Кыймылдын коопсуздугун бузууларга кызматтык териштирүүнүн, классификациялоонун жана эсепке алуунун тартиби улуттук ташуучу тарабынан бекитилет.
4. Темир жол менен ташылуучу кооптуу жана атайын жүктөрдүн менчик ээлери, мындай жүктөрдү жөнөтүүчүлөр жана алуучулар аларды ташуу, жүктөө жана түшүрүү коопсуздугуна кепилдик берүүгө, мындай жүктөрдү ташууда алар пайда болгон учурда авариялык кырдаалдарды жана авариялардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон каражаттар менен мобилдүү бөлүнүштөрү болууга тийиш.
Улуттук ташуучу кооптуу жана атайын жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү жана калыбына келтирүүнүн бар болгон каражаттарынын тактикалык-техникалык чектеринде ушул жүктөрдү ташууда, алар пайда болгон учурда, авариянын кесепеттерин жоюуга катышууга.
5. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюмдары жана жалпы пайдаланылбаган темир жол транспортунун менчик ээлери транспорт кырсыктарынын, анын ичинде кыйроолордун, авариялардын жана инциденттердин кесепеттерин чектөө жана жоюу боюнча, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, айлана-чөйрөгө, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмдөрүн кыскартуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
16-берене. Кыймылдын коопсуздугу боюнча негизги жоболор
1. Темир жол станцияларынын, бекеттеринин жана ташуу процесси менен байланышкан темир жолдун башка бөлүнүштөрүнүн аймактары, поезддердин жүрүшү жана анда жүрүүчү курамды башка жолдорго которуу, жүктөө-түшүрүү жумуштары жүргүзүлүүчү темир жол линиялары, ошондой эле оңдоо ишканалары жогорку кооптуулуктагы зоналар болуп саналган.
Көрсөтүлгөн зоналарды кызматтык зарылдыгы жок бөтөн адамдардын болушуна тыюу салынат.
2. Кыймылдуу, анын ичинде адистештирилген курам жана контейнерлер, темир жолдордун түзүлүшүнүн үстүңкү элементтери жана темир жол транспортуна жөнөтүлүүчү башка техникалык каражаттар менен механизмдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген коопсуздук талаптарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келүүгө тийиш.
3. Аймагында опурталдуу жүктөрдү өндүрүү, сактоо, жүктөө, ташуу жана түшүрүү жүзөгө ашырылган объекттер жалпы пайдалануудагы темир жолдорунан жана темир жол транспортунун уюмдарынын башка объекттеринен алардын коопсуз иштешин камсыз кылуучу аралыкта жайгаштырылышы керек. Көрсөтүлгөн объекттерден жалпы пайдалануудагы темир жолдоруна жана курулмаларга, жалпы пайдалануудагы темир жолдорундагы кесилишкен түтүк өткөргүчтөргө, байланыш, электр берүү линияларына, башка курулмаларга чейинки минималдуу аралык, ошондой эле мындай объекттерди темир жолдор кесилишкен жана алар менен жакындаган жерлерде куруу жана кармоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Опурталдуу жүктөрдү өндүрүү, сактоо, жүктөө, ташуу жана түшүрүү жүзөгө ашырылган объекттердин менчик ээлери кыймылдын коопсуздугуна жана темир жол транспортунун пайдаланууга коркунуч келтирүүчү авариялык кырдаалдардын келип чыккандыгы жөнүндө жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюмдарын өз убагында кабарлоого милдеттүү.
4. Темир жолдорду автомобиль жолдору кесип өткөн жерлер (темир жол өтмөктөрү) темир жолду жана темир жол өтмөктөрүн пайдалануунун техникалык эрежелери, курулуш ченемдери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген эрежелер менен аныкталат.
5. Ташуу процесси менен байланышкан транспорттук жана башка техникалык каражаттардын кыймылынын коопсуздугун жана пайдалануунун талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, жарандык, кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
17-берене. Темир жол жүрүүчү курамына жана контейнерлерге карата негизги талаптар
1. Жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды, жүк багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү ташуу үчүн арналган темир жол жүрүүчү курамы жана контейнерлер алардын таандыктыгына карабастан темир жол транспорту чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Эл аралык каттам боюнча жүргөн темир жол жүрүүчү курамына коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
18-берене. Темир жол транспортунда жүктөрдү жана объекттерди кайтаруу
Жүрүү жолунда жана темир жол станцияларында жүктөрдү, темир жол транспортунун уюмунун объекттерин кайтаруу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, улуттук ташуучунун аскерлештирилген күзөтү тарабынан дагы келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
Мындай жүктөрдү кайтаруунун жана коштоп жүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
19-берене. Өзгөчө жагдайларда темир жол транспортунун ишин уюштуруу
1. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюмдары темир жол транспортунун иштешин бузууга алып келген кыйроолордун, авариялардын, табигый кырсыктардын (күрткү, ташкын, өрт ж.б.) кесепеттерин четтетүү боюнча шашылыш чараларды көрөт. Мындай чараларды жүзөгө ашыруу үчүн аларда материалдык жана техникалык каражаттардын камдыгы болууга тийиш, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2 Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары темир жол транспортунун уюмдарына адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, кыймылдын коопсуздугуна жана жүктөрдүн сактыгына коркунуч келтирген кыйроолорду, аварияларды, табигый кырсыктарды жоюуга, ошондой эле криминогендик татаал жагдайдын шарттарында жардам көрсөтөт. Аткаруу бийлиги органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кыйроолорду, аварияларды, табигый кырсыктарды жоюу менен байланышкан чыгымдарын компенсациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
20-берене. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюмдарынын жоопкерчилиги
Ташуу процессин жүзөгө ашыруучу жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюмдары темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган жүргүнчүлөрдүн же башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
21-берене. Темир жол транспортунун кызматкерлеринин айрым категорияларын, жүктү, жүк багажды, багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү камсыздандыруу
1. Ишинин мүнөзү жолдо жүрүү менен байланышкан өзгөчө абал киргизилген райондорго же криминогендик жагдайы татаал райондорго командировкага жиберилген, поезддерде контролдук-инспекциялык функцияларды аткарган темир жол транспортунун кызматкерлери, ошондой эле аскерлештирилген күзөт бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин аткарган мезгилге милдеттүү түрдө жеке камсыздандырылууга тийиш.
2. Жүргүнчүлөрдү ыктыярдуу жеке камсыздандыруу, ошондой эле жүктөрдү, жүк багажды, багажды жана почталык жөнөтүүлөрдү ыктыярдуу камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
5-глава. Корутунду жоболор
22-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 9-июлундагы № 90 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренеси;
- Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнунун № 111 "Темир жол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 2-мартындагы № 37 "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 15-беренеси.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|