Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 351
"2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен курулган жеке турак үйлөрү бар болгон жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары О.Ч.Текебаев, А.Т.Мамашева, Н.В.Никитенко, Б.К.Сулайманов, С.К.Нышанов, А.Н.Шыкмаматов, А.Н.Салянова, К.К.Иманалиев, С.Шер-Нияз жана Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен курулган жеке турак үйлөрү бар болгон жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 351 токтому менен жактырылган |
"2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен курулган жеке турак үйлөрү бар болгон жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары О.Ч.Текебаев, А.Т.Мамашева, Н.В.Никитенко, Б.К.Сулайманов, С.К.Нышанов, А.Н.Шыкмаматов, А.Н.Салянова, К.К.Иманалиев, С.Шер-Нияз жана Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен курулган жеке турак үйлөрү бар болгон жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Сунушталган мыйзамдын долбоору Бишкек жана Ош шаарынын аймагында 2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен жеке турак үйлөрү курулган жер участокторун мыйзамдаштыруу боюнча мамлекет тарабынан бир жолку акцияны жүргүзүү маселесин жөнгө салууга багытталган, ошондой эле укуктук негиздерди, мыйзамдаштыруу жана алардын кол тийбестигинин мамлекеттик кепилдиктерин берүү тартибин белгилейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен "бир жолку акция" деген түшүнүк каралган эмес, ошондуктан аны практикада так колдонуу максатында каралып жаткан мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн түшүнүктү ачып, так аныктама берүү зарыл экендигин белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында курулуштун жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөтүн (2012-жылдын 3-августуна чейин) аныктоонун себептери жана критерийлери аргументтелген маалымат жок.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде чагылдырылган түшүнүктөр аппаратына ылайык жер участокторун мыйзамдаштыруу - бул мыйзамдаштыруунун объектисине мыйзамдуу статусту ыйгаруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жеке жактардын биргелешкен аракеттери дегенди түшүндүрөт.
Мында, мыйзамдаштыруунун объектиси болуп Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участоктору саналат.
Ошону менен бирге, сунушталган редакцияда кайсы мыйзамдуу статус жөнүндө сөз болуп жаткандыгы түшүнүксүз. Мында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогуна укук берүү - мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги жер участогун жеке жана юридикалык жактардын менчигине же пайдалануусуна ыйгарым укуктуу орган тарабынан берүү дегенди түшүндүрөт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык шаардын чектеринде муниципалдык менчиктеги жерлерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башкарып, тескей тургандыгына көңүлүңөрдү бурабыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык легалдаштыруунун субъекттери 2012-жылдын 3-августуна чейин жасаган укук бузуулар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 454-беренесинде (объекттерди мыйзамсыз куруу жана кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү) каралган жоопкерчиликтен бошотулат.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 3-беренесине ылайык администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдар мыйзамдуулуктун, жарандардын мыйзам алдындагы тең укуктуулугунун, демократиянын, гумандуулуктун, адилеттүүлүктүн, жеке жоопкерчиликтин жана жасалган администрациялык укук бузуулар үчүн жазанын шексиздигинин принциптерине негизделет.
Ушуну менен бирге, мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатына ылайык жеке турак үйлөрдүн көпчүлүгү жарандар тарабынан 2005-жылдан тартып өз билемдик менен басып алынгандан кийин мыйзамсыз курулган деп көрсөтүлгөн, бул долбоордун жөнгө салуу предмети болуп биринчи кезекте жерлерди өз билемдик менен ээлеп алуу саналат, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172-1-беренеси менен жазык жоопкерчилиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 105-беренесине ылайык административдик жоопкерчилик каралгандыгына көңүлүңөрдү бурабыз.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 254-1-беренесине ылайык, өзү билип курулуш курган адам ага менчик укугуна ээ болбойт, ошондой эле курулушту тескөөгө укуксуз экендигин белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоору менен сунушталган ченем жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама каршы келүүдө.
Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ченемдик укуктук актылардын иерархиясын эске алуу менен, Кодекс Мыйзамга караганда кыйла жогору күчкө ээ экендигин белгилейбиз, жогоруда аталган Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук акт өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керек.
Ушуга байланыштуу биздин пикир боюнча аталган мыйзамдын долбоору коомдогу пайда болгон социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна, мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен качуу жана мыйзамдарды кайрадан бузуу үчүн негиз түзүп бериши мүмкүн.
4. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы боюнча жарандыкты тастыктаган кайсы башка документ жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тактоону сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды алуу үчүн муниципалдык менчикте турган жер участокторду жоготкондугу үчүн компенсациялоонун шарттарына мыйзамдаштыруунун субъектисинин макулдугун алуу зарыл.
Ушуну менен бирге мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2-пунктунда жогоруда аталган укуктардын тизмеги каралган эместигине көңүлүңөрдү бурабыз: жер участокторун мыйзамдаштыруу шарттарынын бирин регламенттейт, ага ылайык мыйзамдаштыруу субъектинин менчигинде Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башка кыймылсыз мүлк бар болсо мыйзамдаштыруунун объектин менчикке берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт деп белгиленген.
6. Мыйзамдын долбоорунун 7, 8 жана 9-беренелери боюнча документтерди даярдоо маселелери, Комиссиянын ишинин тартиби тиешелүү мыйзам алдындагы актылар менен регламенттелиши керек экендигин белгилейбиз.
7. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 2-бөлүгүндө Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан 9 мүчөдөн турган Комиссиялар түзүлөт деп көрсөтүлгөн. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайсы өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлөөрү түшүнүксүз.
8. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын төмөнкүлөр түзөт:
1) жергиликтүү кеңештер - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;
2) айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары.
Ушуга байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген айрым ченемдерди: муниципалдык менчикте турган жер участокторун жоготкондугу үчүн компенсациялоонун наркын эсептөө функциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кайсы органынын компетенциясына кире тургандыгын тактоо зарыл.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программанын 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдү накталай эмес түрдө жүргүзүү боюнча төлөм системасынын инфраструктураларын кеңейтүүгө коммерциялык банктарга көмөктөшүү тапшырмасы берилген. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "накталай же" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
10. Жалпысынан алганда Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин жоболору коррупциялык мүнөздү алып жүрө тургандыгын белгилейбиз, анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алар тарабынан түзүлгөн Комиссияларга муниципалдык менчикте турган жер участокторунун жоголгондугу үчүн компенсациянын эрежесин, ошондой эле төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн жана формасын өз алдынча белгилөөнү аныктоо укугу берилүүдө.
11. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10-беренесинде Кыргыз Республикасынын жер фондунун категорияларынын тизмеги аныкталган, атап айтканда: өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер; өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери; токой фондусунун жерлери; суу фондусунун жерлери; сактоодогу жерлер; пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери.
Ушуну менен бирге, жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөртүлгөн учурда жерлерди которуу (трансформациялоо) чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жерлер бир категориядан башкасына которулушу керек.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен айдоо сугат жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилген.
12. Негиздеме-маалымкатка ылайык мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Бирок "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жер участокторун бөлүү жана жекече турак үйлөрдү жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген калктуу конуштардын башкы пландарына, деталдык пландаштыруу долбоорлоруна, курулуш долбоорлоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
Башкача айтканда мурда бош жаткан муниципалдык жер участокторуна өз билемдик менен үйлөр курулуп калгандыгына байланыштуу көптөгөн жеке турак үйлөр Бишкек жана Ош шаарларынын генералдык пландарынын талаптарын бузуу менен курулган. Демек, өз билемдик менен басып алынган жерлер мыйзамдаштырылгандан кийин аталган шаар куруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болот, бул өз кезегинде кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүүнү талап кылат.
Анын үстүнө, өз билемдик менен басып алынган жер участокторунда турган жарандардын жашоосун, ден соолугун коргоого жана сактоого ажырагыс укуктарын, жалпы билим берүү мекемелеринде акысыз билим алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген башка укуктарын ишке ашыруу максатында социалдык инфраструктуранын объекттерин куруу жана тейлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттар талап кылынат.
Ошентип, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкаты каржылоо булактары жөнүндө маалыматты өзүнө камтышы керек. Ошол эле мезгилде "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жогоруда аталган иш-чараларга финансы каражаттары каралган эместигин белгилөө зарыл.
13. Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы жер участокторуна жеке турак үйлөрдү куруу, бул жерлерди калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдерин чыгарбастан жүргүзүлгөндүгүн белгилөө керек, бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат.
Буга жараша, аймакта курулуш жүргүзүү жөнүндө шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жерлерди бир категориядан башкасына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
Ушуга байланыштуу, жер участокторуна өз билемдик менен жеке турак үйлөрдү курган жактардын аракеттери мыйзамсыз болуп саналат, анткени Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 120-беренеси менен кызмат адамдары, жер участокторунун ээлери жана жерди пайдалануучулар жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык, администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылаары каралган.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен жер мыйзамдарын бузган жактардын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе ачык бойдон калууда.
14. Мындан тышкары, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл үчүн бөтөнчө баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы укуктук ченемдер белгиленген.
Мыйзам бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатында алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 32-беренесине ылайык суу каптап кетишине же ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү курулуш, жол жумуштарын же дың жерлерди өздөштүрүүнү, карьерлерди иштетүүнү же плотиналарды тургузууну жүргүзгөн уюмдар инженердик-издөө жумуштарынын стадиясында жана жерди которууда (трансформациялоодо) ажыратылган аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөө жүргүзүүгө милдеттүү.
Археологиялык изилдөө жөнүндө корутунду маданият жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга жатат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен сунушталган мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну максатка ылайык деп эсептейт.