Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 349
"Мамлекеттик турак жайлык ипотекалык кредит берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Жамангулов демилгелеген "Мамлекеттик турак жайлык ипотекалык кредит берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 349 токтому менен жактырылды |
"Мамлекеттик турак жайлык ипотекалык кредит берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Жамангулов демилгелеген "Мамлекеттик турак жайлык ипотекалык кредит берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду чыгарды.
Ипотекалык турак жайлык кредиттөө системасын түзүү - мамлекеттик турак жай саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири.
Ипотекалык турак жайлык кредиттөө системасын калыптандырууда мамлекеттин негизги милдети болуп катышуучулардын финансылык тобокелдиктерин төмөндөтүү жана жарандар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында мыйзамдык базаны түзүү жана процессти ченемдик жөнгө салуу эсептелет.
Турак жайды каржылоодо ипотекалык турак жайлык кредиттөөнүн ордун жана ролун аныктаган, ошондой эле ушул чөйрөнү түзүүдө жана өнүктүрүүдө мамлекеттин стратегиясын белгилеген мыйзам мамлекеттик ипотекалык кредиттөөнү мындан ары өнүктүрүү жана анын бардык катышуучуларын толугу менен камтуу максатында мамлекеттик ипотекалык кредиттөө чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салуучу негизги концептуалдык документ катары керек.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоору боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз:
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ипотекалык турак жайлык кредиттөөгө мамлекеттик колдоо көрсөтөрү каралганын эске алып, Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-бөлүгүндө мамлекеттик ипотекалык турак жайлык кредиттөө программасына катышуучу жарандарды тандоо жана тизмесин түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлгөнүнө байланыштуу Мыйзам долбоордун 7-беренесин жана 6-беренесинин 2 жана 1-бөлүктөрүн алып салууну максатка ылайык деп эсептейбиз. Мында белгилеп кетчү нерсе, мамлекеттик ипотекалык турак жайлык кредиттөө программасын ишке ашыруунун шарттары, анын ичинде пайыздык ставкалардын өлчөмү, алгачкы төгүм жана ипотекалык кредиттөөнүн мөөнөттөрү өлкөдөгү экономикалык кырдаалга, республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана мамлекеттик турак жайлык ипотекалык кредит берүү программасынын катышуучуларынын финансылык абалына жараша өзгөрүшү мүмкүн. Эреже катары, аталган шарттар, катышуучуларга коюлган талаптар, алардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планында коюлат, алар жалпы өлкөдөгү экономикалык кырдаалга, рыноктун конъюнктурасына жараша өзгөрүлүп турат.
2. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинде ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставканын өлчөмү жылдык 10% көп эмес белгиленүүдө, ошондой эле пайыздык ставканы субсидиялоо же алгачкы төгүм үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республикалык бюджеттен 1 млрд. сомдон кем эмес каражаттарды ар жыл сайын бөлүп берүүсү сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын алкагында, Кыргыз Республикасында ипотекалык кредит берүү механизминин толук кандуу иштөөсүн камсыздоо, ошондой эле ипотекалык кредит берүү аркылуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин, аскер кызматчыларын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди турак жай менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 499 токтому менен "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - "МИК" ААК) түзүлгөн.
Азыркы мезгилде республикалык бюджеттен "МИК" ААК ишинин алкагында жеңилдетилген ипотекалык кредиттөөнү каржылоого кыйла финансылык ресурстар бөлүнүүдө.
Алсак, 2015-жылы "МИК" ААКка 10,0 млн. сом, 2016-жылы - 300,0 млн. сом бөлүп берилген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-мартындагы № 95-б буйругуна ылайык "МИК" ААКтын толук иштеши үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында 2016-жылдын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана аларды чет өлкөлүк валютада жайгаштыруу жолу менен 3,7 млрд. сом өлчөмүндөгү финансы каражаттарынын түшүүсү каралды.
Бюджеттик ресурстардын чектелүүсүнөн жана 2016-жылга 22,5 млрд. сом өлчөмүндө бекитилген бюджеттин кыйла дефицитинен улам, ушул иш-чараларды каржылоо үчүн жогоруда аталгандан тышкары кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүп берүү бюджетке кыйла кошумча жүк келтирет, бул талаптуу бюджеттик үнөмдөө шартында такыр туура келбейт.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен субсидиялоону караштырган Мыйзамдын долбоорунун ченемин алып салууну сунуштайбыз.
3. Мамлекеттик ипотекалык кредиттөө чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда бирдиктүү терминологияны камсыз кылуу жана ушул ченемдик укуктук актыларды талаптагыдай колдонуу максатында Мыйзамдын долбоорунда "арзан турак жай" түшүнүгүнө аныктама берүүнү сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесине ылайык ушул Мыйзамдын долбоору жарандарды арзан турак жай менен камсыздоо чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат, ага жарандар, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, банктар, жеке ишкерлер, ошондой эле башка юридикалык жактар катышкандыктан, мыйзамдын долбоорунда жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо чөйрөсүнүн катышуучуларынын аракеттенүү тартибин көрсөтүүнү сунуштайбыз.
5. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу механизмдерин аныктаган ченемдер менен толуктоону, же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аларды аныктоо боюнча ыйгарым укуктарын кароону сунуштайбыз.
Алсак, Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө максаттарга жетишүү үчүн бир катар маселелерди белгилөө сунушталууда. Мында Мыйзамдын долбоорунда алардын жардамы менен ушул милдеттерди чечүүгө мүмкүн болгон ченемдик негиздер жок. Мисалы, Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык милдеттердин бири болуп жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууда мамлекеттик колдоонун моделдерин иштеп чыгуу саналат. Бирок, мыйзам долбоорунда мамлекеттик колдоонун моделдери каралган эмес. Мисал катары турак жай чөйрөсүндө кыймылсыз мүлк рыногунда банктардын ишин кеңейтүү боюнча милдетти алсак болот, анын ичинде ипотекалык кредиттерди берүү, аларды тейлөө, каржылоо жана кайра каржылоо.
6. Мыйзамдардын аталыштары өзгөрүп жаткандыгын эске алуу менен, Мыйзам долбоорунун 8-беренесинде айтылып кеткен "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аталышын жалпыланган - "мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген атоого алмаштырууну сунуштайбыз.
Жогоруда айтылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Мамлекеттик турак жайлык ипотекалык кредит берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жогоруда айтылган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну максатка ылайык деп эсептейт.