Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-июну № 314
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жакты түзбөстөн иштерин жүзөгө ашыруучу жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна ээ дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Жылдар | Сугат айдоонун, көп жылдык өсүмдүктөр эгилген жердин, аянттын ээлери үчүн (га) | ||||||||||||
0,05 чейин, га | 0,05-0,1 га | 0,1-0,15 га | 0,15-0,2 га | 0,2-0,25 га | 0,25-0,5 га | 0,5-1 га | 1-2 га | 2-5 га | 5-10 га | 10-50 га | 50-100 га | 100дөн жогору, га | |
пайыз менен (%) | |||||||||||||
2016 | 0,1 | 0,12 | 0,14 | 0,17 | 0,2 | 0,3 | 0,4 | 0,5 | 0,5 | 1,5 | 3,0 | 3,0 | 3,0 |
2017 | 0,1 | 0,12 | 0,14 | 0,17 | 0,2 | 0,3 | 0,4 | 0,5 | 1,0 | 2,0 | 4,0 | 4,0 | 4,0 |
2018 | 0,1 | 0,12 | 0,14 | 0,17 | 0,2 | 0,3 | 0,4 | 0,5 | 1,0 | 3,0 | 4,0 | 4,0 | 4,0 |
2019 | 0,15 | 0,18 | 0,2 | 0,25 | 0,3 | 0,4 | 0,6 | 0,8 | 1,5 | 3,5 | 5,0 | 6,0 | 7,0 |
2020 | 0,2 | 0,25 | 0,3 | 0,35 | 0,4 | 0,6 | 0,8 | 1,0 | 2,0 | 4,0 | 6,0 | 7,0 | 8,0 |
2021 | 0,2 | 0,25 | 0,4 | 0,5 | 0,6 | 0,9 | 1,2 | 1,5 | 2,5 | 4,0 | 7,0 | 8,0 | 10,0 |
2022 | 0,25 | 0,3 | 0,5 | 0,65 | 0,8 | 1,2 | 1,6 | 2,0 | 3,0 | 5,0 | 8,0 | 9,0 | 12,0 |
2023 | 0,3 | 0,35 | 0,6 | 0,8 | 1,0 | 1,5 | 2,0 | 2,5 | 3,5 | 5,0 | 9,0 | 10,0 | 14,0 |
2024 | 0,4 | 0,5 | 0,7 | 0,95 | 1,2 | 1,8 | 2,4 | 3,0 | 4,0 | 6,0 | 10,0 | 12,0 | 16,0 |
2025 | 0,6 | 0,7 | 0,8 | 1,1 | 1,4 | 2,0 | 2,8 | 3,5 | 5,0 | 7,0 | 11,0 | 14,0 | 18,0 |
2026 | 0,8 | 0,9 | 1,0 | 1,3 | 1,6 | 2,3 | 3,2 | 4,0 | 6,0 | 8,0 | 12,0 | 16,0 | 20,0 |
2027 | 0,9 | 1,0 | 1,2 | 1,5 | 1,8 | 2,6 | 3,6 | 4,5 | 7,0 | 9,0 | 14,0 | 18,0 | 23,0 |
2028 | 1,0 | 1,2 | 1,4 | 1,7 | 2,0 | 3,0 | 4,0 | 5,0 | 8,0 | 10,0 | 15,0 | 20,0 | 25,0 |
Жердин башка түрлөрүнүн (кайрак айдоо, чабынды, насостук станциялар менен сугарылган жерлер, жайыттар, токой участоктору) ээлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери сугат айдоо үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринен 50 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.
Юридикалык жакты түзбөстөн иштерин жүзөгө ашыруучу дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.";
2) 6-статьянын 2 жана 2-1-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салык төлөгөн (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алган жеке ишкерлерди кошпогондо), ошондой эле контейнерлерде, павильондордо, күркөлөрдө товар сатуу жолу менен базарларда иштеген жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейин - 6 пайыз;
- 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин - 7 пайыз;
- 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин - 8 пайыз;
- 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин - 9 пайыз;
- 2025-жылдын 1-январынан тартып жана андан кийин - 10 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.
2-1. Лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен базарларда иштеген жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейин - 3 пайыз;
- 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин - 3,5 пайыз;
- 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин - 4 пайыз;
- 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин - 4,5 пайыз;
- 2025-жылдын 1-январынан тартып жана андан кийин - 5 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу менен жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.";
3) 7-статьяда:
2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөсү болуп саналбаган же өзүнүн жер үлүшүн жана/же жер участогун же анын бөлүгүн ижарага берип киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбалардын жерлерин ижарага алган жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.
3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен (жайыттарды кошпогондо), токой фондунун участокторунан жерди жеке жактарга ижарага берүүдө камсыздандыруу төгүмдөрү жердин, участоктун ижарачысы тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
Жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилген учурда камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучу тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.";
- 4-пункттун биринчи абзацындагы "орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 өлчөмүндө" деген сөздөр ", алган гонорардан (сыйакыдан) 10 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 11-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жакты түзбөстөн иштерин жүзөгө ашыруучу I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, юридикалык жакты түзбөстөн иштерин жүзөгө ашыруучу дыйкан (фермердик) чарбада жер үлүшү бар I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толугу менен бошотулат.
I жана II топтогу майыптарга жана пенсионерлерге таандык болгон юридикалык жакты түзбөстөн иштерин жүзөгө ашыруучу дыйкан (фермердик) чарбадагы жер үлүштөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн чарбанын эмгекке жөндөмдүү мүчөлөрү төлөөгө укуктуу. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөн суммалары алардын өздүк камсыздандыруу эсебине киргизилет.";
5) 14-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-1-статья. Орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн (5-статьянын 2-пунктунда, 6-статьянын 2 жана 2-1-пункттарында каралган төлөөчүлөрдү кошпогондо) камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган орточо айлык эмгек акынын өлчөмү өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтардын негизинде аныкталат.
2. 5-статьянын 2-пунктунда, 6-статьянын 2 жана 2-1-пункттарында каралган төлөөчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган орточо айлык эмгек акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмдөрү жөнүндөгү маалыматтарды жыл сайын үстүдөгү жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө жарыялап турат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти