Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген |
2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын сапат улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Киришүү
1998-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирүү Кыргыз Республикасынын эл аралык соода тутумуна интеграциялангандыгын түшүндүрүп, стандартташтыруу жана метрология тармагындагы түп тамырынан бери реформалоону жүргүзүүнү талап кылды. Мындай реформанын эң маанилүүсү техникалык жөнгө салуу тармагында эл аралык эрежелерге жана принциптерге өтүү жана санитардык, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык (мындан ары - СФС) чараларды колдонуу болуп калды. Мурда "техникалык жөнгө салуу", "сертификатташтыруу", "аккредитациялоо" сыяктуу терминдер юриспруденция чөйрөсүндө пайдаланылган эмес жана лексиконго кирген эмес. Стандартташтыруу жана метрология, продукциянын сапатын башкаруу, сыноолор тутуму менен катар алар ишканалардын, тармактардын, мамлекеттин өз ара байланыштуу деңгээлдеринде түзүлө турган жана иштей турган сапаттуу улуттук инфраструктуранын (мындан ары - СУИ) компоненти болуп саналышат. СУИни ылайыктуулукту баалоо, ошондой эле метрология боюнча продукцияга, долбоорлоо, өндүрүү, куруу, монтаждоо, оңдоо, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү, ишке киргизүү, утилдештирүү (мындан ары - техникалык жөнгө салуу) процесстерине карата милдеттүү жана ыктыярдуу талаптарды белгилөө, колдонуу жана сактоо боюнча иштин өз ара байланышкан чөйрөсүнүн бирдиктүү системасы катары түшүнүү керек.
СУИнин субъекттери болуп:
- мамлекет жана анын органдары;
- продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр;
- продукцияны стандартташтыруу, сертификатташтыруу, аккредитациялоо, сыноо/изилдөө, өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө тармагында иш жүргүзүүчү уюмдар;
- керектөөчүлөр (рыноктор) саналат.
СУИ жана анын элементтери адамзат ишинин көптөгөн тармактарын жана багыттарын камтыйт. Булар - өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш, энергетика, транспорт, илим, спорт, медицина. Ишкердик иштин 70% ашык түрү тигил же бул даражада СУИ менен байланышкан. Республиканын СУИсин өнүктүрүү маселелери мамлекеттин экономикалык жана социалдык саясатынын ажырагыс түзүлүшү болуп саналат. СУИнин социалдык функциясы адамдардын өмүрү жана саламаттыгы курчап турган чөйрө үчүн продукциянын жана техникалык жөнгө салуунун башка объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу, продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучуларды алдоонун алдын алуу, ошондой эле рынокто товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү компетенттүү тандоого көмөк көрсөтүүдө турат.
Рынокту глобалдаштыруу жана натыйжада атаандаштыктын күчөшү ДСУга бир катар мамлекеттер аралык региондук экономикалык уюмдарга, ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык макулдашуулардын катышуучусу болгон Кыргыз Республикасы үчүн масштабдуу чакырык болуп калды. Өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн салт болуп калган өнөктөш-өлкөлөрдүн (Казакстан, Россия, ж.б.) калкынын жыргалчылыгы жана кирешеси өсүүдө, буга жараша сапаттык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон алардын талаптарынын көлөмү жана спектри өсүүдө. Бул рыноктордо керектөөчүлөрдүн сапаттуу продукцияга болгон талаптары жылдан жылга өсүүдө. Продукциянын коопсуздугунун жана сапатынын кепилдиги сатып алуучулардын сатып алуудагы негизги критерийлерине айланууда. Бул оптималдуу СУИнин болушу менен жетишилет.
Концепция Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) толук ыйгарымдуу мүчөсү болуп калгандыгынан келип чыккан жаңы жагдайларга байланыштуу иштелип чыкты. Бул Кыргыз Республикасынын бажы аймагы ЕАЭБдин бажы аймагынын бөлүгү; Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы - ЕАЭБдин бажы чек арасы; Кыргыз Республикасынын рыногу - ЕАЭБ бирдиктүү (жалпы) рыногунун бөлүгү болуп калгандыгын билдирет. Буга байланыштуу республиканын СУИнин андан ары өнүгүүсү актуалдуулуктун жогорку даражасына ээ болот.
2. Концепциянын негизги принциптери
Ушул Концепция Кыргыз Республикасында СУИнин төмөндөгү негизги принциптерин сактоону камсыз кылууга багытталган:
1) продукцияга милдеттүү талаптарга же бул талаптарга байланышкан техникалык регламенттердеги өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүүнү долбоорлоо (алып салууну кошкондо) процессиндеги продукцияга карата милдеттүү талаптарды белгилөө;
2) техникалык жөнгө салуунун экономикалык өнүгүүнүн деңгээлине жана илимий-техникалык өнүгүүнүн деңгээлине ылайыктуулугу;
3) аккредитациялоо боюнча органдардын, ылайыктуулукту ырастоо боюнча органдардын жана көзөмөл (контроль) боюнча органдардын өндүрүүчүлөрдөн, сатуучулардан, аткаруучулардан, сатып алуучулардан, анын ичинен керектөөчүлөрдөн көз карандысыздыгы;
4) шайкештикти баалоонун милдеттүү жол-жоболорун жүргүзүүдө изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелеринин жана методдорунун бирдиктүүлүгү;
5) бүтүмдөрдүн түрлөрүнө жана (же) өзгөчөлүгүнө карабастан, техникалык регламенттердин талаптарын колдонуунун бирдиктүүлүгү;
6) шайкештикти баалоону жүзөгө ашырууда атаандаштыкты чектөөгө жол берилбестиги;
7) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келтирүүнүн негизинде техникалык регламенттердин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) жүзөгө ашырылышы;
8) мамлекет аралык стандарттарды колдонуу;
9) мамлекет аралык стандарттарды эл аралык жана региондук стандарттар менен шайкеш келтирүү;
10) милдеттүү шайкештикти баалоо эрежелеринин жана жол-жоболорунун бирдиктүүлүгү;
11) ишкердик ишти жүргүзүү үчүн ашыкча тоскоолдуктардын белгиленишине жол бербөө.
3. Дүйнөлүк тажрыйба
Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр өзүлөрүнүн соода ишинде көп сандаган стандарттарга жана техникалык регламенттерге таянышат.
Эгер өнүгүп келаткан өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасы дүйнөлүк рынокко чыккылары келсе стандарттарга, метрологияга, сыноолорго, сапатты баалоого, менеджмент, сертификаттоо жана аккредитациялоо тутумуна жетүүнү камтыган стандарттар каражаттары менен байланышууга ишеним артышы керек.
Азыркы дүйнөлүк соода, негизинен, чийки затка карата эмес, жогорку технологияларды пайдалануу менен өндүрүлгөн товарларга карата негизденет. СУИнин компоненттеринин бардыгы өндүрүш жана соода үчүн зарыл жана алар менен өз ара тыгыз байланышкан.
Өнүгүп келаткан өлкөлөр СУИни чет өлкөлүк инвестицияларды түздөн-түз тартуу ишинин ажырагыс бөлүгү катары түзүшөт.
СУИнин талаптагыдай деңгээли эл аралык стандарттарды, так ченөөлөрдү, продукцияны тестирлөөнү, шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоону колдонуу менен камсыз кылынат.
СФС чараларын колдонуу тармагында эл аралык стандарттарды сактамайынча айыл чарба продукциясын жана тамак-аш азыктарын экспорттоо мүмкүн эмес.
Өлчөө системасы эл аралык эталондорго карата ишенимдүү жана байкоого алынып турушу керек.
Азыркы учурда дүйнөлүк коомчулуктун катышуучу өлкөлөрү өнүккөн жана өнүгүп жаткан бардык өлкөлөр СУИни өнүктүрүү боюнча концептуалдык жана программалык документтерди иштеп чыгышууда жана кабыл алышууда.
4. Учурдагы жагдайды жалпы баалоо
Мурдагы жылдарда Кыргыз Республикасы өзүнүн СУИнин илимдик-укуктук системасын КМШ жана ЕврАзЭБге катышуунун алкагында, ошондой эле бул эл аралык уюмдардагы өнөктөш өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Россия Федерациясынын улуттук мыйзамдарынын жоболоруна жараша куруп келген. Бул ЕАЭБге катышуу алкактарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Азыркы учурда ЕАЭБ ченемдерин жана эрежелерин колдонууга жана сактоого, СФС чараларын колдонуу жана техникалык жөнгө салуу тармагында талаптагыдай техникалык жана институттук инфраструктураны түзүүгө байланышкан бир катар көйгөйлөр бар.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге (мындан ары - ЕАЭБ) ылайык, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери техникалык жөнгө салуу, өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу, СФС чараларын колдонуу тармактарында биргелешкен саясат жүргүзүшөт.
ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде түз аракеттенүүдөгү жана колдонууга милдеттүү болгон акттарды кабыл алуу боюнча компетенция берилген Евразия Экономикалык Комиссиясына (мындан ары - ЕЭК) негизги роль берилет. ЕАЭБ жөнүндө келишимди жана ЕЭК акттарын колдонуу укугу Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдарына жүктөлгөн. Техникалык жөнгө салуу жана СФС чараларын колдонуу тармактарындагы айрым жоболор Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдары менен аныкталат.
ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде техникалык жөнгө салуучу объекттерге карата техникалык талаптар СФС чараларын колдонуу тармагына тиешелүү айыл чарба товарларына карата талаптар жана жол-жоболор, ошондой эле продукцияны идентификациялоо жана шайкештигин баалоо жол-жоболору да белгиленет.
§ 1. Техникалык жөнгө салуу объекттерине карата милдеттүү талаптар
Техникалык жөнгө салуу объекттерине карата милдеттүү колдонуу жана сактоо талаптары ЕАЭБдин алкактарында милдеттүү талаптар белгиленген Продукциянын бирдиктүү тизмегине киргизилген продукцияга карата ЕАЭБдин техникалык регламенттери аркылуу белгиленет.
ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык продукцияга карата санитардык талаптар ЕАЭБдин тийиштүү техникалык регламенттерине киргизилет. ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде жалпы мүнөзгө ээ ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык талаптар дагы камтылган.
Техникалык регламенттерде энергетикалык натыйжалуулук жана ресурстук үнөмдөө боюнча милдеттүү талаптар белгиленет.
Кыргыз Республикасынын аймагында:
- 2016-жылдын 12-февралынан тартып ЕАЭБдин 12 техникалык регламенти күчүнө кирди;
- 2016-жылдын 12-августунан тартып ЕАЭБдин 3 техникалык регламенти күчүнө кирет;
- 2017-жылдын 12-августунан тартып ЕАЭБдин 18 техникалык регламенти күчүнө кирет;
- 2019-жылдын 12-августунан тартып ЕАЭБдин 1 техникалык регламенти күчүнө кирет.
ЕАЭБдин техникалык регламенттери күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын тийиштүү техникалык регламенттери колдонулбайт.
Бирдиктүү санитардык талаптар жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары Кыргыз Республикасында 2015-жылдын 12-августунан баштап күчүнө кирди.
Кыргыз Республикасында 47 улуттук техникалык регламенттер иштеп жатат.
Ошону менен бирге, бир катар товарларга карата Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттери жана башка ченемдик укуктук актылары жок, аларга карата милдеттүү талаптар белгиленет.
ЕАЭБ жөнүндө келишимдин күчүнө кириши менен ЕАЭБдин техникалык регламенттерин жана ЕЭК башка акттарын Кыргыз Республикасынын аймагында түз колдонуу жолу менен көптөгөн үзгүлтүктөр жоюлууда.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясына карата СФС колдонуу тармагын ченемдик укуктук камсыз кылуу маселелери акырындап чечилүүдө. 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык эрежелерин жана фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жана 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 "Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору кабыл алынган.
ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык кабыл алынган ЕАЭБдин техникалык регламенттери жана ЕЭКтин башка актылары Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө киргенден кийин түз чектөөсүз колдонулат.
Ишканалар жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары үчүн ЕАЭБдин техникалык регламенттерине өтүүсү зарыл болгон уюштуруу-техникалык иш-чаралардын ишке ашырылышын талап кылат.
§ 2. Ыктыярдуу талаптар
Ыктыярдуу түрдө колдонула турган техникалык жөнгө салуу объекттерине карата талаптар стандарттарда же сертификацияларында (техникалык шарттарда) белгиленет. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык эл аралык, мамлекеттер аралык стандарттар, ал эми алар жок болгон учурда мамлекеттер аралык стандарттар кабыл алынганга чейин ЕАЭБдин техникалык регламенттерин аткаруу үчүн ыктыярдуу түрдө мүчө мамлекеттердин улуттук стандарттары колдонула берет. Мындай стандарттардын тизмеги ЕАЭБдин конкреттүү техникалык регламенттерине карата колдонулуучу ЕЭК чечимдеринде белгиленет.
КМШнын стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча эл аралык кеңешине (мындан ары - ЭАК) катышуу, ошондой эле стандартташтыруу, сертификатташтыруу жана метрология тармагындагы эки тараптуу өкмөттөр аралык, биринчи кезекте Россия Федерациясы менен бир катар макулдашуулардын болушу стандартташтыруунун жеке улуттук тутумун түздү, бул республиканын экономикасынын керектөөлөрүн стандарттарда канааттандырганга көмөк көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 1-январындагы абалы боюнча 23400 жакын стандарт колдонулат, анын ичинде:
- 89% (20750 бирдик) мамлекет аралык стандарттар түзөт (ГОСТ);
- 8% (1860 бирдик) Россия Федерациясынын улуттук стандарттары (ГОСТ Р);
- 3% (730 бирдик) Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары (КМС);
- 0,1% (80 бирдик) чет өлкөлөрдүн улуттук стандарттары (Беларусь, Казакстан, КЭР, Түркия, Малайзия, АКШ ж.б.).
Кыргыз Республикасында колдонулуучу бардык стандарттардын эл аралык жана европа стандарттары менен шайкеш келүү деңгээли азыркы учурда 52% түзөт, башкача айтканда колдонулуп жаткан 12170 стандарт эл аралык жана европа стандарттарына шайкеш келтирилген, алардын ичинен 815 бирдиги европа стандарттарына окшош жана (жарым-жартылай) модификацияланган катары кабыл алынган.
Калган 11355 шайкеш келтирилген стандарттар мамлекеттер аралык стандарттар аркылуу Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (ISO) жана Эл аралык элекротехникалык комиссиянын (IES) стандарттарына окшош (модификацияланган) катары кабыл алынган.
Тышкы рыноктордо ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн:
- заманбап эл аралык стандарттарды кабыл алуу жана европа стандарттарын алуу (сатып алуу) боюнча ишти активдештирүү керек;
- мамлекеттер аралык стандарттардагы кыргыз продукциясынын кыйла келечектүү түрлөрүнө жыл сайын 10 улуттук стандартка чейинки кайра иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу зарыл;
- энергетикалык натыйжалуулук жана ресурстук үнөмдөө тармагындагы эл аралык жана региондук стандарттарды, стандарттарды жана башка ченемдик документтерди кабыл алуу жана колдонуу зарыл.
§ 3. Шайкештикти баалоо
ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде белгиленген техникалык жөнгө салуу объекттерине шайкештикти баалоо мамлекеттик каттоо, шайкештикти ырастоо, экспертиза, сыноо түрүндө, жана (же) башка түрдө жүргүзүлөт. Шайкештикти баалоонун бир катар түрлөрү айыл чарба товарларына карата СФС чарасы катары колдонулууда.
ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде, ошондой эле СФС чараларын колдонуу тармагындагы ЕЭКтин башка акттарында каралган милдеттүү шайкештикти баалоо продукцияны ЕАЭБдин рыногуна чыгаруунун шарты болуп саналат.
§ 3.1. Шайкештикти ырастоо
Милдеттүү шайкештикти ырастоо ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде белгиленген шайкештикти жана сертификаттоону декларациялоо, схемалар жана жол-жоболор түрүндө жүзөгө ашырылат.
ЕАЭБдин техникалык регламенттерине шайкештигин ырастоо жөнүндө документтер катары продукциянын түрүнө жараша шайкештик сертификаты, ЕАЭБдин Бирдиктүү формалары боюнча таризделген шайкештик жөнүндө декларация саналат.
Шайкештик сертификатын алуу же ЕАЭБдин Бирдиктүү формалары боюнча шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу үчүн ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде катталган юридикалык же жеке жактар гана арыз ээси катары чече алышат.
ЕАЭБдин техникалык регламенттерине шайкештик сертификаттарын ЕАЭБдин сертификатташтыруу жана сыноо лабораториялары боюнча органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген сертификатташтыруу боюнча аккредитацияланган органдар (мындан ары - Шайкештикти баалоо боюнча органдардын Бирдиктүү реестри) гана бере алышат.
ЕАЭБдин техникалык регламенттери күчүнө киргенге чейин жергиликтүү рынокко товарларды жеткирүү маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен, атап айтканда, Кыргыз Республикасында колдонуудагы 47 улуттук техникалык регламенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 512 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу түрүндө продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 токтому менен бекитилген шайкештиги милдеттүү түрдө ырастоого тийиш болгон продукциялардын тизмесине ылайык 187 товардык позиция милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш.
Милдеттүү сертификатташтырууну аккредитациялоонун ар кандай тармагындагы сертификатташтыруу боюнча 14 аккредитацияланган орган жүргүзөт, анын ичинен 6 ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген.
§ 3.2. Мамлекеттик каттоо
ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык продукциянын төмөндөгүдөй түрлөрү мамлекеттик каттоого алынат:
- жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясы, өзгөчөлөнгөн тамак-аш продукциясы (кош бойлуу жана бала эмизген аялдар үчүн, спортчулар, балдар үчүн, диеталык тамактануу үчүн); биологиялык активдүү кошулмалар; минералдуу суулардын айрым түрлөрү;
- 3 жашка чейинки балдар кийими.
ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде тамак-аш продукциясына төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик өндүрүштүк каттоо түрүндө өндүрүш процессин милдеттүү түрдө баалоо киргизилген:
- азык берүүчү мал жана канаттууну союу, аларды иштетүү боюнча;
- чийки сүттү, чийки сүт азыктарын кайра иштетүүгө кабыл алуу;
- айыл чарба канаттууларынын жумурткаларын өндүрүү жана кайра иштетүү;
- аква маданий продукцияны өндүрүү жана иштетүү, биологиялык ресурстарды кармоо (балык чарбасынан башка объекттер).
§ 3.3. Экспертиза
ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде ветеринардык-санитардык экспертиза түрүндө иштетилбеген мал чарба тамак-аш продукциясынын шайкештигин баалоо каралган. Ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү жана анын натыйжаларын тариздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Ветеринария тармагындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттериндеги практиканы эске алуу менен институттук камсыз кылуу жана лабораториялык инфраструктура маселелерин эске алуу керек.
§ 3.4. Ветеринардык жана фитосанитардык сертификациялоо
ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык ветеринардык жана фитосанитардык алынуучу товарларды Кыргыз Республикасынан ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине жеткирүүнүн шарты болуп ветеринардык-санитардык жагынан коопсуздукту ырастоочу ветеринардык сертификат жана фитосанитардык жагынан коопсуздукту ырастоочу фитосанитардык сертификат жана (же) оорулардын жана зыянкечтердин бар экендигине карата бул товарлар өндүрүлгөн жерлерди администрациялык аймактарынын бакубаттыгы болуп саналат.
Ветеринардык жана фитосанитардык сертификациялоо жол-жоболору Жаныбарлардын ден соолугунун дүйнөлүк уюмунун (мындан ары - МЭБ) жана Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин эл аралык конвенциясынын эл аралык стандарттарына шайкештиктин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
§ 3.5. Сыноолор
Техникалык жөнгө салуу объекттерине сыноо/изилдөө жүргүзүү төмөнкү максаттар үчүн талап кылынат:
- ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык милдеттүү баалоо;
- техникалык регламенттерде каралган өндүрүштүк контролдоону жүргүзүү;
- ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттарды тариздөө;
- тирүү жаныбарлардын организминдеги, жаныбарлар продукциясындагы ж.б. тыюу салынган жана зыяндуу заттардын калдыктарына диагностикалык изилдөө, лабораториялык мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу.
Продукциянын милдеттүү түрдө шайкештигин баалоонун ЕАЭБдин конкреттүү техникалык регламенттеринде белгиленген формаларына жана схемаларына жараша техникалык регламенттердин милдеттүү талаптары боюнча сыноолор ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредитацияланган лабораторияларында жүзөгө ашырылат.
Азыркы учурда тармактык жана региондор боюнча лабораториялык инфраструктуранын техникалык компетенттүүлүгүнүн деңгээлинин жетишсиздиги байкалат, атап айтканда:
- нитрозаминдердин, антибиотиктердин, Стронция 90 радионуклидинин, гормоналдык препараттардын, бензапирендин, меламиндин сандык курамына карата тамак-аш азыктарын, айыл чарба продукциясын тестирлөөчү лабораториялар жок;
- иштеп жаткан лабораториялар ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде белгиленген милдеттүү талаптар 15% ашпаган жеңил өнөр жай продукциясын тестирлей алат;
- негизги лабораториялык инфраструктура Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан, ошол эле учурда башка региондор лабораториялык камсыздоонун тартыштыгына дуушар болушууда. Орто жана чакан бизнестин көптөгөн ишканаларынын өздөрүнүн өндүрүштүк лабораториялары жок.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусуна карата даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү лабораториялык инфраструктураны жакшыртуу маселесин маанилүү артыкчылык катары аныктаган. Россия жана Казакстан тараптан бөлүнүүчү жардамды республиканын лабораториялык инфраструктурасын колдоого багыттоо жөнүндө чечим кабыл алынган.
§ 3.6. Өндүрүштүк контроль жана менеджмент системалары
ЕАЭБдин техникалык регламенттери өндүрүштүк контролду уюштурууга карата талаптарды белгилейт.
Продукциянын коопсуздук талаптарына байланышкан тамак-аш азыктарын өндүрүү (даярдоо) процесстерин жүзөгө ашырууда өндүрүүчү ХАССП принциптерине негизделген жол-жоболорду иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана колдоого тийиш. Чакан жана орто бизнестин ХАССП системасын киргизүү жана колдоосу СУИни өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыты болуп саналат.
Жергиликтүү продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эл аралык стандарттарга негизденген менеджмент системасын республиканын ишканаларына киргизүүнү өбөлгөлөөчү атайын мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу талап кылынат.
Мамлекеттик органдардын, бизнес түзүмдөрдүн, ХАССПты киргизүү чөйрөсүндөгү системалык негизде консалтинг компанияларынын кадрдык потенциалын жогорулатуу СУИнин мындай компонентин өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп калат.
§ 4. Аккредитация
Аккредитациянын улуттук системасы эл аралык ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келтирилген жана ЕАЭБ талаптарына жооп берет.
2013-жылы аккредитациялоо боюнча улуттук органдын функцияларын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору (мындан ары - КАБ) Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык уюмдун (ILAC) толук укуктуу мүчөсү болуп келген, ал эл аралык ченемдер жана эрежелер сакталгандыгын айгинелейт.
Азыркы учурда аккредитациялоо боюнча жаңы багыттарды өздөштүрүүдө КАБдын муктаждыгы байкалууда.
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери төмөнкү шарттар сакталган учурда шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоону өз ара таанышат:
- аккредитациялоо тармагындагы эрежелер жана мамилелер эл аралык стандарттарга негизделет жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен аныкталат;
- ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аккредитациялоо боюнча органдарынын атаандаштыксыз принциби. Шайкештикти баалоо боюнча орган ал юридикалык жак катары катталган ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин аймагындагы аккредитациялоо боюнча органга аккредитациялоо арызын берет;
- бир органдын аккредитациялоо жана мамлекеттик көзөмөл (контроль) боюнча, ошондой эле шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктарды айкалыштыруусуна жол берилбейт;
- ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аккредитациялоо боюнча органдары колдонулуучу жол-жоболордун бирдей маанисине жетүү максатында өз ара салыштырма баалоолорду жүргүзүшөт.
§ 5. Милдеттүү талаптардын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл)
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы менен мамлекеттик контролдоочу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине кийлигишүүсү азайды. Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген критерийлердин негизинде субъектке ыйгарылган тобокелдиктин даражасы менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууга укугу бар мамлекеттик органдар аныкталган.
ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин милдеттүү талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Республиканын ЕАЭБдеги мүчөлүгүн эске алуу менен ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) чөйрөсүндөгү ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө карата принциптер жана мамилелер жөнүндө ЕАЭБдин алкактарындагы эл аралык келишимдин жоболорун эске алуу менен мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) системасына реформа жүргүзүү алдыда турат. ЕЭК Кеңешинин 2014-жылдын 16-июлундагы № 58 чечими менен бекитилген 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык Актыларды жана эл аралык келишимдерди иштеп чыгуунун жумушчу планына жараша мындай эл аралык келишимди иштеп чыгуу жана кабыл алуу каралууда.
§ 6. Метрология
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы метрологияны камсыздоонун укуктук негизи болуп саналат. Бул Мыйзам метрология мыйзамдары боюнча эл аралык уюмдардын документтеринин жоболоруна жана сунуштамаларына, ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жобосуна ылайык келет.
Кыргыз Республикасынын баштапкы эталондорунун абалы төмөнкүдөй маалыматтар менен мүнөздөлөт:
- баштапкы эталондордун 16%ы 25 жылдан ашуун пайдаланылат;
- баштапкы эталондордун 22%ы 20 жылга жакын пайдаланылат;
- баштапкы эталондордун 35%ы 15 жыл пайдаланылат;
- баштапкы эталондордун 20%ы 10 жылдан ашуун пайдаланылат;
- баштапкы эталондордун 3%ы 5 жылга жакын пайдаланылат.
Өлчөө каражаттарын жаңылоо мезгили 15-20 жылды, ал эми айрым түрлөрү боюнча 5-7 жылды түзөт, аларга байланыштуу, эталондук базанын кеминде 75%ы жаңыланууга тийиш.
Азыркы учурда дүйнөдө электр энергиясын, газды, жылуулукту, сууну эсепке алуу чөйрөсүндөгү өлчөөнүн интеллектуалдык каражаттарынын жаңы мууну салттуу каражаттарды пайдаланууну сүрүп чыгууда.
БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (мындан ары - БУУнун ЕЭК) региондук уюмдарынын сунуштарына ылайык улуттук эталондук базаны колдоо жана өнүктүрүү үчүн өнүгүп келаткан өлкөлөр жыл сайын ИДПга карата 0,005%дан кем эмес көлөмдө бюджеттик каржылоону камсыздоосу зарыл.
Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарын калибрлөө системасы ишке киргизүү стадиясында турат. Бүгүнкү күндө метрология боюнча улуттук органдын калибрлөө лабораториялары өлчөөнүн төмөнкүдөй түрлөрү боюнча өлчөө каражаттарын калибрлөө кызматтарын көрсөтүүдө:
- масса (гирлер жана таразалар);
- температура, басым;
- физикалык-химиялык өлчөө (рН-метрия, чакан көлөм, кондуктометрия);
- узундук (узундук аягын өлчөө, штангенциркулдар).
Метрология тармагы СУИнин бардык компоненттеринин арасында өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоонун эл аралык системаларына байланышкан жана аны жактагандардан болуп саналат.
ЕАЭБ алкагында ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча макулдашылган саясат жүргүзүлүүдө. Бул тармактагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин негизги жоболору төмөнкүлөр:
- өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иштердин натыйжаларын өз ара таануу;
- чоңдуктар бирдиктеринин эталондорун түзүү жана өркүндөтүү, стандарттык үлгүлөрдүн номенклатураларын аныктоо жана иштеп чыгуу, өлчөөлөрдүн натыйжаларын метрологиялык байкоодо болушун камсыз кылуу максатында аларды дайыма салыштыруу аркылуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чоңдуктар бирдиктеринин эталондорунун эквиваленттүлүгүн белгилөө;
- улуттук маалымат фонддорун жүргүзүү.
§ 7. СУИни уюштуруу-институттук жактан камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги СУИнин негизги мамлекеттик органы болуп саналат, ага техникалык жөнгө салуу боюнча жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары жүктөлгөн. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында төмөнкүлөр иштешет:
- Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекция;
- стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (мындан ары - СМБ);
- аккредитациялоо боюнча улуттук орган катары Кыргыз аккредитациялоо борбору (мындан ары - КАБ).
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык СУИге тиешелүү бир катар функциялар министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлгөн. Сертификациялоо, сыноо, өлчөө каражаттарын сатуу жана оңдоо жаатында өндүрүштүк ишканаларга кызмат көрсөтүү боюнча жеке сектор СУИнин катышуучусу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө болуусу мамлекеттик башкарууну мындан ары оптималдаштыруу жана жалпысынан СУИни уюштуруу-институттук жактан камсыз кылуу зарылдыгына алып келет.
5. Максаттар жана милдеттер
Ушул Концепциянын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда жана эл аралык рыноктордо улуттук товарларды илгерилетүү үчүн техникалык жана санитардык-фитосанитардык тоскоолдуктарды азайтууга көмөктөшүү;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана техникалык жөнгө салуу объекттеринин коопсуздугун талаптагыдай камсыз кылуу;
- техникалык жөнгө салуу тармагындагы заманбап принциптерди, жол-жоболорду, технологияларды, методикаларды ишке киргизүү, эл аралык, региондук жана мамлекеттер аралык стандарттарга негизделген өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу;
- энергетикалык натыйжалуулукту жана ресурстук үнөмдөөнү камсыз кылуу;
- жогоруда аталган максаттарга жетишүү үчүн СУИнин институттук түзүлүшүн жана СУИнин бардык элементтеринин багыттарын оптималдаштыруу.
Коюлган максаттарга жетишүү үчүн ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкактарында төмөнкү негизги милдеттерди чечүү каралууда:
- техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумун түзүү, СФС чараларын колдонуу, ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде белгиленген продукцияга карата бирдиктүү милдеттүү талаптарга өтүү;
- техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, СФС чараларын эл аралык талаптарга, анын ичинде ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларына шайкеш келтирүү;
- мыкты эл аралык практиканын негизинде (аккредитациялоо, шайкештикти ырастоо ж.б.у.) шайкештикти баалоонун жол-жоболорун ишке киргизүү;
- техникалык регламенттердин жана стандарттардын маалыматтык фондун модернизациялоо;
- рынокко жүгүртүүгө келип түшкөн продукциянын коопсуздугу жана сапаты үчүн СУИнин катышуучуларынын жоопкерчилигин жогорулатуу;
- ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарын ишке ашыруу үчүн эл аралык жана региондук стандарттарды колдонуу;
- продукцияга карата милдеттүү талаптарга ылайык баалоонун бирдиктүү формаларын, принциптерин жана мамилелерин белгилөө;
- эл аралык стандарттарга ылайык менеджмент системасын ишке киргизүүгө көмөктөшүү аркылуу ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана (же) амандыгына зыян келтирилген учурлар жөнүндө, ошондой эле коркунучтуу продукция тууралуу бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү.
6. Милдеттерди ишке ашыруунун негизги багыттары
Техникалык жөнгө салуу объекттерине карата милдеттүү талаптар чөйрөсүндө:
- ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин милдеттүү талаптарын, Бирдиктүү ветеринардык талаптарды, ЕАЭБдин ар бир техникалык регламенти жана СФСтин бирдиктүү талаптары боюнча иш-чаралар планын кабыл алуу жолу менен ЕАЭБдин Бирдиктүү фитосанитардык талаптарын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу жана сактоо. Иш-чаралар планы аны ишке ашырууну уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыздоону, анын ичинде практикалык консультацияларды жана семинарларды системалуу аткарууну караштырууга тийиш;
- ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин айрым талаптарынын сакталышына контроль (көзөмөл) жүргүзүү (азык боло турган малды союу боюнча кичи цехтерди түзүү боюнча ишке жеңилдетүүчү насыя берүү жана салык салуу; ХАССП ж.б. системаларды ишке киргизүү жана колдоо).
Ыктыярдуу талаптар чөйрөсүндө:
- прогрессивдүү маалыматтык технологияларды ишке киргизүү жолу менен стандартташтыруу тармагындагы интеграцияланган маалыматтык системаны оптималдаштыруу;
- кыргыз продукциясынын келечектүү экспорттолуучу түрлөрүн эл аралык стандарттар катары кабыл алуу максатында Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын иштеп чыгуу жана илгерилетүү;
- эрежелердин тармактык жыйнактарын (энергетика, тоо кен тармагы) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- эл аралык жана региондук стандарттарды кабыл алуу жана колдонуунун эсебинен энергетикалык натыйжалуулук жана ресурстук үнөмдөө тармагында ишти жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
- илим менен техниканын заманбап жетишкендиктеринин базасында жана курчап турган чөйрөнүн максаттарына жетүү критерийлеринин кыйла мыкты айкалышында аныкталуучу мыкты жеткиликтүү технологиялардын негизинде продукцияны (товарларды) өндүрүү технологиясын стандартташтыруу механизмдерин илгерилетүү.
Шайкештикти ырастоо чөйрөсүндө:
- сертификатташтыруу боюнча органдарды аккредитациялоо тармагын кеңейтүү жана аларды артыкчылыктуу тармактардын (жеңил өнөр жайы, курулуш материалдары) жана региондордун Шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизүү;
- ишкердик субъекттерине ЕАЭБдин техникалык регламенттерине шайкештиги жөнүндө декларацияны кабыл алуу боюнча системалуу түрдө консультацияларды берүү;
- ишкердик субъекттерине эл аралык стандарттар боюнча сапат менеджментинин системасын сертификациялоого карата дем берүү.
Өндүрүштүк контроль чөйрөсүндө:
- эл аралык ИСО/МЭК 17020 стандартынын негизинде контролдоо боюнча жеке институттарды түзүүгө дем берүү;
- ишканаларга ХАССП принциптеринин негизинде тамак-аш азыктарынын коопсуздугун ишке киргизүү жана колдоо боюнча кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө дем берүү.
Мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө:
- ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык продукцияны жана өндүрүш объекттерин мамлекеттик каттоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо системасын эл аралык эрежелерге жана ЕАЭБдин актыларына шайкеш келтирүү.
Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар чөйрөсүндө:
- ветеринардык жана фитосанитардык сертификатташтыруу боюнча системаны Эл аралык эпизоотиялык бюронун жана 1951-жылдын 6-декабрындагы Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча эл аралык конвенциянын документтерине, ошондой эле ЕАЭБдин актыларына ылайык келтирүү;
- ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү ченемдик жана уюштуруучулук-техникалык камсыздоо.
Сыноолор (изилдөөлөр) чөйрөсүндө:
- экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы (айыл чарбасы, ветеринария жана өсүмдүктөрдүн карантини, пестициддерди жана дарылоочу каражаттарды мамлекеттик каттоо тармагын кошкондо, жеңил өнөр жайы, курулуш материалдары) зарыл болгон техникалык компетенттүүлүккө жетишүүнү камсыз кылуу үчүн лабораториялык инфраструктураны модернизациялоо;
- референс-лабораторияларын түзүү;
- эл аралык стандарттар боюнча продукциянын сыноо (изилдөө) методикаларын колдонуу;
- мамлекеттик текшерүүчү органдардын карамагында турган лабораторияларга коммерциялык негизде кызмат көрсөтүүгө тыюу салууну киргизүү;
- жеке лабораторияларды өнүктүрүүгө дем берүү.
Аккредитация чөйрөсүндө:
- Эл аралык ИСО/МЭК 17011 "Шайкештикти баалоо. Аккредитациялоо боюнча, шайкештикти баалоо боюнча аккредитациялоочу органдарга карата жалпы талаптарга" жана аккредитацилоо боюнча эл аралык уюмдардын документтерине ылайык аккредитация боюнча улуттук органдын персоналынын компетенттүүлүгүнүн жетишкен деңгээлин колдоо, КАБдын менеджмент системасын өркүндөтүү;
- медициналык жана калибрлөөчү лабораторияларды, контролдоо органдарын аккредитациялоо боюнча (ILAC) лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык кызматташтыкты таануу тармагын кеңейтүү, Аккредитациялоо боюнча эл аралык форумундагы (IAF) КАБдын толук укуктуу статусун алуу жана өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кошулуу;
- КАБдын инфраструктураны өркүндөтүү, анын техникалык деңгээлин жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн программалык камсыздоону кошкондо;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын керектөөлөрүн эске алуу менен аккредитация тармагындагы жаңы багыттарды өздөштүрүү.
Мамлекеттик контроль (көзөмөл) чөйрөсүндө:
- продукциянын коопсуздугуна жана башка техникалык жөнгө салуу объекттерине таасирин тийгизүүчү факторлорду баалоонун жана башкаруунун негизинде мамлекеттик каттоо системасын реформалоо;
- ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) чөйрөсүндөгү ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө карата принциптер жана мамилелер жөнүндө ЕАЭБдин алкактарындагы эл аралык келишимдин жоболорун эске алуу менен мамлекеттик контроль (көзөмөл) системасын реформалоо;
- рыноктук көзөмөл системасын өнүктүрүү.
Метрология чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын Өлчөөлөрүнүн улуттук эталондук базасын, өлкөнүн экономикасынын муктаждыктарына ылайык чоңдуктардын экинчи жана жумушчу эталондорун түзүү;
- өлчөөлөрдүн эл аралык эталондоруна Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун метрологиялык эквиваленттүүлүгүн жана байкоо жүргүзүүнү камсыздоо;
- эталондук лабораторияларды аккредитациялоо жана өлкөнүн ички муктаждыктарына ылайык 1875-жылдагы Метрикалык конвенцияга кошулуу жолу менен Кыргыз Республикасы жүргүзүлгөн өлчөөлөрдү эл аралык таанууга жетишүү;
- өлкөдөгү өлчөө каражаттарын калибрлөө системасын өнүктүрүү, ишке киргизүү жана дем берүү;
- өлчөөлөрдүн жоготулган түрлөрүн калыбына келтирүү жана жаңыларын өздөштүрүү боюнча иш жүргүзүү, алардын тактыгын жана аныктыгын жогорулатуу;
- метрология тармагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын Мыйзамдуу метрология боюнча эл аралык уюмдун жана ЕАЭБ жөнүндө келишимдин сунуштарына шайкеш келтирүү.
СУИни уюштуруучулук-институттук колдоо чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасында СУИни өнүктүрүү боюнча Кеңешти түзүү;
- республиканын бюджетинин өзгөчө багыттагы чыгашаларын жана СУИ өнүктүрүү боюнча беренелерин классификациялоо;
- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ), БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) сунуштарынын жана чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларынын негизинде тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча координациялык улуттук органды түзүү.
7. Мамлекеттик координациялоо
СУИнин натыйжалуу өнүгүүсү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын, продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн, продукцияны стандартташтыруу, сертификатташтыруу, аккредитациялоо, сыноо/изилдөө, өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө тармагында иш жүргүзүүчү уюмдардын, керектөөчүлөрдүн биргелешкен координацияланган иш-аракеттерин талап кылат.
Ушул Концепцияны ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардан, өндүрүүчү-ассоциациялардан, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдөн, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча уюмдардан, бизнес-коомдор жана донорлордон өнөктөштөр ишке тартылат.
СУИни өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоо төмөнкү формаларда көрсөтүлүшү мүмкүн:
а) уюштуруучулук;
б) маалыматтык.
Мамлекет тарабынан уюштуруучулук колдоо:
- институттук жайгаштырууну оптималдаштыруу, ресурстарды үнөмдөөнү жана энергетикалык натыйжалуулукту камсыз кылуу, ченөө каражаттарынын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, техникалык жөнгө салуу жаатындагы жол-жоболордун, технологиялардын, методикалардын заманбап принциптерин киргизүү жолу менен СУИни өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө;
- зарыл болгон ченемдик укуктук акттарды иштеп чыгууда көрсөтүлөт.
Маалыматтык колдоо төмөнкүлөргө негизделет:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине, СМБ жана КАБ маалыматтык ресурстарына;
- ЕАЭБдин маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүнө;
- мамлекеттик органдардын маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүнө.
8. Күтүлүүчү натыйжалар
СУИни өнүктүрүүнүн ушул Концепциясын ишке ашыруу төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет:
1) мамлекет үчүн:
- Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусуна байланыштуу улуттук саясаттын курсун идентификациялоо;
- эл аралык стандарттарды жана мамлекеттик башкаруунун мыкты практикасын карманган өлкөнүн имиджин жогорулатуу;
- экономиканын өсүшүнө жана аны модернизациялоого, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүү;
- ишкердик чөйрөнүн рейтингин жакшыртуу;
- рынокто жайгаштырылган продукция үчүн өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу;
- коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү;
- адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоонун, курчап турган чөйрөнү, флора менен фаунаны аларга продукциянын жана өндүрүш процесстеринин потенциалдуу коркунучтуу таасирлеринен коргоонун деңгээлин жогорулатуу;
- эл аралык экономикалык, илимий-техникалык кызматташтыкка жана соодага катышуу үчүн шарт түзүү;
2) керектөөчүлөр үчүн:
- продукциянын жана башка техникалык жөнгө салуу объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу;
- жаңылыштыкка кириптер кылуучу аракеттерден коргоо;
- продукция жана кызмат көрсөтүүлөрдү компетенттүү тандоого көмөктөшүү;
3) өндүрүүчүлөр/жеткирүүчүлер, инвесторлор, шайкештикти баалоо боюнча органдар үчүн:
- бизнес жүргүзүүнүн түшүнүктүү, ачык жана так эрежелерин белгилөө;
- ишкердик иш жүргүзүүдө тобокелдиктерди азайтуу;
- жеке инвестицияларды тартуу;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана чет өлкөлүк рынокторго чыгуу процессинде чыгымдарды кыскартуу;
- республиканын ичиндеги, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү шайкештикти баалоо боюнча органдардын ишин жана анын натыйжаларын таанууну жана ишеничти камсыз кылуу;
- продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде баалоочу жана калибрлөөчү кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- импортер өлкөлөрдө продукцияга карата колдонуудагы эл аралык стандарттар, техникалык талаптар жөнүндө актуалдаштырылган маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
- шайкештикти баалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата ишеним даражасын жогорулатуу.
9. Финансы ресурстары жана булактар
Ушул Концепциянын алкактарында иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдарга жана мекемелерге каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу процессинде техникалык көмөктөшүүнүн алкактарында каралган Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын гранттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Ушул Концепциянын коюлган милдеттерин натыйжалуу чечүү үчүн эл аралык өнүктүрүү агенттиктерин жана донорлорду тартуу менен ресурстарды мобилизациялоо керек.
10. Мониторинг жана баалоо
Ушул Концепцияны практика жүзүндө ишке ашыруу максатында конкреттүү чаралардын, жооптуу аткаруучулардын жана алардын аткарылышын караштырган Иш-чаралар планы иштелип чыгат жана бекитилет. Иш-чаралар планын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкактарында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу макулдашуулардын алкактарында каралган каражаттардын, донордук каражаттардын эсебинен, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдын ишин жүзөгө ашыруу үчүн бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин эсебинен жүзөгө ашырылат.
Ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча конкреттүү чаралардын аткарылышына дайыма мониторинг жүргүзүү жана баалоо анын ишке ашырылыш прогрессин байкоого алуунун натыйжалуу куралы болуп калат, алар төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- ушул Концепциянын артыкчылыктарын илгерилетүү процессине оңдоолорду киргизүү боюнча уюштуруучу чечимдерди кабыл алууга;
- өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө алардын таасирин баалоого. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Концепциянын жана Иш-чаралардын планынын ишке ашырылыш процессине дайыма мониторинг, талдоо жүргүзүлүп турат жана алардын негизинде тийиштүү сунуштар киргизилип турат.
Алынган натыйжалардын негизинде аларды ишке ашыруунун, ресурстарды кайрадан бөлүштүрүүнүн жана алардын оптималдуу пайдаланылышынын, донордук коом менен күчтөрдү координациялоону жакшыртуунун жана бизнес-коомчулуктун күтүүлөрүн кыйла толук канааттандыруунун андан аркы кадамдары менен альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрүн тандоо боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынат.
Кыскартуулардын тизмеси
СУИ | - | Сапаттын улуттук инфраструктурасы |
СФС | - | Санитардык жана фитосанитардык чаралар |
ХАССП |
| ХАССП (англ. Hazard Analysis and Critical Control Points (HACCP) - коркунучтарды талдоо жана критикалык контролдук чекиттер) - продукциянын коопсуздугуна олуттуу таасир этүүчү, системалык идентификациялоо, баалоо жана коркунучтуу факторлорду башкарууну караган концепция |
ДСУ | - | Дүйнөлүк соода уюму |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
КМШ | - | Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги |
ЕврАзЭК | - | Евразиялык экономикалык коомчулугу |
ЕЭК | - | Евразия экономикалык комиссиясы |
ЭАК | - | Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеш |
КР ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ГОСТ | - | Мамлекеттер аралык стандарт |
ГОСТ Р | - | Россия Федерациясынын Улуттук стандарты |
КМС | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарты |
ISO | - | Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм |
IEC | - | Эл аралык электротехникалык комиссиясы |
МЭБ | - | Эл аралык эпизоотиялык бюро |
МОЗМ | - | Метрология боюнча мыйзам чыгаруучу эл аралык уюм |
ILAC | - | Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык кызматташтык |
КАБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитация борбору |
СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору |
IAF | - | Аккредитация боюнча эл аралык форум |
ИСО/МЭК 17020 | - | "Сыноо жана калибрлөөчү лабораторияларынын компетенциясына жалпы талаптар" мамлекеттер аралык стандарты |
ИСО/МЭК 17011 | - | "Шайкештикти баалоо. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредиттөөчү, аккредитациялоо боюнча органдарга жалпы талаптар" мамлекеттер аралык стандарты |
ВОЗ | - | Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму |
ФАО | - | Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл чарба уюму. |