Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июну № 343
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант" (DCI-ASIE/2015/038-149) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант" (DCI-ASIE/2015/038-149) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант" (DCI-ASIE/2015/038-149) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Финансылык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант'' (DCl-ASlE/2015/038-149) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Финансылык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын aткаргандыгы жөнүндө Европа союз тарабына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июнундагы № 343 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган ''Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант" (DCI-ASIE/2015/038-149) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Финансылык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Финансылык макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 170-б буйругу менен жактырылган.
Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Финансылык макулдашууга 2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган.
Бул программанын максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Бул программанын алкагында Европа Союзу тарабынан 2016-2018-жылдарга 13,13 млн. евро өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтүлүшү каралган, алардын ичинен 11,0 млн. евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого жумшалат, ал ар бир тиешелүү жылга үч транш менен берилет жана 2,13 млн. евро бул программаны ишке ашырууга техникалык жардамга жумшалат.
Бул программанын натыйжалары шайлоо системасынын секторунда шайлоо өткөрүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга, аккредиттелген байкоочулардын мониторингине, жарандардын ишенимин калыбына келтирүүгө багытталган.
Бул каражаттар өлкөнүн бюджетин колдоого гранттык жардам түрүндө бериле тургандыгын эске алуу менен, Финансылык макулдашууну ишке ашыруу финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, анын ичинде республикалык бюджетке оорчулук келтирбейт.